Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17
Чет өлкөгө кетип жаткан мугалимге кесиптешинен кат

Эмнеге таарындың да, эмнеге өкүттөсүң? Андай кылба, керемет ийгилик белек кылчу чоң жолдор эшигин бекитпесин! Сен кеткен белгисиз жолго дагы башкалар өтүшпөсүн. Жашообуз ушул тура баркталбаган, эзелки наркыбыз сакталбаган деп ойлоп калгандары, келечекке кайдигер жандар болуп кетишпесин. Таланттуу агай элең, кай жакка баратасың, кагылайын кесиптешим?

Акча издеп, бакыт издеп кай жакка барасың да? Көздөрү жайнап турган, таланты кайнап турган, кемибей келечекке үмүтүн байлап турган балдарды таштап коюп, ал жакта канча акча табасың да? Айтчы эмне иш кыласың, ата-бабаң тааныбаган бир элдин арасында. Эмне бар болду экен, келечекке мынчалык кайдигер карашыңда.

Айтсаңчы кесиптешим, эмнеге үмүтүң аңтарылды? Эңседиңби, оюңдагы байлыгың, мансабыңды? Же болбосо, кагазга толуп турган, ар күнү сыноолор болуп турган мектептин түйшүгүнөн чарчадыңбы? Эмнеге кыска таштап турасың арканыңды?

Кай жакка барасың эй, ОКУУЧУ, МЕКТЕП, МЕКЕН баардыгы алыс калып. Жөндөмүң, билимиңден келечек ээлери жатканда азыктанып. Тандаган элек го биз Ата Журт үмүт кылган айныбас калыс багыт. Же эмне турасыңбы МУГАЛИМ деген аттан намыстанып.

Мен дагы сага окшош мугалиммин, оор сумке көтөрүнүп, кымбат эмес, жөнөкөй костюм-көйнөк кийип турган, башыма түгөнбөс түйшүктөрдү үйүп турган, акчадан, көр мансаптан абийирим бийик турган. Класска кирип барсам, тосушат окуучулар, көздөрү күйүп турган, эмне деп айтаарымды көзүмдөн билип турган, мекенди сүйүп турган, сасыган саясатка, кайдигер сезимдерге муштумун түйүп турган. “Кыргызстан, мекенибиз оңолот качан” дешип жүрөктү тилип турган.
Мен дагы мугалиммин, айлыкка машине эмес, араба алалбаган. Заңгырап көк асман тиреп турган особняк салалбаган. Дос-тууган, карындашка баарлашып отурууга убакыт табалбаган. Сабак өтүп, барак-барак план жазып, бошой албай той ашка баралбаган. Бирөөгө жагып кээде, бирөөгө жагалбаган. Мен дагы мугалиммин, мугалимдиктен башкага жаралбаган.

А бирок, кыялымда, оюмда, колумда да бир чоң эмгек кылып жатам. Аруулук, тазалыкты тирек кылып, алдыга акырын жылып жатам. Башканы таштай салып, нугумду балдарга буруп жатам. Балдардын жүрөгүнөн Айтматов, Исхак, Касым, Жусуптай чыгаан эр болом деген жаңырык угуп жатам. Мына ушул жаш муундарга алымдын жетишинче чыйыр жол куруп жатам. Аалым бол, акын болгун, эл бийлеп аким болгун, жолчу бол дарыгер бол, өнөргө жакын болгун, а бирок эң башкысы адам бол деп көөдөнүнө куюп жатам.

Мен бүгүн мугалим эле эмес, илимпоз, элчи, тилчи, порокурор, сот, тергөөчү, космонавт, котормочу анык эрмин. Скульптор, композитор, тарыхчы-археолог, жазуучу, куруучу-архитетор, дарыгермин. Намыскөй спортсмен, жакшы бир саясатчы, коомдук ишмер дагы менмин. Жер жүзүндө канча бир кесип болсо баары менмин, баары менмин!

Баары менмин, атагын кесиптердин бүт аттарын. Анткени бүт баардык кесиптердин ээлери болуучулар, мен дарак тамыр болсом, а алар бутак-шагым!
Күргүштөп ага берем күрөшүп далай менен. Мендеги милдет ошо, мекендин ишине жарай берем. Акым жок кылчаюуга, үмүттүн шамы күйгөн тээ бийик чокуну карай берем. Эх, менин кесиптешим, эч нерсе тең келе алгыс кандай бир керемет сөз АГАЙ деген, АГАЙ деген.

Жаркырап ак көйнөк кийинишкен окуучу ар тарабым. Айлыгым аз болсо да, ырахат алып ушул кесиптен баар табамын. Ташкындап окуучулар тапшырма айтып берсе, жазылат чарчаганым. А сенин келип турат, балдарды таштап кетип ушундай бакыт туурун талкалагың.

Жаштардын көөдөнүнө, жакшы иш баштап кетип, бир эле өзүң эмес, окуучу, ата-эненин ишенчин аттап кетип, ойгонуп, жанданып келе жаткан үмүттөрдү таманга таптап кетип, кай жакка баратасың, издедиң кай бакытты, кайгысы-кубанычы, түйшүгү-ырахаты, чарчоолор, чер жазуулар, аралашкан ушундай ЗОР БАКЫТТЫ таштап кетип?

Ал жакта акча издеп, согулуп-кагыларсың. Бир жылча жашайын деп, батирчинин этегин кармап алып жалынарсың. Мына ошондо коңгуроо үнү менен балдардын “агайлаган” ызы-чуусун сагынарсың.

Кесиптешим, өтсө не болбойт беле, асыл бул кесип менен ай-жылыбыз? Акча үчүн, байлык үчүн керекпи керемет ушул күндөн айрылуубуз? Сумкеси өзүнөн чоң, тээтиги мотурайган окуучу го экөөбүздүн байлыгыбыз. Ушулар эр жетишсе, Мекен үчүн чекесин тердетишсе, көбөйүп калмак балким мээнет менен алып жаткан айлыгыбыз.

А балким жазбагандыр бешенеге, төбөлдөрдөй казы чайнап, жыргап туруу, кийимди тандап кийип, тамакты ылгап туруу. Чалкалап бутту асып жатып алып, барбаңдап башкаларды сындап туруу. Экөөбүздө ыйык милдет келечек, билим ырын ырдап туруу. Кыйыны тоготпогон, байлар болсо балдарын жолотпогон бул тармакка, акыры керек го кимдир бирөө кызмат кылуу.

Экөөбүз бир көтөрүп кетели элдин жүгүн эки өркөчтүү нардай болуп. Нур чачып эртеңибиз, агарсын аткан жаңы таңдай болуп. Кылгандарды милдет кылбай түгөнөлү, башкалар тамшанып даамын таткан балдай болуп, же болбосо айланага жарык чачып, а өзү түгөнүп эрип кетчү шамдай болуп. Таштаба үмүттөрдү, таштаба бул кызматты, жарабайт сендей жанга андай жорук.
Бүгүн биз милдеттүүбүз, эртеңки таңдар үчүн. Милдеттүүбүз мугалим болуп төрөлүп калган үчүн. Эч нерсе сурабайлы, муундарга берип жаткан жардам үчүн. Акыры ойлонушар, төбөлдөр эл башкарган, биз эмес, эртеңки күн ээлери тапталып өсүп жаткан, мектепте окуп жаткан балдар үчүн.
Улукбек Омокеев, блоггер

Улукбек Омокеев, блоггер

Кетпечи, тилекти таптап кетпе, үмүттү аттап кетпе, көздөрү жайнап турган окуучуну максаты жок илең-салаң иштеп жүргөн түркөйлөргө таштап кетпе, таштап кетпе.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG