Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ар бир кыргыз жараны жарык өчпөшүнө салым кошсо


Мектепти эң жакшы окуп, келечекте Кыргызстандын мыкты укук коргоочусу катары өз салымымды кошкум келет. Азыр мектептен сырткары комуз жана эркин күрөшкө катышам.

Мен кыргыз жеримдин кооз, элибиздин мээнеткеч болушун каалайм. Ал үчүн ар бир кыргыз таза иштеп, айылдардын жана да Кыргызстандын жолдору асфальтталып, ар бир үйдө бирден айыл чарба техникасы, жарык өчпөй, суу токтолбой үйдө агылып турушуна жетишине ар бир кыргыз салымын кошушу керек, деп ойлойм. Жана да эң чоң байлык ден соолук дегендей, медицина борборлорун көбөйтүш керек, ден соолукта болуш үчүн эң башкысы аба, экология таза болушу зарыл. Табиятты жакшылап булгабай сакташ керек. Ошондуктан Кыргызстандын ар бир көчөсүндө таштанды салгычтар турса жерибиз таза болмок.

Айылдагы элдин турмушун жакшыртыш үчүн айыл чарба техникасы жетиштүү болушу керек. Аны менен эле чектелбей көп-көп заводдор курулса Кыргызстан алдыга жылат, деген ишеничим бар. Кыргыздардын ден соолугу чың болуш учун спорт менен машыгыш керек, ошондуктан спорт залдар көп салынышы керек. Балдардын аң сезимин жогорулатуу менен, көркөм музейлер, комуз кружоктору жана китепканалардын арбын ачылышын колдойм.

Азыркы мезгилде илим менен техниканын өсүп жаткан мезгили. Кээде телевизордон укмуштуудай машиналарды, уча турган кичинекей самолётторду, вертолётторду көрсөтүп калат. Бизде дагы Кыргызстанда ошондой техникалар болушун каалайм. Эгерде келечекте биздин тоолуу өлкөбүздө машиналардын көпчүлүгүн уча турган техникалар алмаштырса тоолуу жолдорубузда көчкү жүрүп жолдо кыйналышмак эмес, деп ойлойм. Биздин өлкөбүздүн баалуулуктары: таза суулары, арча-карагайлары, ак мөңгүлөрү - туристтерди кызыктырган жерлерибиз туура пайдаланылып кыргыз элибиздин өсүп-өнүгүшүнө жана дүйнөгө таанылышына өбөлгө болсо дейм.

XS
SM
MD
LG