Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!

Агайларым шедевр деген мына ушул ырды мындан туура төрт жыл мурун бир аз түшүнгөндөй болдум. Бир аз эмес, өзүмдүн түшүнүгүмдө терең эле аңдапмын. Башкалар кандай талдаса, андай талдасын, бирок мен бул ырды эч кандай адабий талдоосуз маанилерин туюнуп жаттым. Окурмандар үчүн керемет болгон бул үч түрмөк мага Ата Журт эмне экенин жазылгандан 62 жыл өткөн соң сездирип турду.

2010-жылдын апрель, май айларында Ош шаарынын №38 Б.Алыкулов атындагы мектепте педогогикалык практикадамын. Окуучулар аз. Көбүнүн ата-энелери өлкөбүздөгү болуп жаткан тополоңдон кооптонушуп балдарын сабакка жиберишпейт. Бишкектеги башаламандык Ошко келип, пикет, ызы-чуу шаарды кара булуттай каптап турган. Сабакка кирсең, балдардын көңүлү суз. “Бишкекте магазиндер талкаланыптыр ээ агай?”, “Сабак өтпөй эле коюңузчу?”, “Биз үйгө кете берсек болобу?” деген окуучулардын муңайым жүздөрү. Бечара мугалимдер сабакты үзгүлтүккө учуратпай кармап туруу үчүн баарын жооткотуунун аракетинде. “Балдар коркпогула, бул жөн гана революция, эртең тынчып калат”, “Бакиевдин бийлиги кулады, жаңы бийлик келип мындан да жакшы жашайбыз” деген эжейлер жыргап кетерибизге өздөрү деле анча ишенишпегендей. Аз келгенсип улут аралык уруш чыгат экен дешип эл да дүрбөй баштаган. Ооба, эл кадыресе кооптонуп, бирок чыкпаса экен деп кудайдан тилеп жаткан.

Ошондой күндөрдүн биринде группалашым Света деген кыз 6-класска ачык сабак өттү. Сабактын темасы “Алтын балык” жомогу болчу. Абдан сонун сабак болду. Балдар дүйнөсүнө аралашып арткы парталарда эргип отурдук. Балдардын дүйнөсү кандай баёо, кандай таза. Баары кызыл жылдыз (окуучуларды баалоо үчүн карточка) тагынууга далбас уруп, бүт аракетин жумшап жатышат. Света да бизди, мугалимдерди унутуп коюп сабакка биротоло кирип кеткен. Жыйынтыктап жатып ар бирине кагаз таратып ага алтын балыктан эмне сурагыңар келсе жазгыла деп буюрду. Бул балдардын жашы, мүнөзү, түшүнүгү алтын балыктан велосипед, машине сураганга жетмек. Бирок 20дан ашык окуучунун бирөө да андай нерсе сурабаптыр. Бардыгы “Мекенибизге тынчтык, өсүп-өнүгүү, ата-энемдин ден соолугу бекем болушун сурайт элем!” деп жазышкан. Түстүү кагаздагы каалоолорун улам окуп, эжейине тапшырып жатышты. “Мекенибизге тынчтык болсун” деп окуган сайын муунум бошоп баратты. Көз кырымды салсам, кыргыз тилчи мугалимдердин бири, биздин практика жетекчибиз Жамила Уразова эженин көздөрүнөн жаш кылгырып туруптур. Мен араң кармандым. Жамила эже чыдабай, көзүнүн жашын сүртүп жиберди. Ушундай өспүрүм, көөдөк балдарыбыздын жүрөгүн зыркыраткан тополоңдорду жектедим.

Балдардан жүзүмдү жашырып, эрксиз артыма карадым. Дубалда Алыкулдун “Ата Журту” илинип туруптур. Ата Журтка арнап ыр жазсак эле, "мен сенин кулуңуңмун, сенин уулуңмун, сенин тоолоруңа таянам" деп жазабыз. Бирок ага энедей камкордук көрүп, анын суугуна, ысыгына, жол азабына жан күйгүзүп жапа чекчүлөр бар бекен? Узак сапарга, келечекке аттанып жаткан уулу сымал боор тартчулар барбы? Качанкыга чейин Ата Журтка таянабыз да, аны биз таяп-жөлөбөйбүз. Керек болсо ал бизге муктаж го. Ушуларды ойлоп отурдум. Кайран Алыкул Ата Журттун ар качан ооруп, суук тийип, сыркоолоп каларын сезген экен. Ар качан оорубай жүрүшүн каалаган экен. Ошон үчүн “сенин ордуңа мен ооруюн” дептир кайран акын. Айрыкча “Көпкө турбас мобул турган сур булут” деген сабын окуп, жүрөгүм эзилди. Ошондо Ош калаасын сур булут каптап турган. Сабактан чыгып телефонума момундай ыр жазган экемин:

Каптаба асманымды кара булут,
Таптаза жүрөгүмдү жара кылып.
Жамгырың жаадырбачы, жаадырбачы,
Жаткандай сезилбесин кан агылып.
Эй булут, түнөрбөчү, түнөрбөчү,
Алкынган напсиңди сен жүгөндөчү.
Замандын оор жүгүн көтөрө албай,
Атаңдын сыздап турат бир өркөчү.
Эй булут, тарап кетчи, тарап кетчи
Антпесең айылымды алат көчкү.
Сен жокто коңшуларым чарпаяда,
Бейкапар чай иччү да, тамак жешчү
Эй булут, тарап кетчи, тарап кетчи!

Ушул ырымды факультеттин дубал гезитине чыгарган элем. Көп өтпөй кандуу калаба жүз берди. Азыр кичине эле тополоң болсо ошондогу окуучулардын алтын балыктан сураган тилектери кулагыма угула берет. Ата Журтубуз оорубасынчы!!

Улукбек Омокеев, Ош шаары.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG