Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Ата-бабаларыбыз калтырган көөнөрбөс руханий бай, баалуулуктарыбыз турса, улуттук идеология жок дегенибиз биз үчүн уят иш жана келечек муун алдында кечирилгис катачылыгыбыз. Эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекетибизди өнүктүрүп-өстүрүү үчүн азыркы убакта жашап жаткан баарыбыздын тагдырыбызга туш келип отурат. Ошол жоопкерчиликти сезип, милдетти моюнга алып, омоктуу ойлорду ортого салып, ынтымак-биримдикти чыңдаган, элди асыл сапаттарга үндөгөн улуттук идеологияны кабылдап, алдыга карай багыт албасак, бул жаатта күн сайын, саат сайын кечигүүдөбүз.

Ата-бабалар Манас, каада-салт, үрп-адат жана макал-лакаптар баш болгон бизге мураска калтырган көөнөрбөс улуттук баалуулуктарыбызды сыймыктануу менен улуттук идеологиянын өзөгү кылып колдонсок болмок. Себеби бул баалуулуктар Жараткандын жаратылышы менен айкалышып жашагандан баштап, ар бир нерсе өз орду менен турмушта колдонулуп келген жашоонун даяр эрежеси. Эгерде улуттук идеологияны жогорку деңгээлде иштеп чыксак, бул идеология жеке кыргыз элине жана кыргыз жеринде жашаган башка улуттарга эле эмес, жалпы адамзатка кызмат кылуучу идеология боло алмак.

Азыркы убакта биздин коом тарбия жагынан аксап жаткандыктан “Тарбия, тарбия жана тарбия” деген ураан учурдун талабы болууда. Үйдө, коомдо, айлана-чөйрөдө, кызматта, бийликте болобузбу, бардык тараптан сылык, элпек, меймандос, адептүү, абийирдүү, ар-намыстуу, жоопкерчиликтүү, милдетчил, мекенчил, эмгекчил, ийкемдүү, эли жерин сүйгөн патриот болгондой тарбия алалы. Асыл ойлорду ойлоп, сөздүн кудуретин баалап, кыска-нуска маңыздуу сүйлөгөнгө үйрөнөлү. Чындыкты туу туткан, кырдаалга калыс баа берген, акыйкатты сүйлөгөн, убадага бекем, айтканды аткарган барктуу, нарктуу бололу.

Азыркы убакта жаштардын тарбиясы жок болуп кетти деп улуу муундар нааразы. Улуулар бизге керектүү тарбия бере алган жок деп жаштар күнөө коюшууда. Чынында керкисинде да, кемтигинде да бар дегендей эки тарапта тең күнөө бар. Үй-бүлө тарбиянын башаты болсо, тарбия маданияттын башаты болуп саналат. Андыктан жөнөкөй адамдан президентке, кичинекейден улгайган карыяга чейин өмүр өткөнчө элден чыгып уят болуп калбайын, туура эмес иш кылып, абийирим төгүлсө эл эмне дейт, жети ата-бабамдын арбагына доо кетирбейин, жети тукумумду каргышка калтырбайын деп таза, туура жолдо жүрүп өзүбүздү-өзүбүз тарбиялаганга үйрөнск деп тилейт элем. Адам баласы ушундай тарбияга жетишкенде гана күчтүү үй-бүлө курат, күчтүү үй-бүлө кубаттуу коомду жаратат, кубаттуу коом өнүгүп өскөн дөөлөттүү, адилеттүү, нарктуу, чыныгы көз карандысыз, эгемендүү мамлекетти түзөт, түптөйт деп ишенем.

Эми ушул улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн беш багытта иш алып барсак болчудай: Биринчиден, элибизди руханий байлык менен азыктандырып жан-дүйнөлөрүн аруулап, Кудайдын кудуретин таанытуу аркылуу жаратылыш мыйзамы менен айкалышып, адамдык асыл сапаттарга ээ болуп, ынтымак-биримдикте, тынчтыкта, бакубат-бардарчылыкта жашаганга тарбиялап багыт берүү.

Экинчиден, экономикабызды көтөрүү үчүн ички мүмкүнчүлүктү пайдаланып өндүрүштү, айыл чарба, мал чарбаны өркүндөтүп көтөрүү үчүн шарттарды түзүү. Импортук товарларга көз каранды болбой, сапаттуу товарларды өндүрүп, экспортко чыгарып сомдун кунун бекемдөө. Кендерди казганга лицензияларды оңду-солду бергенди токтотуу. Бул байлыктар азыркы убакта жашап жаткан бизге эле энчиленип берилген эмес. Ошондуктан бардык байлыкты каза бербей кийинки тукумдарыбыз үчүн дагы калтырышыбыз керек.

Үчүнчүдөн, улуттук идеологиянын максаттарына дал келгендей кылып элдердин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүгүбүзгө ылайыктап, социалдык базаларын чыңдаган программаларды иштеп чыгуу жана жоопкерчиликте милдеттүү түрдө иш жүзүнө ашыруу.

Төртүнчүдөн, мамлекетибиздин коопсуздугун коргогон, ички жана тышкы саясатты аныктаган коопсуздук доктринасын кабыл алуу.

Бешинчиден, ушул улуттук идеология баш болгон программа, доктриналарды иш жүзүнө ашыруучу кадр саясатын жогорку деңгээлге көтөрүү.

Менин бул жазгандарымды кээ бирөөлөр жөн эле кыялдануу деп ойлошоор. Кыял-үмүтсүз жашоо жокко эсе. Үмүтү жоктун келечеги бүдөмүк. “Жакшы тилек - жарым ырыс” дегендей пейлибизди оңдоп, ниетибизди түзөп, тилегибизди агартып, ынтымакта болсок, кыялыбыздагы жашоону куруп алсак болот. Кыргыз элинин өзгөчөлүгү - кандай багытка жол көрсөтсөң, бат эле кабылдап, иш жүзүндө өздөштүрүп жөндөмдүү келишет.

Анда эмесе мага мамлекет эмне кылып берди? Эмне кылып берет? деген суроолор менен баш оорутпастан, мен мамлекетке эмне кылдым жана эмне кылышым керек деген асыл ой, аруу тилектер жүрөгүбүздөн түнөк таап, дөөлөттүү, адилеттүү, нарктуу, эгемендүү, көз карандысыз мамлекет куралы деп, көксөп келген кыялыбыз ишке ашсын кызырлуу кыргыз элим!

Дөөлөт Нусупов

03.04.2016.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG