Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Алдыңкы "катмар" жээриген тил


Тил менен адамды ажыратып болбойт. Бир сөз менен айтканда адам тилсиз, тил адамсыз жашай албайт. Адам баласы тил аркылуу дүйнө тааныйт. Тил адамдын жүрүш-турушун аныктап, жашоо образын, дүйнө таанымын, менталитетин, идеология жана улуттук мүнөзүн калыптандырат. Тил мамлекеттин өзөгүн түзөт.

Жыл сайын 23-сентябрды мамлекеттик тил күнү катары майрамдап келебиз. Бул жакшы нерсе. Тилекке каршы, кыргыз тилинин көйгөйлөрү ушул датанын айланасында гана көтөрүлүп, андан кийин таптакыр унутулуп калат.

Жалпы жонунан алганда кыргыз тилинин коомчулуктагы ролу мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир аз да болсо өстү десек болчудай. Муну үстүбүздөгү жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы да даана көрсөтүп турат. Көз карандысыз уюмдардын изилдөөсүндө калктын 71,4 пайызы мамлекеттик тилде сүйлөй тургандыгын билдирген.

Чын эле Кыргызстандын көпчүлүк аймактарындагы пикир алышууда, мектептердеги билим берүүдө жана жергиликтүү ММКда кыргыз тили өз үстөмдүгүн жүргүзүп келет. Дагы бир жакшы саамалык катары интернеттеги ар кандай талкуулардын кыргыз тилинде жүрүп жатканын айтсак болот. Бул медалдын биринчи гана бети.

Ошол эле учурда кыргыз тилинин көйгөйлөрүн санап отурса тизме улана берет.

Эң башкы көйгөй катары кыргыз тилиндеги пикир алышуунун оозеки формасынын мышык ыйлагыдай абалын айтсак болот. Оозеки баарлашуунун азыркы учурдагы кейиштүү абалы кыргыздардын эне тилине болгон кайдыгер мамилесинен кабар берет. Маселен, ар бир экинчи кыргыз сүйлөп жатканда “давай”, “конечно”, “постоянно”, “любой” жана башка көптөгөн сөздөрдү аралаштырып сүйлөшөт. Таң калычтуусу алар өздөрүнүн каталарын оңдоо ордуна, орусча кошуп сүйлөөнү мактаныч катары көрүшөт.

Көпчүлүк жаштарда орус тилин билсең “блатнойсуң” дегендей түшүнүк калыптанып калган. Анткени жаштардын арасында абдан популярдуу болгон алдыңкы катмар деген стереотип жашап келет. Алар “алдыңкы” деп шаарда өсүп, бир канча чет тилдерди жана техниканын тилин мыкты өздөштүргөн кыз-жигиттер. Мына ушул жаштар туу туткан "катмар" кашайып кыргыз тилин билишпейт. Жадагалса эне тилди чанып, жээригендер да ошолор.

Кийинкиси “кыргыз тили билим берүүнүн тилине айлана алабы?” деген суроо. Тилекке каршы бул суроого жооп табуу өтө кыйын. Анткени кыргыз тили илимий тил болуу мүмкүнчүлүгүнөн бир топ эле артта калды. Буга кыргыз тилиндеги терминологиянын жоктугу шылтоо болуп келет.

Чет тилдердеги терминдерди кыргызчалатуу өз деңгээлинде жүрбөгөндүктөн айсбергдин качан ордунан жылары дагы деле белгисиз. Маселен, дарсканаларда отурган окуучулардын 99 пайызы кыргыз тилдүү болгонуна карабай мугалимдер сабакты орус тилинде өтүүнү тандашат. Муну мугалимдер сабактардын материалдарынын орус тилинде экенин жүйө келтиришип, кыргыз тилиндеги адабияттардын жоктугун айтышып, алакан жайышат. Ал эми котормолордун деңгээлине башталгыч класстардын математика китеби аркылуу баа берсе болот. Анткени андагы терминдердин кыргызчасы бөбөктөр үчүн гана эмес, чоңдор үчүн да түшүнүксүз.

Мамлекеттик тилдин дагы бир көйгөйү болуп, тилге болгон суроо-талаптын жоктугу эсептелет. Белгилүү француз социологдорунун бири “тил бул товар” деген оюн айткан. Эл кайсы тилди билүү материалдык пайда алып келсе, ошол тилди үйрөнүүгө ашыгат. Буга таяна турган болсок, кыргыз тили качан гана акча табуунун булагына айланган кезде өнүгө баштайт. Ал эми кыргыз тили башка чет тилдер менен тең тайлашып жашап кетиши үчүн жогоруда айтып кеткендей илимдин, техниканын тилине айланышы зарыл.

Муну менен катар ар бир кыргызстандык кадимки эле пикир алышууларын башка тилдеги сөздөрдү кошпой таза сүйлөгөнгө үйрөнүшү керек. Мына ошондо гана кыргыз тили мамлекеттик деген бийик макамга татып, толук кандуу мамлекеттик тил катары өнүгө алат деген ишеничтемин.

Медина ТААЛАЙБЕК кызы
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти
XS
SM
MD
LG