Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Эне болуу бактысына эгедер болгон ар бир аялзаты мактоого, даңктоого арзыйт. Анткени адамдан адам жаратып, өмүр улоо кудурети энеге гана берилген.

Тогуз ай түйшөлүп боюна көтөргөн наристенин эрезеге жеткенге чейинки түйшүгү эненин мойнунда. Ал гана эмес, ата-эне болуп калган балдарынан да санаасы тынчыбаган апалар алар үчүн бардыгына даяр. Ар бир баланын ден соолугун, өмүрүн, бактысын, аманчылыгын тилеп, басса-турса Кудайга жалынган да энелер.

Бала үчүн эненин сүйүүсүнөн өткөн айныбас сүйүү жок го, деп ойлойм. Себеби бала кандай гана жагымсыз иштерди жасабасын эне кечире берет экен. Мен апамдын ушундай сапаттарын көрдүм.

Мен анда 9-класста элем. Агам 11-классты бүтүп жаткан. Сабагын мурдагыдай жакшы окубай, көчөдө көбүрөөк жүрүп калды. Агам эле эмес, ал теңдүү балдардын баары эле ошол. Ышкырык, кыйкырык. Күн-түн топтошуп алышып, күркүрөп сүйлөмөй, каткырып күлмөй, бакыртып музыка коймой, түнү көчөдө жүрүп, күндүзү уктамай. Деги койчу, ошондо апама эле кыйын болду. Бир чети атамдан коркуп, бир чети агамдан тынчы кетип, уктабай чыккан түндөрү болду. Кээде жарым түндө мени ойготуп алып, агамды издейт элек. Тапсак таап, таппасак айылдагы иттерге таланып кайра келчүбүз. Анан кайдагы уйку? Эртеси дагы эле баягы.

Апам катуу урушпайт эле. Акырын гана акыл-насаатын, таарыныч, эскертүүсүн күйүп-бышып айтар эле. Бирок дагы эле баягы…

Ошондо да апам каргап-шилеп, кыйкырып, өкүрүп, жинденбейт эле. Атама айтса чоң жаңжал чыгып, кошуналарга уят деп жашырчу. Ал гана эмес, улуу бир туугандарга да көп айтчу эмес. «Араңарга суук сөз аралап, бири-бириңерди жек көрүп калбагыла» дечү.

Андан өзүнүн чачы куудай агарып, көзүнүн айланасындагы бырыштары көбөйүп, жүрөк оорулуу болуп калды. Агам аны байкамак түгүл көңүл буруп да койгон жок. Тамеки тартканы аз келгенсип аракты тойо ичип, айнек сындырмай болду. Эми апамдын эмес, атамдын алы жетпей калды.

Апам ар дайым үйдө суу толуп турганын жакшы көрчү.

«Суу - бул жашоо, өмүр. Тиричиликтини баары суу менен бүтөт. Идиштерге сууну толтуруп, үстүн жаап койгула»,- дечү.

Бир күнү мектептен келсем, эки чака суу чайпала төгүлүп, апам жерде суналып жатат. Сыягы, кир жууймун деген го. Агамдын ылайга оонап келген шым-көйнөктөрүн дагарага салып, даярдап койгон экен.

Китеп кабымды ыргыта, бардык үнүм менен кыйкырып апамдын үстүнө жыгылдым! Апам унчукпады. Жер тепкилеп ыйлап, чуу салдым... Апам ойгонбоду! Үйдөн уктап соолуккан агам чыкты. Апамды көрүп эсин жыйды. Бакырды! Жерден апамдын али ката элек сөөгүн көтөрүп алып короодо боздоп ыйлап жүрдү. Бирок апам көзүн ачпады. Бизди, жакшы көргөн балдарын, түбөлүккө таштап кете берди. Короо таптаза шыпырылган. Үйгө кирсем казанда булоолонуп тамак кайнап жатат. Эң акыркы апамдын колу менен жасаган тамак. Малга да чөп салганга үлгүрүптүр. Байкуш апам!...

Көп чекиттин ордуна көз жаштарым тамчылап жатканын билдиң бекен апа! Чыдабадым!... Бала деп жүрүп башыңдан кандай гана күндөрдү өткөрбөдүң, апа! Анын баарын кагаз бетине түшүрүп баяндоого менин кудуретим жетпей турат. Чоң акын же жазуучу болуп калсам сенин басып өткөн жолуңду бүтпөгөн поэмага, том–том болгон романдарга айландырып жазар элем. Эгерде сүрөтчү же скульптор болсом сени сүрөтүңдө тирилтип, бейнеңди асыл ташка чегер элем!.. Аттиң дүйнө! Көкүрөктөгү көйдү айтууга менин тилим да, убактым да жетпей турат. Дилбаянга берилген убакыт бүттү, бирок сен менин жүрөгүмдө өмүр бою жазылуусуң, апа!

… Агам ошол боюнча ичкен да, чеккен да жок. Баарын кеч түшүндү. Экөөнүн тең кайгысына ортоктош болуп, экөөнү тең түшүнүп, апамдын ордуна агамды кечирип мен жүрөм.

Мен быйыл 11-классты бүтүрүп жатып, ушул дилбаянымды апамдын жаркын элесине арнап жазгым келди. Канчалык оор болсо да жаздым. Биздей өспүрүмдөргө сабак болсун деп жаздым.

Энелерди тирүүсүндө барктайлы. Алардын ден соолугу, өмүрүнүн узун - кыскалыгы балдарынын колунда тура!

Менин боорукер, сабырдуу, мээрман, акылдуу, сезгич, кайраттуу, намыскөй апам дил азабынан кайтыш болду. Бирок апамды сыйлаган адамдар бар болсун. Тирүүсүндөгү кыял-жоругун, баскан-турганын, сүйлөгөн сөздөрүн, өтө эле мээримдүүлүгүн, өтө эле баласаактыгын, адамгерчилигинин бийиктигин айтып эскерип калышат. Мен алар менен сүйлөшкөндө жеңилдей түшөм. Апамдын муңайыңкы ойлуу көздөрүн элестетип, аны менен сүйлөшкөндөй болуп калам. Эненин ордун өмүрдө эч ким толтура албайт дечи, ошентсе да бир аз көңүл жубаткым келет.

Бар болсун асылзат энелер!

Майрам Нурмаматова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG