Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Жаз… Жаратылыш эбак эле кыштын каарынан кутулуп, мемиреп гана жашыл чапан кийинип жаткан кези. Айланада кээде гана суук шамал менен жамгыр жааганы болбосо, аба ырайы жылуу тартып калган эле.

Бирок ал күнү жамгыр бөтөнчө бир сулуулук менен жаап жатты, кымындай жел да жок.

Лекциябыз болсо эрте бүттү. Группалаш балдардын “футбол мелдешине барабыз” дегенине болбой түз эле үйгө кетүүгө камындым. Эмнегедир бир нерсе көрчүдөй, бир нерсе укчудай болуп сыртка чыгууга ашыгып жаттым. Мына университеттен чыктым. Эмне деген керемет!

Сыртта буга чейин эч көрбөгөн жамгыр жаап жатыптыр. Балким бул жамгыр башкалар үчүн кадимкидей эле көрүнсө, мага өзгөчө бир керемет жамгырдай сезилди. Айланамды карасам, университеттен чыккандардын баары эле көңүлсүз жүз менен асманга, эки жакка карап, жамгырга нааразы болгондой шака-шук кол чатырларын чыгарып, өз жолдору менен кетип жатышат. Кол чатырлары жоктор колдорунда эмне көтөрүп жүрүшсө ошолору менен баштарын калкалап, шашкан боюнча аялдамага карай чуркашууда. “Эй, адамдар, жаандан неге качып жатасыңар, кайда шашасыңар? Андан көрө бул кереметке суктансаңар!” деп кыйкыргым келди, жамгырдын сулуулугун башкалар менен бөлүшкүм келди. Бирок эч ким мени укпачудай, бардыгы кадамдарын ылдамдатып, алга чуркашат. Ошентип жамгыр, бул жамгырга калган адамдар мени түпсүз ойго киргизе баштады.

А мен болсо бул түпсүз ойдон качкым келбеди, бир аз айланага көз жүгүртүп, жамгырга карабай жайбаракат троллейбус токтоочу аялдамага жөнөдүм. Жаанга калганымда папкам менен калкаланып алчу жаным аны да кылбай, тек гана ич дүйнөм менен сүйлөшүүгө кириштим.

Жамгыр чакадан куюлгансып, жумшак, жылуу күү менен жааганын улантып жатты. Кийимим суу болгонуна карабай, ар бир тамчы тамган сайын ичиркенүүнүн ордуна көңүлүм көтөрүлүп, ички дүйнөм жеңилдеп жатты. Буга чейин көкүрөктө топтолгон буктарды ушул жамгыр жууп, чыгарып жаткандай сезилди. Бул сырдуу жамгыр мени өзгөчө дүйнөгө жетелеп жатты.

Мына аялдамага да жетип калдым. Жамгыр алдында жайбаракат келе жатканымды көргөн аялдамадагы адамдардын кээ бири мени таң калгансып карашса, кээ бирлери акылсыз адам дегенчелик кылып, сын көз менен карап жатышты. Ал эми мен болсом дагы эле көөдөнүмдө кайдан жайдан пайда болгон кайгы, кубаныч менен алекмин, башка адамдардын көз караштарына да кайылмын. Ошол маалда дүйнө жөнүндө, анын жалгандыгы жөнүндө ойлонуп, ушул жалган дүйнөдөн канат кагып учуп кетким келип жатты…

Аялдамага жакындаган сайын адамдардын таң калган көздөрүнө мен да таң кала карайм, ойлоном… “Эх, адамзат! Биз театрда роль ойногон актерлор өңдүү эртеңибиздин кандай болорун билбестен тагдырдын башыбызга салган татаал жолдору менен кете берет экенбиз да… Күнүмдүк турмуш, күнүмдүк маселелер менен алаксып отуруп, бул жашоодон өтүп кетет турбайбызбы. Эх-эх-эх! Мен азыр шашпай гана басып баратам, бирок ар бир таштаган кадам, ар бир өткөн секунд сайын карылыкка жакындоодомун. Өмүр сааты чыкылдап гана алга жылууда. Кызык, ал эми ушул өмүр саатынын чыкылдаганы кулагыбызга угулуп турса кандай жашамакпыз” дегиче болбой аялдамага жетип калдым. Троллейбус келгиче аялдамадагы орундукка отуруп, айланама көз чаптырдым.

Карасам, жанымда бир орус кемпир жамгырдуу күнгө наалат айткансып, кымтыланып, шүмүрөйүп отурат. Анын жанында бир жигит менен бир кыз кучакташып, бири-бирине назик сөздөрдү айтып турушат. Алар бүгүнкү жамгырга кубанып, бирде аялдаманын чатырынын астынан жамгыр алдына чыгып, жаанга беттерин тосушса, бирде кайра чатыр астына чуркап киришет. Кемпир менен эки жаштын жамгырга болгон мамилелеринин айырмасы асман менен жердей. “Эх! Бул жашоонун карасы да, агы да болот турбайбы. Бири ыйласа, бири күлөт; бири өлсө, бири туулат экен. Карачы, бул жамгыр бирөө үчүн кайгы, бирөө үчүн кубаныч. Эх, Чиркин дүйнө!»

Ошентип бир нече көз ирмемче айланамдагы көрүнүштөргө сыналгыдан көргөндөй баа берип, адамзат өмүрүн сындап жаттым. Ушул маалда аялдамадагы адамдардын арасында мен ойлогонду ойлогон, мен байкаганды байкаган адам бар экенин сездим. Ал кыз мага окшоп эки жагын каранып, бирде күлүмсүрөп, бирде кайгырып жаткансыды. Бул күнкү жамгыр ага да таасир бергенин билдим. Эмнегедир ал менен бүгүнкү ойлорумду бөлүшкүм келди. Ага болбой троллейбус да келди, эрксизден ичине кирдим, терезе тушка отурдум. Мына, троллейбус жыла баштады. Так ушул убакта кыз мага карады, мен ага… Ал кыз жакын адамын көргөндөй мага жылмайды, мен да ага эрксизден жылмайдым. Жылмайдым да, баягы учу-кыйыры жок чексиз ойлорго кайрадан чөмүлдүм.

Кубат Асан

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG