Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18
Дайырбек Казакбаев менен Маскөөдө 1965-жылы сентябр айында жолуктум. Адабий институтту бүтүрүп, ээлигип турган учуру экен. Добролюбов көчөсүндө жатакана бар. Студенттер төлүй орустар көрүндү.

Ар кыл улуттан студенттер деле бар экен, аны кийин билдим. Айрыкча африкалык эки студент сөөк-саактуу, тамашакөй жигиттер эле. Дайырбек менен курсташ эле, аларды качырып барып тамашалаша кетип калчу. Биринин аты – Жон Океу эле.

Муну териштирип калышым, дал ошол курсташы Жок Океу кейпи Дайырбектин студенттик кезде жазган повести "Өрттөнгөн өмүр" (аталышын унутуп калыпмын, жакында мага Ырысбүбү Бөлөкбаева айтты) баш каарманын жаратууга түрткү болгон. "Ала Тоо" журналына басылган.

Жон Океу кейипкер болгонун биз жогорку курстагы студенттерден угуп жүрдүк. Ангыча эле Дайырбектин чыгармасында идеялык мүчүлүш табылып, аны "тепкиге" алуу башталды. Дараметтүү каламгер эле дешип Институт профессорлору, студенттер "Өрттөнгөн өмүр" авторун мактап жүрүштү.

Бизге жеткен аңыртта повестин баш каарманы Карл Маркстын түспөлүн эске салып калган. Ал каарман оозунан чыккан кеби советтик түзүлүшкө тетири айгак болгон. Биз болсо чыгармага кейипкер болгон Жон Океуди дагы бир жылча жатаканда жолуктуруп жүрдүк.

Ал аспирантурага өтүп Маскөөдө калган. Аны бир курдай орус улутчул ага-ини студенттер токмоктошкон. Жон моюн бербей, карылуулук кылган.

Анда ага-ини (ысымдарын атагым келбейт – ММ) Жонду атабыз деп кош ооз мынтык ала чуркашат. Араң дегенде мушташты бас-бас кылышат.

Ал кезде ксенофобия деген эмне экенин билчү эмеспиз. Советтик тарбия орус улутунда адамды байке катары көрүүгө бар аракетин жумшагандыктан мен орус дегендин алдында ким-кимибиз "жылкыбызга карап ышкырып" жашачубуз. Бирок Африкадан келген эки студенттин маанайы такыр башка болчу. Ал башкаларга жукпасын деген улутчул ага-ини кара түстөгү акындарды такалап, көзүн кыбың кылуу аракетине жасашкан... Жон Океу канткен менен бир жылдан соң Лондондогу окуу жайына которулуп кеткен.

Жазуучуну эскергенибизде анын чыгармачылыгын гана эмес көргөн күнүн да эскерүүбүз дурустур.

Дайырбек Казакбаев башка заман болгондо кыргыздын баканай жазуучусу болуп чыга келмек. Горький атындагы адабий институту менен Маскөөдөгү мамлекеттик университеттен билим алган – чу деген жерден бүтүндөй советтик системага шек келтирген чыгарма жазган дымагы күч жигит эле. Ал кездеги бийликти жалт караткан дарамет эле. Кандай эл болбосун сыймыктанар кулун болуу мүдөөсү бар жан эле.

Бирок кыргызстандык коммунисттик режим ээлери Кремлдин айкырыгын укпайлы дешип, Дайырбекти биринчи повести чыгаары менен тепкиге алдырткан.

Бул ойду чубап олтурса учугу кыйла. Режимчилер таягын жебегенибиз аз. Аны азыркы заманга жеткен улуу муун кишилер керт башын акташ үчүн айтып атат деп ойлоо болор. Кыскартайын...

А кезде тепки жеш – жаман жышан болчу. Бардык ырыс-кешиктен айрылуу дегенди билдирчү. Мына ошол ырыскыдан Дайырбек каңтарылган.

Ал кезде цензурага караганда партиялык аткаминерден сын угуу – бүт өмүрү өз тамырына балта чабылган менен барабар болучу. Инисинин андай келечегин жакшы түшүнгөн Шүкүрбек Бейшеналиев режим капканынан куткаруу аракетин жасайт. Дайырбекти тилдеп көндүрүп партиялык кызматка жармаштырат. Комсомол башчы тобуна алдырат. Шүкүрбектин самаганы, жаш кезде кетирген «күнөөсүн» партиялык жетекчилер алдында моюну менен тарттырып, инисин акыры, режим ээлерине кайра жакшы көргөзүү болгон. Бирок үмүтү суу кечпей кала берген.

Эң жаманы Дайырбек Казакбаевдин ичинде ошондон соң өзүн өзү теске салып турчу «цензор» пайда болгон. Анын жыйынтыгы кийинки жазган чыгармаларына таасир эткен. Сапаты боюнча экичи жана үчүнчү катардагы чыгармалар жаратууга мажбур кылган…

Дайырбектин алгачкы «Өрттөнгөн өмүр» повести студенттик кезден эстен кеткис чыгарма бойдон.

Адабият жаратуучулар үстүнөн жапырык салган бир партия бийлиги дараметтүү жазуучу Д.Казакбаевди жаш кезинде томукка коюп, чүнчүтүп өстүрбөй салган.


Маскөө шаары, 9-феврал 2011-ж.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG