Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Мекен жөнүндө ойлонгонго келгенде өтө алсыз калкпызбы деп кээде ичимден сыздап, кейип алам.

Өзүм мектеп окуучусу болсом да, сырт жактарга чыгып көрбөсөм да өлкөнүн тагдыры менен кошо болуп, ойлоном, чиеленген тагдырын бат эле чечип жибергим келет. Бирок менин жалгыз кадамымдан өлкөнүн тагдыры өзгөрүп кетпесин түшүнүп, катуу үшкүрүктүн жеңишинен кийин отуруп калганыма өтө кейип-кепчип калам.

Ааламдашуу элдин оюн да теңирден тескери бурду бейм “Мекен” деген сөз кыскарып “мен” дегенге дароо өтүп кеткени биздин элдин мекенге болгон сезимин ого бетер жалпыйтты. Мына сага ааламдашуунун кесепети, мекенге болгон сүйүүнү четке кагып кайдыгерлик менен маңкурттукту алдыга салып алдым-жуттум заманды кура салды. Мен муну, тагыраагы кайдыгерлик менен маңкурттукту өлкөнүн трагедиясы деп эсептейм, жергебиздин үстүнөн айланган кара булут деп айтат элем.

Азыр ар бир кыргыз дебейин, көпчүлүгү өзүм болсом болду калганын бөрү жесиндикке салып жашап калышты. Азыр эл-жер үчүн кой, бир тууган менен бир тууган бири-бирине күйүшпөй калган заман болуп калбадыбы. Анан ушинтип отурсак кантип өнүгөбүз, кантип алдыга жылабыз деп бир сыздайм да!

Мекенди канткенде сүйө алабыз? Мен бул суроого, мунун башаты тарбиядан деп айтат элем. Уккан бир кебимден айтып берейин.

Жапон калкы баланы төрөлгөнгө чейин, түйүлдүктө кезинен баштап мекени үчүн, мекенин сүйүүгө тарбиялайт экен. Бала түйүлдүктө чоңоюп баштаганда, качан көз жараардын алдында ата-энеси ага жакыныраак кылып өлкөнүн гимнин ойногон музыканы коюп беришет экен.

Анан ал түйүлдүктө жаткан бала аны кадимкидей туюп-сезип өзүнө сиңирип, ошондон баштап мекенге болгон сүйүүсү башталат экен. Мына кызык, укмуштуу сырдын кабары. Ал эми биз эмне кылабыз, кантип тарбия беребиз? Биз, кыргыздар түйүлдүктө кой, бала бакчада кезинде али эрте, дагы эс тарта түшсүн деп ач айкырык салып качан бала мектепке киргенинде анан мекен жөнүндө мээсине куя баштайбыз. Мына биздин “бышыктыгыбыз”, ”мекенге болгон сүйүүбүз”.

Ошондуктан жогорудагыларды камтый элиме кайрылып, тарбияны пайдубал кургандай түбүнөн бекем кынаптап келечек муунду, мекендин кең келечектүүлөрүн мекен үчүн жанын бергидей тарбия берсек. Ошондо анан гүлдөгөн Кыргызстанды кура алабыз деп ойлойм.

Эгемендүүлүктүн 23-жылы менен жалпыңыздарды куттуктайм. Кыргызстан 23 жашың кут болсун! Өлкөбүз өркүндөп өсө берсин. Алгалай бер кыргыз эл, азаттыктын жолунда!

Нурлан кызы Айым. Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кара-Бүргөн айылы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG