Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Бала болгонубуз үчүн СССРдин майрамдары жана анча-мынча майда-чүйдөлөрү эле эсте калды окшойт. Анан дагы байкем-эжемдердин «Горбачевдун башында СССРдин картасы тартылган» дегенине да ишенчүмүн. Себеби, анын кашкайган башындагы так анык эле картага окшош болчу. СССРдин бала кездеги бир-эки үзүмдөрүнүн бирөө ошол башта тартылган карта эле. Калганы болсо колхозчулар жайнап иштеп жүргөн талаалар, чаң жолдордо ары-бери чөп, жем ташыган машиналар жана эң негизгиси майрамдар, 1-май жана жаңы жыл майрамы. Калп айткан менен болобу, 1-майды жаңы жылга караганда көбүрөөк жакшы көрчүмүн. Себеби, жаңы жылда бизди али чыт курсак дештиби же дагы башка себептери болдубу, айтор, бизге көп деле маани берилген жок. Ага караганда 1-майда бизге берилген бир сом менен дүкөндөн каалаганыбызды сатып алып, бирде сай жээгине отуруп, бирде тээтиги капчыгайга чейин тентип кетип ойда майрамдачубуз. Балык уулачубуз. Балабыз да, анча-мынча момпосуй, консерва, анан «малыш» (наристелерге берилчү күлмайда) жесек ыраазы болуп калаар элек. Баса, лимонад деген "шүмшүк" биз жакка кээде эле келчү. Бул жакта жайнап жаткан балмуздак дегеле барчу эмес. Лимонад келиптир айылга дегенде байкем экөөбүз алапайыбызды таппай калар элек. Досторубузга чуркап, эжелерибизге чуркап, кайдан кантип тыйын таап ичсек дегенде эки көз төрт. Дагы жакшы, кээде бош бөтөлкөгө алмашабыз деп калчу. Оой, ошондо бош бөтөлкө издеп, аларды ар кай жерден таап алып жууп-тазалап жүргөнүбүзчү. Тамак ичкен чыныбызды да анча жуубасак керек...

Кыскасы, биздин балалык ушундай нерселер менен өттү. Жай күндөрү улуулар бүт талаага кетет. Өзүмөн эки жаш улуу байкем экөөбүз да бир аздан кийин талаага жөнөйбүз да, чөп тартып бараткан же дагы бир иш менен топурак жолду чаңызгытып бараткан машинаны кол көтөрүп токтотуп, кайсы бир жакка чейин ала кетүүсүн суранып, алар салып алса тим эле төбөбүз көккө жетчүдөй кудуңдап, ошол калдыр-шалдыр этип кабинасына чейин чаң баскан машинага отуруп кетип калчубуз. Мына биздин бала күндөр. Андан башка ырыстуу деле эч нерсе көргөнүбүз жок.

Ошентип жүрүп эле бир убакта СССР тарайт-тарады болуп калды. Ар ким ар кандай сөз сүйлөп, дүркүрөп жатты. Көбүнчөсү коркуп алган. Чынында ага чейин эле дүкөндөрдө эч нерсе жок, тартыштык болуп атса керек эле. Бирок, СССР тарайт дегенде элдин ого бетер үрөйү учту. «Эми даана ачарчылык болот экен» деген кеп айтылып жатты. «Нан баланча болот, ун баланча болот» деп жатышты элдер. «Ушундан көрө тарабай эле коюш керек эле» деп Горбачевду ашата тилдеп жүргөндөр да бар. «Ошол сатып кетиптир», «Ошол Америка менен сүйлөшүп келиптир», «Ошол эле таратып ийди» деген кептер каргыш менен кошо айтылып жатты. Бирок, менин байкашымча атам СССРдин тараганына көп деле кейиген жок. Ал тургай ага негедир жакты бул кабар. А эмнеге билесизби? Эмесе угуп туруңуз..

Атам айылда жаштайынан айдабаган техникасы калбаган алдыңкы шоопурлардан болчу. «Комбайн айдадым, трактор айдадым, жай-кыш дебей Ак-Сай, Арпадан бери кыдырып, жүк машиналарды айдадым» дечү. «Колхоздун азабын тарттым, колхоздун чалдыбары чыккан машиналары өмүрүмдү, ден соолугумду алды» деп кейичү. Анткени менен ал тынбаган эмгекчил адам боло турган. Эсимде, кокту-колоттогу колхозчулар чаппай таштап кеткен чөптөрдү чаап, жыйнап же арпа ташып атканда кайсы бир актив менен сүйлөшө калып бир машина саман түшүрө калып же барып бир жерден арпа алып келе калып, айтор колхоздун ишинен сырткары шашмалап жүрүп үйгө тоют камдачу. Себеби, мал кармайбыз да. Канча экенин билбейм, бирок, бир аз мал-жан бар. Андайлар негизи айылда көп эле болот. Бирок, көбүнчөсү колхоздун иши, айлыгы менен эле жашачу.

Мына атам ошого кейичү. Аны айрыкча моюнунан байлаган иттей кыңырылып жүргөнүнө карабай эл катары жашап, тим эле кыйратып салгандай басып жүргөн жалкоолор кыжырлантчу. А өзү мал-салын көбөйтүп, жакшыраак там салайын деп, ошого мүмкүнчүлүгү жетип турса да СССРдин мыйзамына ылайык ага уруксат берилчү эмес.

Ооба, атам биз бала кезде маңдайдагы огородубузга килейген тамдын пайдубалын тургузган. Астын аябай каздырып, үймөк-үймөк шагыл төктүрүп, цемент алдырып, арматура алдырып бою биздин боюбуздан да бийик, чоң пайдубал тургузду. Бирок, ошол үй ошону менен эле токтоп калган. Көрсө, айылда «Баланча килейген үй салып баштады. Ал бир үйү туруп дагы бир үй салып атат. Акчаны кайдан тапты» деген кеп башталган экен. Аны биз кайдан билебиз. «Биздин жаңы там качан бүтөт?» деп күтүп жүрүп эле калып калдык. Себеби, ал кезде андай чоң там, андай пайдубал тургузуу айылда өтө сейрек кездешкен көрүнүш эле. Чынын айтсам азыр деле атамдын ошол тамы айылдагы далай жаңы тургузулган үйлөрдөн чоң.

Кыскасы, ошентип СССР тарайт дегенин атама жана анын өзүнө окшогон пикирлештерине жакканы менен, көбүнчө адамдар нааразы болуп жүрдү. Айтмакчы, чынында эле атамдын бир канча теңтушу эгемендүүлүктүн келишин кубана кабыл алышкан. Муну бир жолку көрүнүштөн улам даана байкагам.

Бир жолу «Кыргызстандын герби кабыл алынып жатат, баланча сунуш киргизилди» деген жаңылык телевизордон айтылып калды. Дагы бир күнү болсо «Бүгүн кайсы герб кабыл алынары белгилүү болот» деген кабар айтылды. Ошол күнү эсимде, атамдын теңтушу, айылдашыбыз ыраматылык Кенжебай аке келди үйгө. Биз баарыбыз телевизор тиктеп, кайсы герб кабыл алынар экен деп отурабыз. Аңгыча убак-сааты келип герб да айтылды. Ошондо атам менен Кенжебай аке кубанганынан тура калып бири-бирин бекем кучактап куттукташып атышат, шумдугуң кургур. Чоң кишилердин ушунча кубанганын биринчи жолу көрүшүм. Чынын айтсам, соо эле беле же кызуу беле эсимде жок. Бирок, балакет болсо да далдайган адамдардын минтип кайсы бир кабар үчүн ушунча кубанып атканы мен үчүн өтө таңкалычтуу көрүнүш эле. Ошондон улам азыр ойлосом эл ичинде нааразы болгондор көп болгону менен эгемендүүлүктү чоң кубаныч менен кабыл алып, ар бир кадамына, элибиздин эркиндикке ташталган ар бир ийгилигине маңдайы жарыла сүйүнгөн адамдар да болгон экен.

Ошондон кийин болдубу же андан эртерээк болдубу, айтор айылда эл дыйкан чарбага тарап, колхоздун малы, жери, техникасы жан башына эсептелип таратыла баштады. Кантсе да эс тартканы чогуу иштеп, чогуу мал багып көнүп калышкангабы же мынча малды (ар бир үй-бүлө 100дөй койлуу болду) кантип багабыз дедиби, айтор көбүнчөсү тууган-туушкан болуп, урук-урук болуп биригип чарба түзүп жатты. Биз дагы өз урукташтарыбыз менен жалпы 20дай үй-бүлө чогуу дыйкан чарба түздүк. Атамдар күнүгө жыйналып алып баланча мал мындай, түкүнчө кашар тигиндей, баланча жер суулуу же баланча жер кайрак деп эле жыйналыш куруп, сүйлөшүп жатышчу. Аңгыча эле бир күнү айылда кашарлар жерлери менен бөлүнөт болуп калды. Атамдар өз бирикмесинин атынан бирөөнү жыйналышка киргизип ийип, калганы биздин үйдө кеңешип отурушат. Бир даары «Талаа станды» алалы деген пикирге келип алышкан негедир. Себеби, анын айланасындагы талаа суулуу, түз жер болчу. Нары жагында жайыты да кенен, тоого да жакын.

Бирок, жери жакшы болгону менен стандын өзүн эмне кылабыз дегендер да болду. Стан дегенибиз ошол тоого, шар аккан сууга жакын салынган, айылга жумушка айдалган студенттер же ар кандай топтор жашаганга ылайыктуу салынган комплекс эле. Айланасы бак-шак менен курчалган, ичинде толтура бөлмөлөрү бар, короосунда футбол, волейбол ойной турган аянты, кинозалы, тамак ичкен ашканасы, бильярд бөлмөсү, китепканасы бар болчу. Эсимде, бир жолу сырттан кайсы бир окуу жайдын чоң-чоң балдары келип бир айча туруп кетишкен. Ошондо аларга кошулуп тамак ичип, аларга кошулуп ойноп, кино көрүп жыргаган элек.

Эми айылда эс алуу менен иши жок, ал тургай футбол ойноп, бильярд атпаган кишилер да минтип чогулуп алып ошону алсак деп отурат. «Ой аны эмне кылабыз? Андан көрө мал бакканга ыңгайлуу кашар алалы» деп калды бирөө. Ошондо биздин уруунун аксакалы эсептелген Надырбек аке минтип сүйлөгөнү эсимде. «Станды алып иштетебиз. Кино коёбуз, мейманкана кылып иштетебиз. Айылдын балдары бош убагында барып ойнойт, сырттан кишилер келет. Ашканасын иштетебиз» деп жатты. Чынында бул сөздөр мага аябай жакканы менен, ошончолук таңкалычтуу да көрүндү. Элестеткиле, айылда кино театр ачылып, аны биз иштеткени турабыз. Деги кино театрдын ачылышы эле кандай сонун! Көрсө, Надырбек аке кыйла эле көрөгөчтүк кылган экен. Болгону, аны колдоп, ал ойлогонду ойлоп кете турган киши ошол жерден табылган жок. Көпчүлүгү ал жердин түз талаасына, суусу молдугуна, жайыты кенендигине кызыкканы менен, мал кармай турган сарайы аздыгынан айнып жатышты. А кино, ашкана, мейманкана кылып иштетүү көпчүлүгүнө жөн эле жомоктой сезилди. Аттиң, ошол жай кийин бөлүштүрүүдө бизге тийбей, башка бирөөлөргө өтүп кетти да, жанагынча шарттары бузулуп, малканага айланды. Баса, кийин айылдан чыккан тың жигиттерден бирөө аны бүтүндөй сатып алып, турист тосуучу жайга айлантам деп турганда кайдан-жайдан ажал тооруп, өзү каза болуп кетти. Ошону менен ал жер кайра эле аңгырап бош калды.

Кыскасы, эгемендик бизге ушундай кызуу талаш, кызуу талкуу менен келди. Ал кездерди эстесем, адамдар же кубанычы коюнуна батпай сүйүнүп, же кантерин билбей кайгыга малынып жүргөндөй сезилет. Байкашымча ансыз да жашоосуна тың, бутуна турайын десе жогору жак төбөгө чаап тургандар эгемендикке кубанса, эптеп эл катары жүрүп же эптеп эле караанын көргөзүп жан сактап жүргөндөр үчүн чыныгы кайгы болгон окшойт. Ал эми ошол кезде кыйла жашка барып калганына карабай, алда канча кенен ойлоно алган Надырбек аксакалга окшогондор үчүн эгемендик өзүнчө эле болгон кыялыңды орундат, кааласаң килейген мамлекеттин эң четки бурчунда калган айлыңа кино театр ачып, мейманкана иштет дегендин өзү болчу. Ооба, чынында эле эркиндик, эгемендик деген ошол эмеспи. Кыялыңдын жетишинче, дараметиңдин жетишинче жаша деген сөз да ал. Кааласаң айылдын эң чоң тамын эң сонун материалдар менен сал. Кааласаң алдыңа күтүрөтүп мал айда. Кааласаң эч кимдин оюна келбеген кыялдарыңды орундатып көр. Мына сага, мындан ашык кубаныч болобу, мындан ашык эргүү болобу! А кимдир бирөөгө көз каранды болуп, кимдир бирөөнүн айдагы менен жүрүүнү каалагандар үчүн кайсы жерде болбосун башкара турган киши табылат. Алар деле кейибей койсо болмок...

Насыпбек Асанбаев

XS
SM
MD
LG