Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Жигиттик намысты сактагыла!


(абакка түшкөн окуучунун каты)

"Саламатсыңбы жан досум, классташым! Мен болсо абактамын, ал эми сен алыстасың.

Бактылуу баласың, ээ? Эч бирөө көз артпасын, сук артпасын. Ал эми менин келечегим караңгы.

Шок элек, тентек элек, кыздардын чачынан тарткылаган. Апакем бир мен үчүн жараткандан түгөнгүс бак сураган. Пейилимден таптым да, зөөкүрлүктүн айынан жылмайбады бакыт мага.

Балдарды коркутчумун, учтай кармап жакасын үзүп алып, урат элем мектептин аркасына тизип алып. Олчойтуп салык салдым, балдар алып келген пивого кызып алып. Мына, эми абактамын, жашоомдун пайдубалын бузуп алып.

Дос деген сендей болор, "жүр, сабак окуйлу" деп билимге сүйрөп жүрдүң. "Жан досум бул адатын койсо экен" деп тилеп жүрдүң. Мен болсо сени укпай, каракчылык өнөргө билек түрдүм. Окууга, үйгө барбай, көрүнгөн клубдарда түнөп жүрдүм. Жанымда досторум көп, шаттыктын калаасында жүрчүмүн. Ал эми азырчы? Жатамын ным жыттанган түрмөнүн каанасында. Тагдырдын бек жумулган салаасында. Жүрөмүн, үмүтү калбай калган, көзүндө жалыны жок балдардын арасында.

Сагындым, майрамдарда классташ кыздар белек сунушканын, күрөшүп аппак карга бири-бирин жыгышканын. Анекдот айтып берсем каткырып колдорун чаап турушканын. Сагындым эжекемдин "адам бол" деп урушканын.

Силердей асылдарга кантип мен аралашам, кечирбейт турмуш мени, өлкөнүн керегине жарабасам. Тагдыр бул таш менен атат тура, жаштыктын жакшылыгын баалабасаң.

Курбулар, рэкетчилик жаман жорук, таштагыла, эркиндик ырахатын барктагыла, тоготпой ата-энени, тоң моюн боло берип, мага окшоп сыз жерде жатпагыла. Суранам, жигиттик намысты сактагыла!"

Улукбек Омокеев
XS
SM
MD
LG