Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Изсиз калган бир тагдыр


Кадыр Ташматовдун сүрөтү
Кадыр Ташматовдун сүрөтү

Менин чоң атам Мурат менен бир тууган Кадыр деген болуптур. Кадыр Ташматов 1916-жылы Ноокат районунун Кеңеш айылдык советинин Котур-Булак кыштагында туулган. Атасы Ташмат кол күчү менен эгин кылып, мал көбөйтүп, большевиктер чыкканда тапканын элге өткөрүп бергенине карабай кулак катары каралып, Өзбекстандын Жалал-Кудук районунун “Савай” совхозуна айдалат.

Кадыр Ташматов 1941-жылы 28-мартта берилген жумушу тууралуу №836 справкага ылайык 1934-жылдын 10-мартынан №9 Савай х/совхозунда жумушчу болуп иштеген. Аскердик билети боюнча 1940-жылы 25-декабрда Өзбек ССРинин Фергана облустук Жалал-Кудук районунун аскер комиссариатынан кайра каттоодон өткөн. Ушул дата менен ушул жерден аскердик билети берилген.

Кадыр Ташматов жазган кат
Кадыр Ташматов жазган кат

СССР союзунун Коргоо эл комиссарлыгынын №65 почта ящигинин №270243 менен 1943-жылдын 27-февралында Алма-Атада Штаб начальник капитан Ларин кол койгон күбөнаамага (удостоверение) ылайык, 1943-жылдын 29-январынан тартып Кызыл Армиянын катарына кызыл аскер катары кабыл алынган жана бул күбөнаама анын үй-бөлөсүнө Кодексте каралган жеңилдиктерди алууга укук берген.

Азыр Ноокаттын Котур-Булак кыштаганда жашаган үкаси Ташматов Өмүрзакта анын эки каты сакталып турат. Латынча арибде, өзбек сөздөрү аралашып кеткен кыргыз тилинде жазылган ал кат бир адамдын биз көрүп-билбеген элестерин чагылдырат. Бирин 1944-жылы 18-августта жазган. Полевая почта – 21 (4) 58 (?) жакшы окулбайт. Же 21844. Каттан окулган жерлери: “Н. газанында жашап турган менин ата жана апаларым, ... эжелериме, жеңелериме, үкаларима, карындаштарыма жана да акаларга мен Гадырдан Чоң саламымды жазамын”. “...Сизлерге эсендик бугезде суранып турам..., мени сурасаңар мен армия кызматында көптүн бири болуп жүрөм”... “Ата тениңиздин саглыгын мен ерте-кечте”... “өзүңүздү көрбөсөм...”

2-каттан: “эсендик салам”, “сагынып салам”. “Мен Кадырдан ысык салам... атамга”. “Силерден жаңылык жазыңыз”. “Ата ежелириме, карындаштарыма сагынып салам... Армиядан ким барса ошону билдиргиле. Жаңы өспүрүмдөргө, келин-кызларга баарына дува. Закир тагама дува. Кудуш ортагыма. Алыстан кат караган Кадыр 23/VIII 44 жыл (Бул кат үч бурч формасында IlOSC DOSTARCZONEGO M1 деген жазуусу бар бланк-кагазга жазылган).

Ошол боюнча ал киши дайынсыз болгон. Үйлөнгөн да эмес экен. Бир тууган акаси Мурат менен согушта чогуу болуп, Сталинграддын алдында агасы снаряд тийип каза болгондо сөөгүн өз колу менен терип, жерге бергенин көргөндөр айтып келиптир. Согушка Ташматов Мурат жана Кадыр Өзбекстандын Фергана облусунун Жалал-Кудук районунунан чакырылган. Өзбекстандын “Книги памяти” деген китебинде Жалал-Кудук районунан (анда Анжиан облусу деп көрсөтүлгөн) аскерге чакырылгандардын тизмеси берилген, анда Ташматов Кадыр да, Ташматов Мурат да жазылган эмес

Абдыкерим Муратов, адабиятчы

XS
SM
MD
LG