Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Мекендин өнүгүшү үчүн жети эреже


Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет. Мен ошол кыргыз элинин бир кулунумун. Кыргыз эли илгертен мекендеп келген өз орду, очогу бар. Көчмөн турмуштан өсүп-өнүгүп отуруп бүгүнкү жашоого жеттик. Азыр кыргыз элимдин жашоосу жаман эмес. Бийик тоолорубуз, кенен жайыттарыбыз, дары сууларыбыз толуп-ташкан кен байлыктарыбыз, кереметтүү көлүбүз, дарылык касиетке ээ курортторубуз бар. Мына ушуларды туура пайдалануу өсүп келе жаткан биз өңдүү жаштардын колунда. Кыргызстандын жана кыргыз элинин өсүп-өнүгүшү үчүн жаштардын жети осуятын сунуштамакчымын:

1. Жумушчу ордун көбөйтүү. Кантип? Сырттан келген инвесторлорду тартып, ар кандай долбоорлор менен иштеп, завод - фабрикаларды куруу.

2. Коррупцияны жоюу. Кантип? Коррупция - биздин өлкөдө эң чоң маселе. Эгер коррупцияны жоёбуз десек, биздин мамлекет башында турган жетекчилерибиз адилеттүү, чечкиндүү болсо, өзүнөн кийинки адамдарга үлгүлүү болсо, ошондо гана жоюлушу мүмкун. Биздин өлкөдө бардык ишканаларда, мекемелерде аябай көбөйдү. Паракорчулукту жок кылса, тартип бекем болсо, ошондо гана коррупция жоюлушу мүмкүн.

3. Экономиканы көтөрүү. Кантип? Биздин өлкөдө кен байлыктар аябай көп. Мисалы: алтын, күмүш Ж.б. Эң башкысы байлыгыбыз таза суу. Өндүрүлүп алынган алтынды кыргыз эли өзү иштетип, аны туура пайдалануусу керек. Курортторду, дары сууларды пайдалануу үчүн биринчиден, шарт түзүү, экинчиден, түшкөн акчаны мамлекет туура иштетсе, экономиканын өсүшүнө жардам берет.

4. Сырткы миграцияны азайтуу. Кантип? Биздин көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө иш издеп чыгып кетип жатышат. Көбү алданып кулчулукка сатылып кетүүдө. Ошондуктан өзүбүздүн эле өлкөгө ири ишканаларды куруп, элди жумуш менен камсыз кылсак гана азаят.

5. Биримдик, адилеттүүлук ар бир жарандын аң-сезиминен орун алышы зарыл. Кантип? Биздин мектепте ондон ашык улуттун балдары бирге окуйбуз. Мисалы, орус, кыргыз, түрк, күрт, татар, өзбек жана башкалар. Баарыбыз кыргыз тилинде билим жана тарбия алабыз. Ынтымактуу жүрөбүз. Улутка бөлүнүү, кемсинтүү, балдар ортосундагы тирешүүлөр жок. Мектептер арасындагы, жаш муундар ортосунда көп келишпестиктер болгонун угабыз. Жаш муундар кичинекей кезинен жакшы тарбия алып, ыймандуу болсо, ал адамдын жакшы сапаты. Алгач адам баласы өзүн сыйлоосу керек. Өзүн сыйлаган, өзүнүн жакшы жана жаман жактарын ажырата билген адам гана бирөөнү сыйлай алат.

7. Мектеп окуучуларына терең билим алуу менен бакубат жашоого жетүүгө болорун түшүндүрүү. Кантип? Бала мектептен билим алат, өз алдынча да көптү үйрөнүүгө болот. Сабак даярдоо, күнүмдүк сабактарга үзгүлүксүз катышуу, мугалимдин айтканын аткаруу менен терең билим алабыз. Алган билимибиз аркылуу келечекте бир кесиптин ээси болууга умтулабыз. Жогорку окуу жайларда окуйбуз. Алган билимди турмушта колдонобуз. Жакшы окуган окуучу, ишти да жакшы иштейт. Иштөөнүн жолдорун табат. Ак эмгеги, сүйгөн кесиби аркылуу акча табууга, бакубат жашоого болот.

Бардык нерсени адам өзүнөн баштоосу керек. Мен сунуштаган жети осуятты жаш достор, сен жана мен бирге турмушка ашырсак, кыргыз эли өсүп-өнүгөт. Мен кыргыз элимдин, Кыргызстандын өсүп-өнүгушүн каалайм.

Медер Маматалиев, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 балдар үйүнүн тарбиялануучусу

XS
SM
MD
LG