Линктер

Бала эмизүү - эненин эң чоң бактысы


Эки жашар кызым Парини эмчектен чыгаруунун алдында (Юкиэ Мокуо, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү)

Эки жашар кызым Парини эмчектен чыгаруунун алдында (Юкиэ Мокуо, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү)

Мына бул сүрөт кызым Парини эмизип отурган кезде түшкөн керемет кездин бир ирмеми. Кызыма соңку ирет эмчек эмизип аткан кезим. Бөйтөйгөн ымыркайым эки жашка чыкканча эмчек эмди.

Жаш өйдөлөп калган кезде көргөн чүрпөң жаныңа жакын, өзүңө ысык болот экен. Парини төрөгөн кезде мен 47 жашта элем, ымыркайым ыңаалап жарык дүйнөгө келген маалда менин көкүрөгүм бош, бир тамчы сүт чыкпай, аябай кыйналгам.

Токиодогу ымыркайга өзгөчө мээримин төккөн төрөтканада, өзүм төрөлүп өскөн калаадагы эң мыкты жайда, минтип кыйлага чыккан кезде кыздуу болуп, аман-эсен көз жарып, кызыл эт кызым жарык дүйнөгө келгенден тарта күн-түн дебей ага эмчек эмизүүнүн аракетинде болдум. Алгачкы үч күндө медайымдар жаныман чыкпай, мага жардам кылып жатышты. Баарыбыздын аракетибизден майнап чыкпады. ЮНИСЕФтин кызматкери болсом, бир топ жылдар эмчек эмизүүнүн пайдасын жалпыга жарыя айтып үгүттөп келсем, анан минтип эмчегимен сүт чыкпай отурса, мындан өткөн осол учур болорбу. Менде а кезде эненин сүтүн алмаштырчу ымыркайдын жасалма тамагына кайрылуудан башка амал-арга калбай калды.

Жок дегенде жарым жыл болбураган кызымды көкүрөккө кысып, минтип жасалма тамак бербей өзүм эмизип отурсам деп кыялданчумун. Жарыкчылыкка жаңы келген ымыркайды торолтуунун, ден соолугу чың өсүшү үчүн эненин сүтүнөн артык эч нерсе жоктугун, бала менен эненин жыты бири-бирине сиңип, ортодо бекем катыш орноорун билчүмүн. Иш боюнча төрөтканаларды кыдырып, ал жерде жаткан энелер менен кездешкенде менин оозуман чыкчу сөз бул эле: «Сиздер жок дегенде жарым жыл балдарыңарды өзүңөр гана эмизишиңер керек!» Карабайсызбы, мына эми эмчегимен сүт чыкпай, өзүм айтып келген нерсени өзүм аткара албай отурам. Кандай да болсо көкүрөктү жибитип, кызымды баары бир эмизем деген чечкиндүүлүк менде күчтүү болчу. Сүт чыга элек эмчегимди Париге берип, наристенин оозу тийген соң сүт чыгып кетеби деген үмүт бар эле. Кызыма жасалма сүт берип, упчуну оозунан түшүрбөдүк. Жашы өйдөлөгөндө төрөгөн эненин катып калган көкүрөгүн жибитүү аракети ушинтип башталды.

Аз-аздан жагдай жакшы жагына оой баштады, алгачкы айда менде азыноолок сүт пайда болду. Кызым эмчек эмип, айрыкча түндө эненин сүтүнө магдырап, чырылдап ыйлабай мемиреп уктап калчу болду.

Күйөөм Пари жаңы төрөлгөндө колуна алган учуру. Жолдошумдун колдоосу менин кызымды өзүм эмизип чоңойтушума чоң колдоо болду. (Юкиэ Мокуо, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү)

Күйөөм Пари жаңы төрөлгөндө колуна алган учуру. Жолдошумдун колдоосу менин кызымды өзүм эмизип чоңойтушума чоң колдоо болду. (Юкиэ Мокуо, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү)

Менин үйүмөн анча алыс эмес жерде мыкты укалоочу бар экен, жума сайын ал жерге барып бир топ жардам алдым. Мага баланы эмизип атканда кандай кармаш керектигин, күн сайын кандай иштерди жасашты, баланы эмчекке кантип көндүрүү, бала эмизген эне кандай тамак-аштарды жеш керектиги жөнүндө эң пайдалуу кеңештерди беришти.

Бара-бара жасалма сүттөн эненин сүтүнө өтө баштадык, башта андай катыш 80/20 болсо кийин 60/40 түштү, анан теңме-тең 50/50 соңунда 30/70 жетти. Үч айдан кийин катыш 10/90 болуп калды. Кызым энесинин эмчегин эме баштады.

Кийинчерээк мен мурда-кийин деле оюма келбеген дагы бир проблемага туш келдим. Ичимде мен эми кызымды өзүм эмизе албайт экенмин деп көңүлүм чөгө баштаган, ошондон дайым жасалма сүт куюлган бөтөлкө менен упчу жанымда болушу керек деп калгам. Ошентип эненин сүтүн алмаштырчу жасалма азыкка көнө баштагам, кызымды өзүм эле эмизип, ага кошумча тамак бериштин бара-бара кереги деле жок болуп каларын, кызым экөөбүз чоң милдетти жакшы аткарып калышыбызга ишене бербепмин.

Бир ирет эмчек эмизүү боюнча кеңешчим мени урушуп сала берсе болобу: «Эмнеден коркосуң? Эгер упчу бербесең кызың өлүп калабы, жаныңда сүт бөтөлкөң болбосо жашооң токтоп калабы? Апкелчи, бөтөлкөңдү ыргытып иейин!»

Ура! Төртүнчү айга барганда менин кызымды өзүм гана эмизем деген кыялым ишке ашты. Парини алты айга чейин эмиздим, андан кийин ага кайрадан жасалма сүт, упчу бере баштадык.

Кызым ымыркай кезинде эмизгим келип аткан кез

Кызым ымыркай кезинде эмизгим келип аткан кез

Мен кайра ЮНИСЕФке келип иштей баштаганда кызым тогуз айлык болуп калган. Ал жерде тез эле мурдагы ыкчам иш ыргагына кирип кеттим, түнкүсүн кызымды эмизем. Мүмкүн сиздер түнкүсүн бала эмизүү кыйын деп ойлойт болушуңуздар керек. Кечке жанталашып иштесең. Бирок ишенип коюңуз, түнкүсүн бала эмизүү – бир укмуш керемет! Бул мезгил энеликтин эң укмуш учурлары болду. Эненин бактысы деген ушул, эненин жыргалы да ушул, түнкүсүн ойгонуп балаңды бооруңа кысып жатсаң, эне менен баланын бекем карым-катышы ушул. Анын деми менен эртеси жумушка көңүлүң көтөрүңкү жөнөйсүң.

Кызым бир жарым жашка чыкканда мага бир жумага иш сапар менен алыс жакка барып келүүгө туура келди. Мен эми ушуну менен эмчек эмизүү токтойт го деп ойлогом. Мүмкүн ишенбейт болушуңар керек, бирок мен иш сапардан келгенден кийин деле эмчегимен сүт чыгып, кызым болсо көкүрөгүмдү аймалап, эмчек эмгиси келип жатты. Кызым да, өзүм да каалаган эмизүү кайра уланды.

Эмчек эмишти биз эки жашка чыккандан кийин токтоттук. Мен дагы иш сапарга даярдана баштадым. Бул ирет эки апталык иш сапар болчу. Ушунча убакыт кызым эмчек эмбей калмак. Мен муну билип туруп эле жасадым, кызымды эмчектен чыгаруунун маалы келген эле. Эки аптадан кийин келсем Пари эмчек эме албай калганына ишенбей чоң чатакты баштады. Бирок болгону бир ирет ыйлап, анан кызым мени үмүттүү карап тим болду. Менин кызымды сагынганымды айтпа, менин кичинекей чүрпөм, экөөбүздүн ортобузда ошентип дагы бир маанилүү иш болуп өттү.

Эки жыл ичинде кызым экөөбүздүн ортобузда өзгөчө бир мамиле жаралды. Эң башкысы, ортолук байланыш ушу азыр да уланууда. Пари сегизге чыкты, уктар алдында экөөбүз кучакташып, сагынычыбызды жазып алабыз, кызым төшөгүндө жатып мени дагы кучактаса экен деп калат, мен болсо энелик сезимге балкып турам.

Менин бала эмизгенимдин кыска баяны ушундай. Бул иш жеңил-желпи эместигин сездим. Мындан ары энелердин баарына эле балаңызды эмизишиңиз керек деп айтпайм. Анын кандай экенин өз башыман өткөрбөдүмбү. Тилегиме жеттим, кызымды эмизишим керектигин күйөөм да туура көрүп, үйдөгүлөр колдошту. Кызымды эмизип жаткан кезде мен иштебей үйдө отурдум, ошондон адистердин кеп-кеңешин угууга, укалоочуга барууга мүмкүнчүлүк болду. Бул жагынан менде кыйла жеңилдиктер болду десем жаңылышпайм. Мындай шарт бардык эле аялдарда боло бербейт. Эне үчүн баласын эмизүү жеңил-желпи жумуштардан эмес. Бул деле кыйла түйшүктүү иш, бекем эркти, эрикпеген мээнетти, анан да кыйла күч-кубатты талап кылат.

Анткен менен баласын эмизген эне эч ким эч качан алмаштыра алгыс чоң нерсеге ээ болот! Эненин эмчек сүтү бала үчүн эң мыкты азык гана болбостон, анын иммунитетин коргогон, эне менен баланын мээрин бири-бирине төккөн бийик эмоционалдык жана жыт жакындыгы, үй-бүлөнүн кубанычы менен бактысы.

Энелерге дайыма жардам керек, аларды бул маселеде ара жолдо таштабагыла! Күйөөлөр, өнөктөштөр, үй-бүлө, кесиптештер, жамааттар жана коомчулук бала эмизген энени дайыма колдоп, көмөктөрүн аябашы керек. Тажрыйбасы мол кеңешчилерден жардам, көмөк сурап кайрылуудан эч уялбаңыздар. Керектүү маалыматты алыштын эч кандай эрен-төрөнү жок. Эң башкысы, менин пикиримде, сиздин ишенимиңиз. Ымыркайыңызды эмизүү тууралуу ынанымыңыз. Эне болуунун бир бактысы бала эмизүү. Бул сезим ичтен чыгышы керек.

Жашы өйдөлөгөн мен жасап жаткандан кийин сиздин колуңуздан деле оңой эле келет деп ишенем.

Юкиэ Мокуо, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG