Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18
Башымды жерге салган адатым менен эч жакты карабай, берилип ойлонуп бараткам. Аңгыча маңдайыман өзүм курактуу эле бир жигит чыга калып, жолумду тороп калса болобу. Чочуп кетсем, жылмая саламдашып, “таксыр, беш мүнөтүңүздү бөлө аласызбы? Намазканага кирип, таалим уга кетпейсизби?”, - деп калды.

Айланасын “особняк” үйлөр курчап, жалгызсыраган намазкана эчак эскилиги жеткен, жамгырдан улам акталган дубалдарынын ырайы кеткен, ремонтко суусап турган кичинекей гана үй экен. Анын намаз окуучу жай экенин көрсөткөн жалгыз белги - жыгылайын деп калган жыгач дарбазага кадалган, үстүндө кара боёк менен НАМАЗКАНА деп жазылган такта эле.

Буга чейин сакалчан, селдечен, салбыраган көйнөкчөн адамдар эки ирээт жолумду тороп, ары жак-бери жагыма чыгып, ушул намазканага кирип кетүүмдү өтүнгөнү бар. Анда эмнегедир таптакыр киргим келбей, шашып жатам деп кетип калгам. Бул жолу кадыресе эле жаштардай кийинип, ийиле салам берген баладан баш тарта алган жокмун...

***

Дарбазаны аттарым менен эле ичкериден кара күрмөчөн дагы бир жигит чыга келип, канча мүнөткө келгенимди сурады. Мен беш-он мүнөт дедим. Алгач бирин-серин өтүктөр турган бут чечкен бөлмөсүнө киргенибизде орто жашап калган адам кичинекей мешке чырылдатып бир нерсе кууруп жатыптыр. Ага салам берип, андан аркы бөлмөгө кадам таштадык.

Шыбы жапыз, полуна палас, кээ бир жерине көрпөчө салынган бөлмөдөн ным, көк аралашкан жыт мурунга урду. Көптөн бери акиташ көрө элек дубалдарда арабча сөздөр, намаз убактысын көрсөткөн календарлар илинген экен. Терезесин мага белгисиз кездеме менен бүтөп коюшуптур. Андыктан лампочка деле оңчулуктуу жарык бербей, сырттан жаңы кирген адамга бөлмө күңүрт тарткансып турду. Үйдүн ичи жарытаарлык жылуу болбогондуктан, терезенин жанында бир адам буу-жылыткычты кармап, жылынып отуруптур. Жанында бир жигит атайын тактага коюлган диний китепти үнүн чыгарып окуп жатса, дагы бирөө аны угуп жаткансып жаагын таянып, жамбаштап жатып алган экен.

Көп киши кирип чыккандыктанбы, айтор, алар менен саламдашканым менен мага өзгөчө деле көңүл бурушкан жок. Кара күрмөчөн жигит алардын жанынан жай ал дегендей ишаара кылгандыктан, бутумду бүгүп отуруп, китеп окуп жаткан жигитти уга баштадым. Чынын айтсам түшүнө албай отурдум.

Жигит башкалар түшүнүп жатабы деп этибар албастан, жөн гана үнүн чыгарыш үчүн окуп жаткандай сезилди. Китептин мазмуну кыргызча эле, болгону жигит барактаган сайын арабча бир сөздү айтып жатты. Мен аны “баланчанчы сүрө, түкүнчөнчү аят” дегени го деп боолголодум. Ушунча келгенден кийин бир нерсе билип алайынчы десем, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын такыр аңдай албадым...

***

Бир нече мүнөттөн кийин жаныма баягы кара күрмөчөн бала келип, кийинки бөлмөгө өтөлү деди. Бул бөлмө андан да караңгы жана тар экен. Бөлмөнүн бир бөлүгүндө эки адам намаз окуп жатыптыр. Бир бурчка жүк жыйналгандыктан, жигит экинчи бурчтан орун алуумду өтүндү. Өзү маңдайыма отуруп, “эми баарыбыз мусулманбыз, дааватка чыгышыбыз керек” дегендей бир нече сөздү айтты. Анан эле "качан дааватка чыгасың?" деп суроо салса болобу. Андайды күтпөгөндүктөн, таң кала түштүм.

Каякка даават кылуу керек десем, шаар четиндеги кайсы бир конушка барасың деди. Дароо эле атымды, телефонумду сурап, кичинекей төрт бурчтук баракка жазып алайын десе, калеми жукпай калды. Аны издеп кетип, бир аздан кийин таппай келди. Ал аңгыча башына селде чалынган, кемселин желбегей жамынган орто жашар адам намазын окуп бүтүп, жүккө жөлөнүп, бизге тигилген боюнча тесмесин терүүгө өттү.

Күрмөчөн бала мени дааватка чыгууга көндүрүп, номурларымды алууга жакшы эле жан үрөдү. Эмнегедир номурларымды бергим келген жок. Чынын айтсам, ал жерден батырак кетүүгө камындым. Андыктан азыр дааватка чыга албай турганымды, чыгайын десем өзүм келеримди айтып, сыртка ашыктым. Чыгып баратсам, теспесин терген киши “кааласаң, облустарга да дааватка жөнөтөбүз” деп үн кошуп калды.

Бир чети намазканадан эмне таалим алганымды алигиче аңдай албай дабдыраган бойдон көчөгө чыксам, менин жолумду торогон жигит дале кийинкилерди күтүп жатыптыр. Ал жылмайып, коштошо башын ийкеди. Мен да ага жылмайып коюп, келген жолума түштүм...

***

Шарты келгенде мечитке барып, жума намаздарга жыгылып жүргөнүм менен бул намазканага сапарым бир чети кызык, бир чети жагымсыз таасир калтырды. Бир нерсе билип алайын дедим эле. Бирок "качан дааватка чыгасың?" деген чорт суроо чочутуп койду көрүнөт. Даават эмне экенин, анын кандай пайдасы бар экенин да толук түшүндүрө алышкан жок. Бирок намазканадагы даават кылып жүргөн ал адамдар мага аны түшүндүрө алышат беле? - айтыш кыйын.

Менин го аз да болсо ислам жөнүндө маалыматым бар. Дааватка чыгып келген тааныштарым да бар. Бирок өзүн мусулманмын деп эсептеп, исламга жаңыдан башын салгысы келгендер ушундай түшүнүксүз намазканага туш келсе, кандай таасир алат деп ойлодум.

Исламды жайылтам деп дааватка чыккандар башкаларга үлгү болсо, намазканалар күңүрт болбосо, көк жыттанбаса, сөзсүз селде чалынып, салбыраган көйнөк кийбей деле динди үйрөтүшсө деген ойлорго туткундалган бойдон намазканадан кыйла узап кетиптирмин. Анан жолдо кайрадан узун көйнөк кийип, көлөч сүйрөп, күрмө жамынган, сакалчан үч-төрт адамды жолуктурсам болобу! Алар “көчөнүн ылдый жагындагы намазканага кирип кетпейсизби” дегичекти, жаңы эле ал жактан чыкканымды айтып, алар менен сылык коштошуп, жолумду уладым...

Кубатай Асангул

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG