Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

“Алкак” - китептин эң алгачкы, мындайча айтканда, төрөлгөндө алган аты. Улуу державалардын дүйнөлүк үстөмдүүлүккө умтулган тирешинин натыйжасында, маңкурттун башына кийгизилген “шири” космостук алкакка трансформацияланып, “бүткүл адамзаттын башына кийгизилген... Бирок цензура мындай аталыштын түпкү маанисин тез эле чайнап, башка аталышты талап кылды. Мына ошондо Пастернактын котормосундагы Шекспирдин “Кылым карытар бир күн” сабына токтодум" деп жазган эле Чыңгыз Айтматов.

...Ушул чыгарманы өмүр бою окуп келатам. Айтматовдун чыгармаларында өзүнө тартып турган күч бир гана жазуучунун сөз чеберчилиги гана болбостон, байыркы элдин жашоосу жана замандаш адамдын жеке тагдыры көз алдыңда өтүп турган күнүмдүк окуяларда сүрөттөлгөн. Турмушту билген сайын жана өзүң көргөн нерсени Айтматовдун сөзүнө чегергенде гана уламдан-улам чыгармада катылган жана шифрленип жазылган ойдун түпкү мааниси ачылат. Роман катаал цензуранын жана адамдын ой жүгүртүүсүнө болгон тоталдык көзөмөлдүн заманында жарык көргөн. Бүгүнкү күндө өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды, романдын таржысына чегерүүдөн мындай жыйынтык чыгат: Маңкурттун башына кийгизилген “шири” жана “Алкак” космостук программасы ПРОПАГАНДАнын дал өзү!

Романда мындай бир окуя сүрөттөлөт. Сабитжан атасынын кара ашында дасторкондо отурган элге “келечекте адамдар радио менен башкарылат” деген кепти салат:

- Билсеңер! Адам борбордон келген программа менен иштейт. Жасаган иши өзү жана өз эрки менен жасагандай сезилет, бирок чындыгында анын баары жогор жактын буйругу. Баары өз ирети менен. Ырдаш керекпи, - буйрук – ырдайсың. Бийлеш керекпи, - буйрук – бийлейсиң. Иштеш керекпи иштейсиң, болгондо да кандай иштейсиң! Уурулук, ээнбаштык, кылмыштуулук – баары унутулат, эски китептерде калат. Себеби адамдын жүрүш-турушу, аң-сезими, каалоосу.., бардыгы көзөмөлгө салынат. Мына, маселен, азыр дүйнөдө демографиялык жарылуу, эл ашыкча көбөйүп жатат, тамак-аш жетишпейт. Эмне кылуу керек? Төрөттү азайтуу зарыл, коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн.

- Жогор жактын кызыкчылыгыбы? – деп Узун Эдилбай шылдыңдай, тактап койду.

- Албетте, мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору.

- Ох, калпты шыпырттың го! Эмне деп дөөрүп атасың! Ушунча жыл сага эмнени окутту болду экен, – деп Эдилбай чын дили менен таң калды" (романдан үзүндү).

Бул сөз мындан 40 жыл илгери айтылган. Ошону уккан кишинин бири дагы ишенбейт.

Бүгүнкү күндө “Орусиянын федералдык телеканалдарына өзгөчө макам берүү” жөнүндөгү өкмөттүн долбоору социалдык тармакта кызуу талкуу, талаш-тартыш жаратты.

Бул долбоорго каршы болгондор, эгерде бул долбоор ишке ашса, анда кыргыз телекоммуникациясынын кожоюну башка өлкөнүн телекомпаниясы болот. Коомчулуктун аң-сезими башка өлкөнүн идеологиясы менен башкарылат. Бул нерсе оккупацияга барабар деп чыгышты. Көңүл бур! Бүгүнкү күндө, адамдын аң-сезимин “радио менен башкаруу” мүмкүнбү же жокпу деген сөз жок. Кептин баары, ошол башкара турган “борбор” кимдин колунда болот? Мына ушул суроо маанилүү болуп калды. Демек адамдын аң-сезимин башкарган курал бар. Бирок мындай курал качан, кантип жасалды эле? Телекоммуникациянын өзү адамдын аң-сезимин башкаруучу куралдын өзү эмес. Бул болгону байланыш жана маалымат каражаты. Бирок дал ушул каражат ПРОПАГАНДАнын куралы катары колдонулат. Телекоммуникация, салыштырмалуу жакында эле пайда болгон. Ал эми пропаганданын технологиясы тээ байыртадан, ишендириш үчүн биринчи сүйлөм жаралгандан бери өнүгүп келе жаткан ПРОГРАММА.

Айтматовдун романындагы байыркы “шири” менен суперзамандаш космостук “Алкак” программасынын окшоштугу мына ушунда.

“...Жасаган иши өзү жана өз эрки менен жасагандай сезилет, бирок чындыгында анын баары жогору жактын буйругу...” Романда “радио менен башкарылган” адамдын ички сезими жана түшүнүгү ушундай сүрөттөлөт. Жакында, соцтармактан Харьковдо жашаган киши менен сүйлөшүп калдым. Ал Донбасстагы согушту өз көзү менен көргөн киши катары таанышты. Албетте, мени ошол окуяны өз көзү менен көргөн кишинин маалыматы кызыктырды. Бирок андан, мен өзүм радио жана ТВдан билгенден башка эч бир жаңылык уккан жокмун. Болгондо да, анын айткан сөздөрү кадимки эле ТВдан уккан сөздөргө окшошуп жатты. “Эгерде сен өз көзүң менен көрсөң, эмне үчүн телевизор сыяктуу сүйлөп жатасың. Же өз көзүң көргөндү өз сөзүң менен айтып бере албайсыңбы?” Бул суроо анын жинин аябай келтирди жана биздин маегибиз ушул суроо менен үзүлдү...

Окуяны өз көзү менен көргөн күндө да, башканын сөзү менен айтып жатса, анда ошол окуяны башканын көзү менен көрүп жатат. Эмне үчүн? Айталык, маектешти ишендирип жана өз позициясын коргош үчүн сүйлөм түзүш керек. Пропагандалык машине ишендирген күчкө ээ болгон сүйлөмдү иштеп чыккан жана даярдап берген. Андан өткөн сүйлөмдү ойлоп табыш кыйын. Бирок эң жаман жери ошол сөз жана ошол ой, нукура өзүнүн ойу жана өзүнүн сөзү деген ишеничте.

- Сабитжан өзү радио менен башкарылган кишилерди айтып келжиребеди беле. Ошондой заман келет! Балким ошол көрүнбөгөн жана кудуреттүү күч, дал өзүн радио менен эмитеден башкарып жүрбөсүн... Бул жөнүндө ойлогон сайын Эдигей карыянын кең дүйнөсү тар болуп, айласы түгөнүп турду.

Маңкуртсуң! Анык маңкуртсуң! – деп Сабитжанды бир аяп, бир жек көрүп ичинен сыздады” (романдан үзүндү).

Кутманбек Кыдырмышев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG