Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Оштун бир көчөсүндө кыргыз жана өзбек улутундагы жеткинчектердин достукка болгон мамилесин көрүп суктандым. Алардын түшүнүгүндөгү чыныгы достуктун тамырын биз, чоң адамдар кесип жатканыбызды сезип, өкүндүм...

Ал күнү Ош шаарындагы өзбек тектүүлөр жашаган көчөлөрдүн биринде таанышымдын үйүн издеп жүргөм. Жай саратан убагы. Аптаптан уламбы, бирин-экин адамдар эле болбосо көчө ээн. Аңгыча ары жакта ойноп жаткан топ балага көзүм түштү. Ичимден сүйүнүп, алар тарапка бет алдым. Бирок жеткиче күтүлбөгөн окуя болуп кетти.

Көчөдөгү короонун биринен торпоктой дөбөт атып чыгып, балдардын бирин басып калса болобу. Адам корккондо чагылгандай тез реакция кылат тура, колума таш алып дароо жетип бардым. Бирок ит мени тоготуп да койбоду. Кайра ырылдап, өзүмө тап берди.

Айлам түгөнүп, өткөн-кеткенди жардамга чакыра баштадым. Жакын жердеги темир дарбазаны каккыладым. Жооп берген жан болбоду. Кийинки дарбазага чуркадым. Ал үйдөн да киши чыкпады...

Ошол учурда ары жактан кыргыз бала чуркап келди. Ал өтө эле кичинекей болчу. Жаңылбасам 9-10 эле жашта. Бирок ошого карабай кудум баатырдай иттин терисин аткып, үстүнө бой таштады. Ажаан дөбөт мындай "кордукка" чыдабай өзүнө атырылды. Жерге жыгып, талай баштады. Бала да ага баш бербеди. Эси чыгып, элеңдеген башка досторуна "Кеткиле, ит тиштеп алат!" деп кыйкырып жатты.

Анын бул кыйкырыгы досторун шердентти көрүнөт, баары итке жабылып туш-туштан ура башташты. Ынтымактын күчүн көр, жулунуп улам бирин каап жаткан дөбөт аягында кыңшылап качып жөнөдү.

Мен коркоктук кылып бул “салгылашууга” аралашпаганым үчүн четте уялып турдум.

"Жоо" кеткенден кийин кыргыз баладан “Ит сеники беле?” деп сурадым.

- Жок, Алма эженики...

- Сенин итиң болбосо, эмне үчүн ага жакындадың. Карачы денеңдин бардык жеринде тишинин изи калыптыр...

Бала бул суроомо дароо жооп бербеди, бир саамга тиктеп туруп

- Ит меники эмес, бирок досторум меники да,- деди.

Экөөбүздүн маегибиз ушуну менен бүттү. “Тез жардам” келгенге чейин ошол жерде турдук...

Аңгыча ары жактагы үйдөн бозала болгон аял чуркап келди. Бул баякы ит биринчи кол салган баланын энеси экен. Болгон окуяны уккандан кийин ал кыргыз баланы кучактап калды. "Сени “ит” деген тилим кесилсин! Кечир балам",- деп ыйлады.

Ошол учурда мен бир нерсени түшүндүм, жер жүзүндөгү бардык жамандыктарга биз, чоңдор гана күнөөлүү экенбиз. Кээде ушул кенедей балдар барган эрдикке бара албайбыз. Бири-бирибизге кол сунууга, ак дилден жардам берүүгө моюнубуз жар бербейт, курнамыска жеңдиребиз.

Жан дүйнөбүз ушунча кирдеди. Кээде чоочундарды жөн кой, өз балабызды да “ит, эшек, мал” деп тилдейбиз. Тогуз ай курсакта көтөрүп, жарыкка келген балдарыбыздын жүрөгүн ачуу сөздөр менен жаралайбыз.

Эмнеге биз башкалардын да балдарын сүйө албайбыз? Эмне үчүн чоочун кишинин наристесин коргогонго күчүбүз жетпейт? Эмне үчүн өз балабыздын ийгилигине мактанып, коңшубуздун эркесин мактабайбыз?

Бүгүн кучагыбызда чоңоюп жаткан жеткинчектер бизден үлгү алышат. Жакшы тарбия гана аң-сезими чың адамды коомго кошот. Бирок биз бири-бирибизди жек көрүп жатпайбызбы... Бул кимдир бирөөлөргө майдай жагып, отко май чачса кантебиз?

Жашаган жерибиз өзбектики, кыргыздыкы, тажиктики же түркмөндүкү эмес, Жараткандын мүлкү. Сиз да, мен да бул жалганга конокпуз. Бир келген өмүрдө сыйлашып өтсөк болбойбу?

Ишенем, бир күнү чек аралар да ачылат, жүрөктөгү тоңгон муздар эрийт. Үзүлгөн мамилелер уланат. Ошол күнгө чейин бири-бирибизди жектебей, тынч жашайлычы...

Муаззам Иброхимова.

Муаззам Иброхимова.

Урматтуу түрк тилдүү боордошторум! Ыйык жерде жашап жаткан ардактууларым! Эгер саясий билимим сиз күткөн деңгээлде болбосо, кечириңиз. Бул аңгемени болгону бир эненин жүрөгүнөн чыккан жаңырык деп билиңиз. Ылайым, дүйнө тынч болсун.

Балдар эч качан согушту көрбөсүн!

Муаззам Иброхимова, акын, Ташкент шаарында жашайт.

Макала болгон окуянын негизинде жазылды.

Которгон Санжар Эралиев.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG