Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Дилден чыккан сөз


Бишкектин 8-кичи районундагы дал ушул үйдөн белгисиз жоочулар кыргыз полиция (милиция) кызматкерлерине каршы автоматтан ок жаадырып, натыйжада үч милиционер курман болду. 2011-жылдын 4-январы. MiT.
Бишкектин 8-кичи районундагы дал ушул үйдөн белгисиз жоочулар кыргыз полиция (милиция) кызматкерлерине каршы автоматтан ок жаадырып, натыйжада үч милиционер курман болду. 2011-жылдын 4-январы. MiT.

“Ислам туусун” жамынган бузукулардын кылыгы мусулмандыкка жатпайт.


6-январда Пиридинбай Ысмановдун сөөгү жерге берилип жатканда, маркумдун тогуз жаштагы уулу: ”Ата! Сизди эстеп, күнүгө Куран окуп турам”, - деп шолоктоп жатты. Маркумдун 90 жаштагы атасы: "Оо, Кудай, уулумду алганча мени абайсыңбы!",-деп ичтен сызып атты.

Бу дүйнөгө эми көзү ачылып бараткан баланын атасы, 46 жаштагы милициянын лейтенанты Ысманов 4-январда Бишкектин 8-кичи районунда эки шериги (милициянын капитаны Самат Жээнбеков жана милициянын ага лейтенанты Алмазбек Сулайманов) менен чогуу кызматын аткарып жүргөндө, карасанатай бирөөлөрдүн огунан набыт болду.

Мен кандуу окуядагы үч жагдайга токтолгум келет.

Биринчиси, милиция кызматкерлерин өлтүрдү деп издөө жарыяланган алты адамдын үчөөсүнүн беш убак намазын үзбөй жүргөнү (бул жөнүндө аларды билген адамдар айтышууда); экинчиси, алардын жогорку билимдүү экени жана, үчүнчүсү, алардын карапайым элдин, мамлекеттин коопсуздугун камсыздаган милиционерлерге каршы ок атканы.

Бу жигиттер мусулмандык парзын бузбай, беш маал Кудайдын ысмын чын дилинен кайталап, намаз окуп жүрүшсө, атүгүл алардын бири мечиттин курулушуна демөөрчү болсо, анан кантип өз мекендештерининин канын төгүп, алардын үй-бүлөсүн кан кустуруп, а балдарын жетим калтырып жатат?

Демек алар күнүнө беш маал намазга жыгылганы жана жогорку окуу жайлардан окушканы менен Курандын маңызын дурустап окушкан эмес...

Киндик каны тамган жеринин жыргалчылыгы мусулман болобу, тарса (христиан) болобу, бутпарас (буддист) болобу, кыргызстандык ар бир жарандын аманчылыгына жана коопсуздугуна байланыштуу болорун алар эч качан ойлошкон эмес...

Милиционерге ок атып, өз мамлекетине, Ата Журтуна акаарат келтирерин, бомба жардырып, мекенине зыян келтирерин, андай жосунсуз жоруктун айынан эчендеген адамдардын жарлары кара кийээрин аңдашкан эмес...

Аталар менен энелерди ымыркайынан өстүргөн балдарынан ажыратып жатканы алар үчүн неге бир тыйынга тете болду?

Мындай маңкурттукка аларды кимдер үйрөттү?

Мечиттеги молдокелер жана мектеп-университеттеги мугалимдер аларды эч качан мындай зобундукка үндөп-тарбиялабаса, анда аларды мындай таш боордукка, элине душмандык жасоого ким үйрөттү?

Же аларды журтун бүлүнтүп, азыр безип жүргөн бузукулар акча менен азгырдыбы?

Же алар жалпы мусулмандардын атын сатып, дүйнөгө бүлүк салып, эчендеген адамдардын канын төккөн “ал-Кайида” сыяктуу Кудай жолунан чыккан террорчу топтордун “даватына” алдандыбы? (Бу суроолордун жандырмагын тергөө аныктаар).

Ушундай жоопсуз суроолор мамлекет, ата-энелер, айыл аксакалдары жаш муундун тарбиясын колдон чыгарганын, мекенчилик, мыйзамды сыйлоо сезими өлүп баратканын күбөлөйт.

Бу сыяктуу жанкечтилердин акылга сыйбас иштерин көрүп, “Курбан айт менен Орозо айтта Бишкектин борбордук аянтына агылып чыккан такыба намазгөйлөрдүн арасында диндештеринин өмүрүн кайсы бир бузуку идея үчүн курмандыкка чалганга даярлар, кара санатайлар жүргөн жокпу?” деген санааркатчу ой эрксизден жаралат.

А сөз соңунда Курандын “Дасторкон” сүрөөсүнүн 32-аятын динзар мекендештеримдин эсине сала кетейин:

Албетте кимде ким бир жанды эч себепсиз өлтүрсө, жерде бузукулук кылуу үчүн өлтүрсө, бардык адамзатты өлтүргөндөй күнөө кылат”.

Жана Хадисте айтылганга караганда, Мухаммед алейсаламдан: ”Мусулман деген ким?” - деп сурашканда, пайгамбар айткан экен: ”Мусулмандын колунан, тилинен башкалар зыян көрбөсө, ошол - мусулман”.

Сөз соңунда окурманга эскерте кетейин.

Мен 4-январда курман болушкан милиционердин өлүмү үчүн Ислам динин жана мусулмандарды күнөөлүү деп жатканым жок.

Мен кайсы гана мусулман баласы болбосун, кандайдыр бир бузукулук жасаса, исламчылыкка сыйбаган же башка адепсиз, зөөкүр кадамдарга барса, ал мындай жоругу менен Исламга жана жалпы мусулмандарга сөз тийгизерин жана миллиондогон бейкүнөө момундарды жаман атты кыларын эске салып койгум келди.

“Ар кандай террордук жана башка зомбулук аракеттерди мусулмандардын атын жамынып жүзөгө ашырып жаткандар - нагыз мусулмандарга эч тийешеси жок түркөйлөр” деп айтылып жаткан пикирлерге мен толук кошулам.
XS
SM
MD
LG