Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

Эң алгач мурунку бийликтер сыяктуу кытмырлык кылбай, нукура кесипкөй жана ар бир аймактын деңгээлинде айырмалуу акыл калчаган жана кадыр-барктуу адамдардын, чет өлкөдө жашап, ишинен ийгилик тапкан кыргыз жарандарынын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз элинин Улуу Курултайын чакыруу. Ошол курултайда эң алгачкы маселелер болгон: улуттук каада-салт, рухий байлык жана маданият, илим иштери боюнча кеңештерди түзүп алуу... Андан кийин гана экономикалык, саясий маселелер боюнча кеңештерди түзүү керек. Саны жана сапаты боюнча ал кеңештердин ар бири аймакта элдин талкуусунан өтүшү шарт. Албетте, элдик демилге - идиректүү жана жөндөмдүүлөр жөнүндө айтылат. Бул кеңештердин максаты - өлкө башчыга - президентке ар бир тармак боюнча жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу, ошондой эле саясий маселелерди да чечүүгө кеңеш берүү укугуна ээ болуусу зарыл. Буга мисал Орусияны алалы, Путиндин жаңылышпай иш алып барышына мына ошол тармактык маселелер боюнча кеңештердин багыт берип жатканына баарыбыз эле күбө болуп жатабыз. Мурунку президенттер туура кеңешти уга алышпагандыгынан коомдук мүлктү "кан таламай" кылууга жол беришти да ошол байыган адамдардын алигүнчө бийлик талашуусуна жол ачышты. Кумтөр, тамеки тармагы, айыл чарбасы, өндүрүш чет элдик атайын ойлонулган схемалар менен талкаланышына жол берилди. Бул азыркы Украинадан ачык көрүнгөн окуялардын бир түрү эле. Азыркы учурда деле алсыз кеңешчилердин айынан президентибиздин жаңылыштуу кадамдарына күбө болдук. Алар Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз жана ылдам бошотулушу, Кумтөр маселесинин толук чечилбей жатышы, ар түрдүү элдик нааразычылыктар, жол тосуулар, ошондой эле жылжыма коррупциялык иш-аракеттердин тыйылбай жатышы жана дагы бир топ экономикалык маселелер болуп эсептелинет.

Качан гана ар бир орчундуу тармактар боюнча кеңештер түзүлгөндөн кийин ар бир конкреттүү тармакты реформалоого киришүү зарылдыгы келип чыгат. Алар:

1. Эң алгачкы маселе - бул сот жана укук коргоо тармагынын реформасын люстративдик ыкмалар менен ишке ашыруу (Укук иштери боюнча кеңеш);

2.Саясий маселелер боюнча кеңешти түзүү;

3.Экономикалык маселелер боюнча кеңешти түзүү.

Сот системасын азыркы учурдагы курамынан тандалган гана судьяларды калтыруу менен кыска аралыктын ичинде толук жана таза системаны түзүүгө жетишүү керек. Прокуратура, Ички иштер министрлигине, Салык, Финполицияга тармактык кеңештердин катышуусу менен таза, иштерман тажрыйбалуу гана жетекчилердин келишин камсыз кылуу (албетте, азыркыдай партиялардын өз ара бөлүшүп алуусу эмес!). Укук коргоо системасында совет доорунан бери келе жаткан үй-бүлөлүк, кландык жана протекциялык жол менен түзүлүп калган жагдайды жоюу менен сынактык жана атайын уюм же квалификациялуу комиссиялардын сунушу менен кызматка дайындоону киргизүүнү камсыздоо керек. Генералдын баласы генерал, министрдин баласы министр боло алат деген династиялык кызмат ээлөө токтотулушу керек. Азыркы Генералдык прокуратура менен Ички иштер министрлигинде, ГКНБ, АКС кызматтарында бир дагы сырттан келген жөнөкөй кыргыздын баласы жок, себеби протекциялык байланыш, тууган-урук менен келген кадрлар баары бир жалпы элдин кызыкчылыгынан өзүлөрүнүн тааныш-билиштик жана кландык мамилелерин өйдө коёру талашсыз маселе болуп калды. Себеби, мындай көрүнүштөр (азыркы учурдагыдай) коррупциянын жана протекциянын бийликтин ашмалтайы чыккан акыбалына алып келип, чырмалышкан кыргызчылыктын калыстыгы жок коомуна айланышын камсыз кылат. Жогорку кызматтарга чет өлкөдөгү өз аракети жана акылы менен ири ишканаларды башкарууга жетише алгандарды жана ошондой эле ишинин жыйынтыгы менен гана ийгиликке жетише алгандарды кызматка коюуну ишке киргизүү керек. Жана ошондой эле партиялык кызыкчылыкты саясий өнөктүктүн коррупцияланашып кетүүсүн таптакыр жоюу керек. Министрлерден баштап, ортоңку жана материалдык ресурстардын кожоюндугуна чейин ачыктан ачык эле бөлүшүп алууну токтотуу керек. Мамлекеттик кызматтар дагы тармактык кеңештердин талдоосунан өтүшү зарыл нерсе. Муну Бакиевдин койгон кадрларынан кыргыз эли деле түшүнүп бүткүдөй болгон эле. Бирок ал "Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок" деген кыргыздын кылымдар бою айтылып келе жаткан түшүнүгүнө карама каршы келет. Ошондой эле кызматкерлерди резервдик даярдоо жана акырындык менен тажрыйба алуусуна жана ар бир министрликтеги кызматтан жогорулоо - иштермандыгы жана колу тазалыгына карата дайындалуусун камсыз кылуучу принциптер иштелип чыгуусу зарыл. Келерки бийликте кызмат абалынан одоно пайдаланган жана айлык менен жашап жүрүп эле ыксыз байыган атка минерлерди таптакыр жолотпоо, ар түрдүү гезит беттеринде алар тууралуу жазылган материалдар боюнча актыгын сот аркылуу далилдей албаган чиновниктерди кызматтан бошотуу принциптери да киргизилиши зарыл чараларга кирет.

Ал эми сотторду болсо "коон-дарбызды" тандагандай кылып бурмалабай, сынактык негизде илимий программа жана коомчулуктун далилдүү фактыларына гана таянып баалоо дурус болмок... Сотторду баалоо комиссияларынын ичине жарандык коомдордун атайын билимдүү жана иш -тажрыйбалуу өкүлдөрүнүн кирүүсү зарыл иш болуп эсептелинет. Негизинен жарандардын тагдыры чечилип жаткан жерде коомчулуктун өкүлчүлүгүн кошпой "тандоо" баягы эле коррупциялык жүрүштөрдүн бири болуп эсептелинип кала берет. Партиялык-фракциялык кызыкчылыктан жалпы элдин жарандык укугу жогору туруусу керек. Укуктук маселелер боюнча ар дайым эле түрмөгө камап репрессиялоо кыргыздын укуктук аң-сезимине деле ар дайым төп келе бербейт. Мисалы, илгери кыргыздар бир торпок уурдаганды айыбына дагы бирди кошуп, экини төлөтүп эле аны жазасыз айыпка жыгып, боштондукта эле калтыруу принциби болгон. Ал түгүл айрым учурда байкабастыктан адам өлтүрүп алганы далилденсе кунун төлөтүп, аны ээсиз калган үй-бүлөнүн турмуш шартына көз салууга милдеттендирип коюшкан.

Азыркы абалда уурулук жана паракорлукка баргандардын баарын камакка алуу керек болсо, анда мурунку бийликтен эч кимиси калбай темир тордун артында калат. Анда кандай кылуу керек? Кадимки кыргыздын улуттук аң-сезимине сиңген "айыпка жыгуу", декларациясына тыкыр текшерүү жүргүзүп, алганынын далилденген бөлүгүн кайрадан казынага төгүү менен аларды камабай деле койсо болмок. Ал эми өтө эле кыянаттык менен жерди саткан, жетим-жесирдин үлүшүн жегендер, мамлекетке жана элге чоң зыянкечтик кылгандар гана абакта күн өткөрүшү керек го деген ой улуттук укуктук аң-сезимдин негизинде эске келет. Мисалы, Түлеев, Эсенаманов жана Келдибековдорго азыр ушул кыргыздын байыркы укуктук беренелери колдонулса, алар ойлонбой туруп макул болмок. Чет элде качып жүргөндөрдүн көпчүлүгү, Балкыбеков, Кыдыков, Сулайманов да кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алмак. Бул бир жагынан кыргыздын салттуу гумандуулугу, экинчи жагынан мыйзамдуу түрдө уурулук үчүн айыпка жыгылышкан болор эле. Аларды орус мүнөздүү мыйзам менен камап жиберүү бир караганда мыйзамдуу көрүнүш болгону менен, экинчи жагынан аймактар арасындагы ажырымды пайда кылат. Анткени кыргыз элинин тууганчыл-менталитети орус мыйзамына анчалык деле дал келе бербейт.

Кыргыз жаманын да кыйынчылыкта жерге таштабагандыгы менен башка элдерден айрымаланып турат. Ошондуктан дүйнөдөн өткөнүнө кандай адам болбосун топурак салууну милдет деп эсептеп, кыйналган жек жаатына кандай иш кылбасын колдоо көрсөтөт. Бул иш-чаралар системалуу түрдө тармактар боюнча түзүлгөн кеңештердин жардамы менен ишке ашырылуусу керек. Ал үчүн эң алгачкы кадам болуп мурунку бийликте жыдыган чиновниктердин бирин калтырбай иштен четтетүү болуу керек! Ансыз "улуттук кайра жаралууну" ишке ашырууга мүмкүн эмес.

Улуу философтордун айтуусу боюнча президенттин өтө деле акылдуу болушу да шарт эмес экен. Анткени ал элден бир кадам эле алдыда болсо, кеңешчилерин туура пайдалана алса гана толук мамлекетти башкарып кетүүгө мүмкүн экен. Бирок кеңешчилери гана кесипкөй жана акыл калчаган адамдар болушу шарт тура...

Ошондуктан мага элге кайрылуу укугу берилсе, ушул ойлорду айтып, аларды дагы жалпы ынтымактуу жана абийирдүү бийлик түзүү үчүн жапа тырмак аракет кылып, бир пикирге келели демекмин. Ошол эле учурда батыштын демократия деген түшүнүгүн - ээн ооздук, акылың жетпесе деле айта берүү дегенден алыс болуш керектигин айта кетмекмин. Жөнү жок чурулдашпай, өзүбүздүн кылган ишибиздин жыйынтыгын эстен чыгарбай (мен эмнени кыйратканым үчүн кыйкырып жатам), анан кийин гана күпүлдөсөк туура болчудай экендигин эстен чыгарбасак... "Асыл таштан, акыл жаштанды" унутпайлы, оозунда сөзү барды, акыл калчаган кесипкөйлөрдү тандап жана ошолорду көбүрөөк угууга чакырып кетет элем. Азыркы ажобуздун алгачкы кадамдары да ушул жогорудагы ойлордун аткарылышы менен башталса, ал үчүн чечкиндүүлүк жана эл менен акылдашылган кеңештердин жыйынтык ою пайдаланышы кажет эле. Эң негизгиси эл башылыкка туура жолду тандай билген жаран турса гана иш оңолот.

Блогдун автору: Ахунбай Кошой

HAN-PLAST жана "ОЗКЕНТ" ишканаларынын негиздөөчүсү, ЭЭАтын инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу мүдүрү, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG