Линктер

Интернет булактарынан күнү куру эмес өлүм санын жарыялаган кабарларды гана окуп калдык. “Бул жерде баланча адам курман болуп, мынчасы жарадар экен” деген маалымат, эртең менен апаңдын, “Үйдө суу калбай калыптыр, барып алып келе калчы” деп ойготконунчалык да таасир этпей, кулакка көнүмүш болуп бараткан кооптуу жагдай ...

Өксүткөн өлүмү көп кылым...

20-кылым, адам каны көп төгүлгөн кылым катары эсептелет. Бул тууралуу маалымат АКШнын Корнелль университетинин окутуучусу Милтон Лейхтенбергдин “20-кылымдагы салгылашуу жана согуштарда өлүм” аттуу изилдөөсүндө берилген. Изилдөөсү канчалык сын-пикирди жаратса дагы, бизге 20-кылымда курман болгондорго тиешелүү маалымат бере алат. Аты аталган изилдөөдө Лейхтенберг жарандык, Ата Мекендик согуштарда, ич-ара чатактарда курман болгондордун хронологиялык статистикасын чыгарган.

Сандардын баары болжолдуу эсеп менен берилген*

Биринчи Дүйнөлүк согушта – 13-15 млн.;

1918-1922-жылдары, Орусияга тиешелүү жарандык согушта – 12.5 млн.;

1909-1916-жылдар, Мексикадагы жарандык согушта – 1 млн.;

1936-1939-жылдар, Испаниядагы жарандык согушта – 600 миң.;

1914-жылдан мурун ар кандай эзүүлөрдөн улам – 1.5 млн.;

Экинчи Дүйнөлүк согушта – 65-75 млн.;

1945-2000-жылга чейин болгон согуш жана чатышмаларда – 41 млн.; болуп отуруп жалпы саны 136 -148 миллионго жеткени айтылган.[1]

Бул бизге айтылган орточо гана эсеп, мындан башка билинбей калган өлүм саны дагы канча дейсиз?! Бул көрсөткүч ушуну менен эле токтоп калган жок, ал жаңы кылымдын башталышы менен жаңы саптан эсептеле башталды...

21-кылым - жанкечтиликтин жаалы

Баарыбыз бир ооздон “21-кылым - технологиянын кылымы” дейбиз. Бирок бирөөбүз да ошол өнүккөн технологиябыз, бизге жыргалы менен азабын да кошо тарттырып, ар тарабыбыздан сүлүк курттай соруп, көрүнөө да, көмүскө да эжигейдей эзип жатканын аңдабагандайбыз. “Ичтен чыккан ийри жылан” дегендей, өзүбүз жасаган технологиянын курмандыгы болуп отурабыз. Дегеним, дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуш, чатак, теракттын бардыгында өнүккөн куралдуу техника колдонулуп жатат. Бир ташталган бомба бүтүндөй бир айылды жер менен жексен кылып, күлүн көккө сапырып жатканы; кароолго алынган бута, бир убакта бир нече адамдын өмүрүнө забын болгону, балдар ата-энесиз эле томолой жетим калбастан, колу-бутунан да ажырап, “томолой майып” калып жатканы кашкайган чындык эмеспи?! Айтор, айта берсе арман көп демекчи, санай берсек каргашалуу куралдын курмандыктары абдан эле көп. Балким, азыр мен жазып жаткан мүнөттөрдө түндөгү теракттан жараланган Кудайдын бир күнөөсүз пендеси бул өмүр менен кош айтышып жаткан чыгар...

Кылым эмес, жыл курмандыктары

2016-жыл жаңыргандан бери канчалаган адамдар бул жарык дүйнөдөн узап кете берди. Буга табият кырсыгынан жапа чеккендерди кошпой эле коёюлу, ансыз деле бейишке киребиз деген бир ууч адамдын кесепети, бүткүл адамзатты тирүүлөй тозок отунда күйгүзүп жатат. Алардын аткарган иштеринин натыйжасында бейкүнөө теракт курмандыктарынын санын атоого жүрөк даабайт. Жалгыз эле Түркия өлкөсүн ала турган болсок, Т24 кабар сайтынын 29-июндагы маалыматы боюнча январь айынан бери 13 жолу терордук чабуул болуп, 156 адам бул дүйнө менен кош айтышса, 500гө жакын адам жарадар болгон [2].

Ал эми акыркы Анкара жана Стамбул шаарларында болгон жаңжалда маалыматтар боюнча 290 киши каза болуп, 1500дей адам жараланды. Буга окшогон курмандыктарды санай берсе, учугу узарып кете турган. 22-июлда эле Германиянын Мюнхен шаарында 9 кишинин өмүрүн алган ок атуу болгонун [3] уксак, 15-июлда Франциянын Ницца шаарында фейерверк көргөнү чогулган топту жүк ташуучу унаа аралап кетип, элди тебелетип, андан 80ге чукул киши набыт болуп, 120га жакыны жарадар болгону айтылган эле [4].

Бир аптада 300дөн ашуун кишини жерге берип жатабыз, бул биз эмес, Жер эне деле жашын төгө турган ахыбал эмеспи?!

Көбөйгөн өлүм, көнүмүш адат...

Канчалык өлүм көбөйгөн сайын, ал деле көнүмүш адатка айланып, эч ким деле этибарга албай калабы же өнүккөн технологиянын таасиринен адамзат роботтошуп баратабы, айтор, өлүм кабарлары көп деле жүрөк сестендирбей калган сыяктуу. Сестенсе да эмне кылабыз, өз жаныбыздын, жакындарыбыздын амандыгын тилегенден башка кылар айлабыз да жок. Анткени кимди ким өлтүрүп, кимдин ким үчүн каны төгүлүп жатканын так маалымдай албайбыз. Бул кылды деп, көзгө сайып көрсөтөр душманыбыз жок. Натыйжасы, барыбыз катуу сүйлөгөндөн, көпчүлүк чогулган жерге баруудан жаа бою кача турган заманга алып келди. Ким кайсы бурчтан чыгып, короого кирген ач карышкырдай кырып кетерин билбейбиз. А түгүл, кимдин кой, кимдин карышкыр экенин да тааныбайбыз. Болгону, “Мени чакпаган жылан миң жыл жашасын” деген жашоо нугуна түшүп алгандайбыз...

Кандай күн башыбызга түшөрүн эч ким билбейт эмеспи... Бардык нерсе түбөлүктүү болбогондой эле дүйнөнү каптап турган бул кара булут да тарайт. Болгону, адам саны күн санап кемип жаткан бул заманда, адамдык сапатыбыз кемибесин! Анткени дүйнөнү ошол гана сактап кала алат...

Асел Моконова

[1] Death in Wars and Conflicts in the 20th Century, Milton Leitenberg

[2] http://t24.com.tr/haber/1-yilda-17-bombali-saldiri-294-kisi-oldu-bine-yakin-insan-yaralandi,347661

[3] http://sputnik.kg/world/20160723/1028052094.html

[4] http://sputnik.kg/incidents/20160715/1027704467.html

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG