Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

Дин иштери боюнча серепчи Бакыт Мурзараимов өлкөдөгү диний кырдаал тууралуу “Азаттыкка” ой бөлүштү.

“Азаттык”: Жакында диний жогорку окуу жайлардын мугалимдери парламентке кайрылуу жолдоп, динчилдерди сындагандарга таарыныч билдиришти. Алар Жогорку Кеңештеги комитеттердин биринде дин маселеси талкууга алынып, башка дин жөнүндө сөз болбой, исламды кармангандарга көбүрөөк сын айтылганына нааразы. Жыйынды эл аралык уюмдар каржылаган экен. Кыргызстандагы дин маселесине эл аралык уюмдардын да кийлигишкени канчалык туура?

Мурзараимов: Бул абал Кыргызстанда исламдын өнүгүп баратканы эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп жатканын көрсөтөт. Эл аралык уюмдун кызыкчылыгына өлкөдөгү диний абал каршы келгенде ушундай аракеттер башталат.

“Азаттык”: Соңку учурларда исламчыл көз караштарга сын-пикирлер арбып баратат. Айрымдар буга кээ бир динчил кишилердин ашыкча эле фанатташып кеткени себеп болуп жатканын айтууда...

Мурзараимов: Кыргызстан демократияны тандап алган өлкө. Дин эркиндиги чектелген эмес. Жарандар арасында диний ишенимдин жогорулашы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Дин тутуу эркиндигин сындоо туура эмес. Демократияны тандап алгандан кийин ушундай абал жараларын алдын ала билишибиз керек болчу. Динге берилгендерди сындоонун өзү демократиянын жышааны эмес.

Дин тандоону эркин кылган бийлик аны башынан көзөмөлдөш керек болчу. Коопсуздук үчүн диний абалды көзөмөлдөп туруу бийликтин милдети болушу керек эле.

“Азаттык”: Диний маселелер боюнча талкуулар болгон учурда көбүнчө ислам дини тууралуу гана сөз болот. Шарият жолундагылардын нааразы пикирин жараткан ушул нерсе. Динге ашкере берилүү, айрым учурларда радикал кадамдарга баруу ислам жолундагыларга гана таандык десек жаңылбайбызбы?

Мурзараимов: Бул, албетте, жаңылыштык. Адамдар өз каалоосу менен динди үйрөнөт. Диний илимдерди ар ким өз деңгээлине жараша, колунан келишинче кабыл алып жатат. Алардын жаңылыштыгы бийлик башындагылардын катасы. Атуулдарга туура багытты тандоого жол ачып бериш керек болчу.

Динчил болуунун жол-жобосун өкмөт ойлонуп, маселени чечиши керек эле. Азыр мекендештерибиз ар кандай жактардан, түрдүү жамааттардан үйрөнүп жатышат. Радикалдык көз караштарга ушул нерсе түрткү болууда. Бирок муну бир гана исламчыларга таандык деген туура эмес.

Дин комиссиясынан бир топ диний уюмдар каттоодон өткөн. Анын ичинде христиан динин жактаган топтор да көпчүлүктү түзөт. Исламды бетке карманган агымдар менен катар христиан динине жамынган агымдар да бар. Алар деле жөн жаткан жок. Дүйнө коомчулугунда террорчулук, радикалдашуу дегенде эле исламчылардан көргөн саясат калыптанып калды. Коомчулук сын айтканда бүтүндөй бир динди эмес, (дин ичиндеги) агымдар тууралуу сүйлөсө жакшы болмок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG