Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06
(жаңыча кошок)

Далай жолу жүрөгүмдү өйүгөн ойлорду кагазга түшүрөйүн деп ойлогонум менен чыгынып жаза албайт элем, жумуш, үй-бүлө, көр оокат... Мага өмүр берген, жанымдан артык көргөн Апам тууралуу жазгым келсе да, убакты-сааты чыкпай далай күндөр өтүп жатат. Бурул эженин (Сарыгулова) «Азаттыкка» апасын эскерип жазган баянын окуп, көз жашым көл болуп агып, өзүм жазгандай апамды эскерип тим болгом.

Бул жолу эмнегедир чыгындым. Түнкү саат 1де жылуу төшөгүмдөн туруп келип, компьютерге ой-санаамды төккөнгө Тоо апанын өлүмү себеп болду. Жаңы эле жатып, көзүм чырм эткен учурда каза болгонуна бир жума боло элек, кайын энем - Тоо апа түшүмө кирди. Эмнегедир бир нерсе доолагандай. Ойгонуп эле жолдошумдан: Тоо апага эч нерсе карыз эмес белеңер? деп сурасам «жок, эч карызыбыз жок» деп таң кала жооп узатты.

Тоо апа

Тоо апа

Балким, мен карыздырмын... Тоо апанын жашоосу ары татаал дагы, ары кызыктуу эле. Экөөбүз кайын эне - келиндей эмес, эне-кыздай сырдашчубуз. Тоо апага тагдырыңызды китеп кылып жазып, жазган ырларыңызды жыйнак кылып чыгарыңыз, кийинки муунга өрнөк болот, - деп далай оолуктурдум. Бир убакыт болуп калса, “өз күйөөсүнө өз сиңдисин алып берип, аны менен чогуу өмүр сүргөн аял” деп өзүм кагазга жазып берем деген элем...

Өткөн-кеткендин баарын кайра башынан эстеп чыктым. Жаңы келин болуп барган чагым. Үйдөгү кичинекей баладан баштап, чоң кишилерге чейин ал адамды Тоо апа дээр эле. Өмүр шериги өрөөнгө аты чыккан, эл сыйлаган бай адам экенин жана эки байбичеси бардыгын угуп адегенде таң калгам. Биздин үйгө тез-тез келип турушар эле. Тоодон келишкен үчүнбү, «Тоо ата, Тоо апа келди!» деп улуубуздан кичүүбүзгө чейин аларга берээрге ашыбызды таппай, өзүмдүн кайын энем да (раматылык) араң басып жүргөнүнө карабай алдынан чыгып, ызаат көрсөтүп күтүп алат элек. Биз эле эмес, бүт уруунун эли аларды ушинтип сыйлаарын көрдүм.

Мени таң калтырганы, эки байбичесинин тең ээрчишип жүргөнү эле. Кийин уксам, Тоо атанын экинчи аялы - Тоо апанын бир тууган агасынын кызы экен да. Тоо апа беш бала төрөп, бардыгы тең чарчай бергенинен «тоодой атаңардан тукум калбай калабы, кокус биз өлүп калсак, мынча байлыгына башка бирөө ээ болобу, андан көрө өз канынан жаралган балага калсын деп өз сиңдимди күйөөмдүн койнуна өзүм салып бергем” дегенде чеги жок айкөлдүгүнө биресе суктанып, биресе кабылдай албай көпкө жүргөм. Бек Борбиевдин “чечилгис арман, чыдагыс арман, чындап сүйүп калдым кызды сага бир тууган” деген ырын укканда ошондой адам көтөргүс арманды Тоо апа трагедия кылбай жашап жатканына таң бергем.

Тоо атанын көзү өттү. Анын өлүмү менен Тоо апанын дагы күчү кетти. Карыды, ден соолугунан ажырады. Баягыдай өктөмдүгү калып, сиңдисинен төрөлгөн балдарына алы жетпей калды. Айласы куруганда атадан калган малды балдарына тең бөлүп берди деп уккам. Акылсыз балдары үйүр-үйүр жылкыны, тоо-ташты байырдаган бир нече жүз топозду, миңден ашык койду, ошончо эле уйду сатып жок кылышты деп дагы уктум. “Ээси эки кылам десе, эгем бир кылат” дегендей, бала-чакалуу кылып, ата ырыскысын чачыратпай улап кеткенге бала болсун деп жеке бактысын садага чапкан байкуш Тоо апанын эмгеги талаага кетти, балдары жакшы чыкпай, акыры үй-жайын, керек болсо ата конушун сатышып, Токмокто бир бөлмө үйдө беш баласы менен тыгылып жатышканын угуп, жаным кейип, дүйнөм бүлүккө түшкөн эле. Эми минтип, Тоо апа да ары карап кетти. Өз үйү жок, өлүгү туугандарынын үйүнөн чыкты деп уктум. Алыстамын, болбосо жок дегенде барып, келиндик кызматымды кылып, акыркы ызаатымды көрсөтөт элем.

Мына, бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тарыхы жазылып бүттү. Кайран өмүр! Ким деп жашап, ким үчүн өттү - түшүнүксүз бойдон калды... Кош бол, апа, жаткан жериң жайлуу болсун. Сенин аялда жок айкөлдүгүңдү көркөмдөп жаза албасам да, кагазга жазып берем деген сөзүмдү аткарайын деп ушул саптарды төктүм.

Айымкан Кулукеева, Москва.
20.07.2013-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG