Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Төрт кесим нан жана Солдат чал


Биздин үйдөгү терезелер ушул көчөгө чыгат, Солдат быйылкы карды көрбөй калды.

Биздин үйдөгү терезелер ушул көчөгө чыгат, Солдат быйылкы карды көрбөй калды.

Кыргызда «Алыскы туугандан жакынкы коңшу» дейт эмеспи. Прагада коңшулар ооз учунан салам берип өтүшөт, кээде суу ташыганда айласыздан чуркап келбесе, адатта эч кимдин эч ким менен иши жок, бөтөн кишидей жүрүшөт.

Мен жашаган үйдүн алдында байбичелер сөз чубап отурганын көрбөйсүз. Кичинекей балдарын үйүнөн чыгарышпайт, эртели-кеч бир кыз пианинодон ойноп калат, же итин сыртка сейилдетип келет. Айтор, кылаарга иши жок көчө таптап жүргөн баланы эзели көрбөдүм.

Карылардан үстүңкү кабатта самандай сары парик тагынган бир кемпир бар. Кемпир дегенге да оозуң барбайт. Сыланып-жасанып, ээрдин кыпкызыл боеп, такалуу туфлисин тыкылдатып өтүп калат. Качан болсо, кызыбы, сиңдисиби, дагы бир чачы сапсары жашыраак аялды колтуктап, ары-бери жүргөнүн көп көрөм. Жасанганына карап, «ии, дагы театрга барган го» деп ойлоп коем.

Төмөнкү кабатта бир абышка жашачу. Эшигинин сыртында «Солдат» деген аты жазылган. Куурайдай арык, калтырап басып, үйүнө жалгыз кирип-чыкканда көрүп калчумун. Азыр коңшулардан ошол абышка менен гана аз да болсо коңшудай мамиледе болдум го деп ойлойм.

Бир күнү ылдый түшүп келатсам, эшигинин алдында туруптур. «уулум жаңы суу ысыткыч коюп берди эле, тарс-турс эле болуп атат» деди. Уулу бар экенине сыймыктангандай, минтип жардам бергенине курсант болгондой туюлду. Ким болсо деле ошентсе керек. Кирип, ваннанын ичин карасам, чын эле суу ысыткан Аристондо газ тарс-турс деп улам жарылгандай добуш чыгарып иштеп атыптыр. Менден эми кандай пайда, газ компаниясына чалдым.

Жалгызсырагандай жалжылдап карап, абышка ичкери кол жаңсады. Үч бөлмө үйдүн чоң залы күүгүм тартып турат – бүт дубалды ээлеген терезелерде пардоо жок, эки-үч башка калың чүпүрөк тартылган. Эшик-терезе эзели ачылбаса керек, үйдүн ичинде коңурсуган жыт турат. Төрдөгү диванда төшөк жыйылбаган бойдон, абышка улам барып жатып, кайра туруп жүрө берет окшойт. Дубалда жаш кезинде аялы менен түшкөн сүрөт. Ортодогу үстөлдө эски журнал, маки бычак, бурамалар жатат.

Ошол бойдон Аристон эмне болду деп сураган деле жокмун, абышка да көрүнбөй калды. Көрүнсө деле элес алган жок окшойм. Бир гана анын батири тараптан келген баягы коңурсуган жыт улам коюланып, бүт үйгө тарап жаткандай туюлчу.

Ал арада бир-эки жыл өтүп кетти. Бир күнү сыртка баратсам, баягы абышка эшигин кичине ачып алып, артында жаш баладай шыкаалап туруптур. Чочуп кетип, бирок билмексен болуп, алик алдым. Эшигине сүйөнүп, ээгин сөлкүлдөтүп, бир нерсе деди.

Жакыныраак барсам, калтыраган колунда кагаз акча бар экен, «дүкөндөн төрт пиво, төрт кесим нан алып келип берчи» деди. Акчасын алган жокмун, үйдүн артындагы вьетнамдардын дүкөнүнөн айтканын алып келдим.

Бул ирет үйүнө кирген жокмун, «качан болсо айтыңыз, керегиңизди алып келип берип турам» дедим. Күлүмсүрөгөндөй көзүн жыртыйткан бойдон калды.

Биздин беш кабат үйдү падышаны Орусияда большевиктер жеңип алганда качып келген актар (ак сөөк байлар) курдурган деп айтышат. Акчаларын кошо алып качышкан да. Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин Австро-Венгрия падышалыгы урагандан кийин негизделген Чехословакия республикасы ал кезде дүйнөдөгү өнүккөн 10 өлкөнүн катарындагы байманалуу жана демократия гүлдөгөн өлкө болуп турган.

Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин коммунисттер баягы актардын урпактарын кармап, Сибирге айдаган экен. Калгандары ушул үйлөрдө кала беришсе керек.

Биздин райондо жашаган бир монгол таанышым «булардын баары эле орустар, чех болумуш этип жүрүшөт. Мына, берки коңшуңдун аты Солдат экен, чехтерде мындай ысым жок» деди. Балким болсо болгондур, ким билет...

Бирок алсыраткан карылык агына да, көгүнө да, байына да, кедейине да карабайт турбайбы. Баягы бойдон абышканын батиринин эшиги томсоруп, кирип-чыккан киши көрүнбөйт.

«Уулум бар дечү эле, каралашып жатты бекен?» деп ойлодум. Бир ирет көчөдө баратып, биздин райондогу социалдык кызматтардын жарнамасын көрүп калдым. Телефон чалып «ушундай бир абышка бар, караган кишиси жок окшойт. Силерден жардам болобу? Мен бул жактын тартибин жакшы билбейт экенмин. Бирдеме болсо, эч ким билбей калбасын» дедим.

Ошол бойдон бир күнү өтүп баратсам, абышканын батиринин алдында бир аял, бир полиция туруптур. "Баягы мен чалган социалдык кызматтанбы же бир нерсе болуп кеттиби?"- деп ойлодум, бирок бул жактын тартибине салып, көрсөм да көрмөксөн болуп өтүп кеттим.

Кийин монгол коңшумдан уксам, социалдык кызматкер бирөөнүн үйүнө өзү келе албайт экен, ошон үчүн полицияны ээрчите келет экен. Ошолор келип, карылар үйүнө алып кетсе керек, ошол бойдон абышка такыр көрүнбөй калды. Коридордо гана баягы карылыктын оор жыты каңылжаарды жарат.

Көп өтпөй, кире бериште абышка өлүп калганын жазып коюшуптур. Менин монгол коңшум «Мына, сен телефон чалбасаң, өз үйүндө жатып өлөт беле» деп кычык сүйлөдү. Чынында эле өзүмдү күнөөлүү сезип калдым.

Ошол кезде үйдө жашагандардын жыйналышы болду. Коңшу мектептин классында кечинде өткөн жыйынга райондук бийликтин кишиси келди. «Үйдү ремонттош керек, чатырдын алдындагы жайды бирөөгө саталы, батир жасап алышсын, акчасына коридорду ремонттойлу, лифт орнотолу» деп сүйлөштүк.

Баягы абышканы эч ким эскерген жок. Жыйындан кийин үй башчысынан сурасам, «Эки уулу бар болчу, эми батирди талашып жатышыптыр», - деди. Батирдин сыртында азыр үйдүн дареги жазылган ак кагаз чапталып турат, бирок сатылат деген жазуу жок. Адатта үйдү фирмалар сатып беришет, коңшулар болсо жаңы киши келгенде гана билип калышат.

Абышканын батири болсо дагы деле бош, балким уулдары соттошуп бүтө электир. Коридордогу баягы коңурсуган жыт гана бул дүйнөдө Солдат деген бир адам жашап өткөнүн эске салат. Ал жыт да мурдагыдай каңылжаар жарбай, жоголуп баратат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG