Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30
Жакында 13 бир туугандын үчүнчүсү, бир тууган тагам 3 баласын таштап, о дүйнөгө кете берди. Бирөөгө жамандык санабаган, оокатына тың, өзү чыкыйып таза жүргөн, кабагы жарык киши эле. Түз эле басып жүрүп жүрөгү кармап жыгылыптыр. 49 гана жашта болчу.

"Катуу ооруп жатат" деп угузушкан. Апамды иним, атам болуп тагам жашаган Кара-Кулжа айылына кечки саат 10дор чамасында алып бардык. Барсак бир туугандар дээрлик баары келип калышкан экен. Бир туугандын күйүтү кандай оор! "Акем, оой", "бир боорум", "бирөөнүн кылына кара санабаган момун элең го" дешип мунканса каңырыгың түтөп кетет экен.

Баарынан да апамдын боздогону жүрөгүмдү эзип жиберди. Көк көйнөгүн эми гана чечип, уулунун тоюна камданып жаткан. Улам туугандары келген сайын өкүрүк ого бетер күчөп, үй каңырык түтөткөн ачуу ыйга толо калат. "Кой, сабыр кылгыла айланайындар, өлгөндүн артынан өлмөк жок", "ыйласаңар тирилеби, андан көрө сабыр кылып, тирүүлүктүн камын жегиле", "жакшы киши эле, биз дагы эзилип турабыз. Айла канча, тагдыр экен" дешип сооротуп, улам бирисин кармап, экинчисин кучактап, кайрат айтып, кошуналар жүрүштү.

"Кайрат кылып, маркумдун ариетин жасайлы", - деди бирөө. Тагаларым "сөөктү туулган айылына алып кетели",- дешти эле кошуналар: "Сабырали (маркумдун аты) бул жерде 20 жылга жакын жашап, орун-очок алып калган. Антпегиле, бул жер анын журту, биз карап турмак белек? Ариетин жасаганга тик туруп кызмат кылабыз", - дешип болбой коюшту.

Таң аткыча биз менен кошо кошуналар да көзүн ирмеген жок. Таң атары менен кошунасы менен бөлүп турган кашааны 3 метрдей түртүп салышып, ошол жакка казан асып, отун жарууга киришти. Аялдары улам жармасын, нанын, тамагын көтөрүп келип, “ичегой айланайын, көз жашыңар кургап калат, ысык уурттагыла”,-деп камкордук көрүп жатышты.

Ариетинин чыгымын баласы менен туугандары көтөргөнү менен, отун-суусун апкелип, кызматын кылган, батага алыс-жакындан келгендерди тосуп узаткан кошуналар болду. Эл башы "мен жоопкерчилик артынган адаммын", - деп 3 күн жумушуна да барган жок.

Мен бала кезде үйгө чогулушуп, тээ бир оокумга чейин санжыра айтып, күлүк ат, баатырлар жөнүндө аңгеме салышып, айылдагы лакапка айланган окуялардан кеп куруп, менин ырга болгон ышкымды ойготкон бир гана менин кошуналарым, тоок сойсо да шорпо ичкиле деп чакырган бир гана менин кошуналарым, жамандык-жакшылыкта, той-ашта өтүк тартып, бел чечпей кызмат кылып, жетпеген идиши менен төшөнчүсүн көтөрүп келген бир гана менин кошуналарым, чоң атамдын үйү жети жыл ээн калганда ташын талатып, кышын уратпай караган, бак-дарагын сугарган бир гана менин кошуналарым, “эл кашаасын чоңойтуп жатат, зымтор берип жибергиле, кошуп коёлу” деген бир гана менин кошуналарым деп жүрүпмүн. Көрсө, бардык кошуналар ошондой окшобойбу. Элде “алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деген накыл кеп бекер айтылбаптыр.

“Айылымдын алтын сезем топурагын,
Мен ага агын суудай кошуламын,
Үйүмө чейин коштоп үрүп барат,
Ити да ылымсанап кошунамын”,-деп жазган экем.

Кошунанын дубалы, чоң дарбазадан сырткары 2-3 үйгө чейин бири-бирибизди туташтырып, дайыма ачык турган эргилчеги, кычкач, кетмен, элек сурап келген балдары, огороддогу эгинди тээп кетчү тооктору, эргилчектен туура үймөк чөптү көздөй чуркаган малдары, дайыма узатып, тосуп алган тааныш иттери, баары жакын тууган, бооруңдай сезилип калат экен айылыңдан алыстаганда.

Кубанчыбызга шериктеш, кайгыбызга ортоктош болгон кошуналар ар дайым аман болушсун! Ар кимге менин, тагамдын кошуналарындай кошуна туш болсун!

Улукбек Омокеев
Ош шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG