Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Биринчи Май райондук соту Эркин Мамбеталиевдин арызын кароого киришет


Биринчи Май райондук соту.
Биринчи Май райондук соту.

Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн баштала турган жараянга Эркин Мамбеталиев келбейт, Турдукулов өзү адвокатсыз сотко катышат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы делген Эркин Мамбеталиев Турдукуловдун үстүнөн быйыл ноябрдын этегинде сотко кайрылган. Ал "Фейсбуктагы" билдирүүлөр "аброюма шек келтирди" деген негизде арыз жазып, моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Адил Турдукулов Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын айтууда.

Эркин Мамбеталиев буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. 2005-жылы, андан кийин 2010-жылы эки ирет абактан бошоп чыккан. Анын аты былтыр “Вечерний Бишкек” гезитине байланыштуу ызы-чууда да аталган. Басылманын ошол кездеги жамааты рейдерлик басып алуу болуп жатканын жана анын артында тургандардын арасында Мамбеталиев бар экенин жарыялаган. Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басылмасын сотко берип, кадыр-баркыма шек келтирди деп 50 миллион сом талап кылган. Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин Мамбеталиев менен байланышы бар деген маалыматтарды четке каккан. (NT)

XS
SM
MD
LG