Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Саламатсызбы, эжей!


Касен Кыштообаев.
Касен Кыштообаев.
- Саламатсызбы эже! Эже саламатсызбы!..

- Саламатчылык... ии, дагы келдиңби? Бар, бош аудитория карачы...

Шашкалактап аудитория издеп жөнөдүм. Тапкан соң, кайра Англис тили кафедрасына келип:

- Эже 226 бош экен, - дедим.

- Анда барып даярданып тур, бир аздан кийин барам.

Уф-ф! Эми ушул бир текстти айтыш үчүн бир сааттай күтүшүм керек. “Каадаланбай жөн эле алып койсо болот да” деп, күнөөнүн баарын эжейге жүктөп, ыңгыранып 226га кирдим. Чынында көңүл чөгөт, жайкы сессия: акыркы зачет, болгондо да англис тили сабагынан. Группада 5-6 бала өз күчү менен тапшырып, калганы “развод” кылышкан. Тапшыра элек 2 эле бала калганбыз. 1-курспуз, сессиясын жапкандардын айылга кеткени айылына кетти, иштегени иштеп шаарда калды. Мен болсо эжейге бир текст айтып бериш үчүн бир күн коротуп, убарамын. Ооба, убагында ушул сабакты калтырганым бар, бирок, эл катары эле. Болгону, тексттердин 1-2син гана тапшырып үлгүргөн элем. Анткен менен, зачет күнү бардыгына даяр болчумун. Эми кеп башынан келсин:

224-аудитория, зачет тапшырып жатабыз.

- Кыштообаев кел.

Эжей билетиме көңүлкош карап койду да “ии, айта бер” деди.

Айтып бүттүм, үмүт чоң...

Тилекке каршы, 8 текст тапшырбаптырсың, анан сага кантип зачет коем, - деген сөздү уктум.

Жалдырап көрдүм:

- Эже ушундай болуп калды. Эми коё бериңизчи, эже...

Жалооруганым өзүмө деле сезилип турду.

- Жок коё албайм, мини сессияга каласың, - жооп так кесе айтылды.

- Эже, эми эже... деген бойдон, кылчактай чыгып кеттим.

Ошентип зачёт убактысы да бүттү, 8 студент тапшыра албай калдык. Мына ушул жерден старосталардын иши башталат: ал эжей менен зачёттун баасын бычат. Чыдаганы старостага сураганын (ошондо 400 сомго бааланган) карматат да, зачётун койдурат. Ошондо оюма бир макал келди эле: “Коррупция старостадан башталат” деген. Акча бербеген төрт студент кайра өзүбүз кирдик. Эже караап туруп: “Эми сессия деле бүтүп калды, төртөөң 2 торт алып берсеңер жакшы болмок” деп, жыландын башын кылтыйтты. Ооба, чынында таң каларлык деле эмес. Көп эле студенттер “развод” кылат, бирок мен өзүм үчүн “пара берип окуганча, окубай эле койгонум жакшы” деген позицияны карманып алгам. Айрым адамдарга таң калганым бар: “Эми анча-мынча берип кое бер да, Ак үйдө деле берип жатышпайбы. Жада калса бала бакчада паракорчулук бар. Азыр ансыз иш бүтпөйт, заманың бөрү болсо, бөрү бол” дешет. Кызык, заман өзүнөн өзү бөрү боло калгансып, заманды бизге окшогон адамдар бөрү кылбаса, башка ким бөрү кылат? Анда мындай десек деле болот экен да, “заманың чочко болсо, чочко бол” (Жогорудагыларга ыйман жол бербей жатканын билдирип койгонум жөндүү го).
Мындай туура эмес түшүнүктөргө баш ийүүдөн моюн толгодук да, бир досум экөөбүз эжеге торт алып бере албасыбызды айттык. Арзандатылган баага да көнбөгөнүбүз эженин ачуусун бетине чыгарды, ал да биздин бетибизге айтты: “Эми кыйналасыңар!”.

Мини сессия. Баарын жаттап баргам. Эжей бир күндө бир гана текст алам деп койду. Өзү сессияга 6 күн бөлүнгөн. Мен болсо 8 текст тапшырышым керек. 6-8= -2 Бул эки текстти кантем эми? Жакшылап такташтырсам, мурда бирөөсүн тапшырган экенмин. Дагы бир күнү (эжейдин маанайы жакшы болгон күнү) 2 текст тапшырып алдым. Бирок, баары бир бул сабактан баа албай калат окшойм деп ойлонуп калдым, эже мага өчөшүп калгандай. Ээ, албасам албадым да, бул эмне кыяматтагы сынак беле деп, өзүмдү өзүм соороттум. Сынак китепчемдеги жалгыз 3тү карап, мен деле 500 сом берсем сен 5ке айланмаксың, буга кошумча англис тилди бүтүрсөм, стипендияга илешмекмин дейм. Жок, андай кыла албайм, бул “3” менин татыктуу баам. Ал менин чыныгы деңгээлимди көрсөтүп турат, ага карап мен аракетимди күчөтөм, кемчиликтеримди байкайм, ал акыйкатты айтып турат.

Менин зачёт ала албай жүргөнүмдү байкап, “Эмне акча албай жатабы?” деп сурагандарга: Акча бергенден көрө айдалып кеткеним жакшы, - деп жооп берсем, түк ишенишпейт, кантип эле деп. “Вообще берген эмессиңби? Акыры сен деле бересиң” деген акылмандарды айтпа. Бул тууралуу менде мындай түшүнүк пайда болду. Өзүнө ишене албаган, конкреттүү позициясы жок адамдар, өзү кыла албаган нерсени башкалар да кыла албайт деп ойлой берет экен.

Акыры 6-күнү акыркы текстти айтып бүттүм, мугалимге зачеткамды сунсам:

- Эмне бардыгын айтып бүттүңбү? Дагы бар го, - дейт.

Айткандарымдын айы-күнүн куруттай санап бердим.

Жок, сеники көп эле го деп, аны-муну айтып, дагы деле зачёт койгусу келбейт. Күйбөгөн жерим күл болду. Бир кызарып-татарып, бир бозоруп-томсоруп жатып, акыры эжейди ынандырдым. Ох-х, зачётту да алдым. (Акыры ынанган эжейиме да ырахмат).

Кийин ошол зачётко ыраазы болдум, анын “айынан” менде айрым иштер жаатында туура түшүнүктөр пайда болду, өзүмө болгон ишенимим артты, анан калса бул окуя менин өмүрүмдөгү студенттик өзгөчө күндөрүмдөн эстелик болуп кала бермекчи.

Касен Кыштообаев, Бишкек гуманитардык университетинин 2-курсунун студенти.
XS
SM
MD
LG