Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23
Жолго чыкканда дайыма үн катпай, өткөн-кеткенди, бала чагымды эстеп, түркүн кыялга чөмүлгөндү жакшы көрчүмүн. Бирок бул жолу андай болбоду.

Мени менен чогуу бараткан күйөөсү менен келинчегинин шарактаган күлкүсү, мотурайган эки бөбөктүн ата-энесинин "мээсин чаккан" суроолору, автоунааны жарып жиберчүдөй жаңырган музыка бир калыпта кыялга чөмүлүүмө тоскоол болуп туруп алды.

Бир чети жиним келип, бир жагынан таңыркап, болор-болбос нерсеге эмне эле каткырышат деп кыртышым сүйбөй бараттым. Жолдошу кыңылдап, музыкага кошулуп, ырдамыш болуп коёт. Кайсы ыр экени эсимде калбаптыр, бирок “керексиң мага абадай” деген саптары көңүлүмө уюду.

Бир убакта байке баласынын башынан сылап, “уулум, кызым үчөөбүз сен Орусияда жүргөндө ушинтип ырдаганбыз да” дегени кулагыма шак дей түштү. Көрсө келинчеги балдарын багайын деп, алыскы Орусияга иштеп кетип, жаңы эле келген экен. Балдарын атасы карап, Кыргызстанда калыптыр.

Бул окуя кызыктуу сезилип, алардын мамилесине астыртан байкоо жүргүзө баштадым. Келинчегинин жүзүнөн, күлкүсүнөн сагыныч, кусалык, кубаныч сезилип турду. Жолдошунун көздөрүнөн, ырынан сүйүнүчтүн учкуну чачырап, телегейи тегиз болуп, бакытка балкып турганын байкадым.

Эркек баласы 5-6, кызы 3-4 жаштар чамасында болчу, алар да бир орунга отурбай шоктонушат. Бир сүрөтчүнүн ар кыл боёктор менен тарткан үй-бүлө деген картинасын көрүп жаткандай ичимен суктанып бараттым. Эрксизден жылмайып, аларга кошулуп, каткырып күлгөнүмдү да байкабай калдым.

Жашырганда эмне, бул эми турмуштун ачуу чындыгы, айыл калбай үй-бүлөдөн бирөө "бала-чакамды багайын" деп, Орусияда же Казакстанда жер кезип жүрөт. Алардын катары азайгандын ордуна мигрант мекендештерибиздин саны күн сайын көбөйүп жатпайбы. Бар болгону 400 эле түтүнү бар айылымда ар бир үчүнчү үйдө бирден-экиден мигрант кездешет.

Жер кезип кеткен мекендештерибиз көбөйгөн сайын үй-бүлө деген баалуу нерседен жарака кетип жатканын ойлонобузбу? Кичинекей кезимде атам жаңы баш кошкон жубайлар эки жакта бөлүндү жашаса, же болбосо балдарын таштап коюп, башка жакка кеткенин көрсө, “үй-бүлө болгондон кийин эки жакка бөлүнбөй бала-чаканы чогуу тарбиялап өстүрүш керек, балдары бир жакта, аялы бир жакта жашоо кантип турмуш болсун, ата-эне берген таалимди эч ким бере албайт” деп айтканы кулагыма сиңип калганбы, үй-бүлө десе бир бүтүн мамлекет эсиме келет.

Мындан үч жыл мурда тааныш эже балдарын, күйөөсүн үйүнө калтырып, Орусияга иштегени жөнөгөн. Өз үйүндө өлбөгүдөй оокаты, короо толгон малы деле бар болчу. Бир жылдан кийин кайра келди. Жолдошу “күнү-түнү телефонун чукулайт, менден жашырынып ар ким менен сүйлөшөт, соо эмес, ал жактан бир тажикти таап алыптыр” деп шек санап жатып, аялынын абийирин төктү. “Үйүнөн бакыт таппаган аял эч жерден бакыт таппайт” деген сөз бекеринен айтылбаса керек, ал эже да ошентип Орусиядан мүшкүлдү өз башына үйүп келди. Күйөөсү көзү менен көрбөсө да, шек санап, эжени үйүнөн кубалап чыгып, ажырашып тынышты. Балдары чилдей тарап, үй-бүлөсү күзгүдөй быркырады. Жолдошу ээн үйдө коколой башы менен калды.

Мен көргөн адамдар алардан айырмаланып, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турса да, эртең эле экиге бөлүнүп, айрылуу азабын чекпесе экен деп, астейдил тилек кылдым.

Нуржан Жумабек кызы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG