Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Солдоюп биринчи курс болгонумда эле бир байбичеге троллейбустан орун бошотуп берсем, айланып-кагылып “Көп жаша балам, атаңа рахмат” деп алкап, батасын берген эле. Эмнегедир ошондо жашоого кумарым артып, дүйнөм түгөл, маанайым жарык болуп кеткен. Сөздүн күчү ушунда турбайбы көрсө...

Наристеге канат байлап, аны алдыга жетелеген мактоо эле тура. Бирок бүгүн биздин коом өтө майдаланып, балдарга болгон мамилебиз катаалдап кеткендей туюлат.

"Бала бакыт", “Балдар биздин келечегибиз”, “Түбөлүгүңдү ойлосоң, балага туура тарбия бер” дейбиз. Бирок чын-чынында оозубуз менен эле орок оруп, иш жүзүндө башканы жасайт экенбиз. Кам көрсөк, өз балага үйрүлүп түшөбүз да, өзгөнүн баласын көздүн төбөсү менен карап, кабагыбыз менен каарып өтөбүз. Башканын баласы да биздин бала, биздин келечектеги жаран экенин түшүнүп туруп эле ушул ишти жасайбыз.

Өткөндө маршруткада кетип бара жатсам, бир 2-3-класстарда окуган кызды айдоочу жекирип эле жатты.

- Бая эле айтпайт белең, түш эми, бол, тез, ымтырабай!

Бечара кыздын көзү алайып, сумкасы маршрутканын туткасына илинип, чалынып-чулунуп, ыйлагысы келип араң түшүп кетти.

“Жаш баланы неге мынча кагасыз?”- десем, “Төлөгөнү бир сом, каерден түшөрүн өзү билбейт” деп наалыган боюнча ылдамдыгын которуп, газды басты. Андан ары унчукпадым...

Мындай окуялар өлкөнүн ар кайсы жеринде күн сайын кайталанып жатса керек. Жолубуздан чыгып калган баланы башынан сылап, “Азамат жигит, келегой, биз өтүп кетели, ээ?” деп сылык сүйлөгөндүн ордуна, желкесинен кармап итере түртөбүз. “Эй, шакмар, тур биякка” деп зекийбиз. Айдоочуларыбыз окуучу балдарды душмандай көрөт. Анан ошол балдардын жүрөгүндө так калып, адамдарга жек көрүүсү күчөбөйт бекен. Ичинен ата-жотосуна жеткире ашата сөкпөйт бекен.

Кеменгер Айтматов “Ак кемедеги” баланы таятасына болгон ишеничи, адамдарга болгон аруу сезими өчкөндөн кийин ырас эле күнөөсүз бойдон балыкка айландырып жибериптир. Болбосо ал баладан бугу эмес, башкага да балта көтөргөн “Орозкул” чыкмак. Сезими, таза дүйнөсү булганган наристенин коомго пайда бербесин эң сонун жеткире айтыптыр жарыктык киши.

Мен кичине кезде оюнкараак балдарга устукан карматып, чөнтөгүнөн момпосуй алып берген бейтааныш эле чоң аталар азыр кайда? Шоктук кылсак “тукумуң өскүр”, “бай болгур”, “өркөнүң өссүн” деп сылык урушкан чоң апаларчы? “Эй, баатыр, кимдин баласы болосуң?” деп сурап, “баланчанын” деп жооп берген баланы “Ой азамат, чоң жигит турбайсыңбы” деп башынан сылаган агаларчы? Же алар ошол доор менен кошо кетиштиби?

Бой жеткен кезде балалыкка кайткым келип, куса болоор элем. Азыр менин балалыкка баргым деле келбей калды (ансыз деле бара албайбыз дегилечи). Баары эле мурчуюп кабак түйсө, балдардын эркелиги, баео шоктугу аларга кылмыш болуп көрүнүп турса “мурунку заманда” эле бала болуп калганыңа сүйүнөт экенсиң.

Бечара балдарыбыздын көбү ансыз да атасы Орусияда, апасы Казакстанда оокат издеп кетип, таежесинин же жеңесинин жемесин угуп жер карама болуп жүрүшөт. Жок дегенде көчөдөгү адамдардан жакшы сөз угуп, жашоого кызыгы артса болбойт беле? Өздөрүн мамлекетке, элге керектүү ташкындаган күчү бар баатыр сезип, эр жетсе болбойбу?

Биз балдарды кагып-силкип жатканда, биздин балабызды да бирөөлөр булкуп-жулкуп жатпады бекен?

Келигиле замандаштарым, мектепке шашып бараткан, сабактан чыгып келаткан, таттуу балалыктын таттуу шоктугуна чулганган, кучакташып ойноп, жакасы кыйшайган, өзүнөн чоң сумке көтөрүп, ага кошо келечекти көтөрүп жүргөн, беттери болпойгон, көздөрү жоодураган, мотурайган, чотурайган, шипширин, сапсары, капкара, апапак балдарыбызга жакшы мамиле жасап, мээрим төгүп коелу. Алар да мээримдүү, мекенчил болуп чоңоюшсун.

Улукбек Омокеев, Ош шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG