Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33
Эгер жаңылбасам, 1999-жыл болсо керек эле. Жумуштап барып «Кутбилим» гезитинин редакциясында отургам. Бир убакта кыргыздын белгилүү этнографы Тайтөрө Батыркулов кирип келди. Ал кирер замат корректор кызды сурап,
майдайына барып отурду да, дароо суроо узатты:

- Кызым, мен жазган макаладагы Умар Хайём дегенди «Омар Хайям» деп сен өзгөрттүңбү?

- Ооба, мен.

- Эмне үчүн?

- Туурасы ошол да.

- Туурасы де. Кызым, сен фарсы тилинде «хайям» деген эмнени түшүндүрөрүн билесиңби?

- Жок, билбейт экенмин.

- Билбесең билип ал - «хайям» эркектин тукуму дегенди билдирет.

Ушул сөздү укканда редакцияда отурган кыздар дуу күлүшүп, сыртка качып жөнөштү. Корректор кыз манаттай кызарып, жер жарылса кирип кетчүдөй уялып отуруп калды. Ыраматылык Тайтөрө ата катуу кейип: «Фарсылардын улуу акынынын аты-жөнүн уят сөз менен чаташтырып жазып, бир залкар инсанды эле эмес, бүтүндөй бир түпкүлүктүү улутту маскаралап жатабыз. Башка улуттардын адам аттары өз тилинде кандай жазылса, ошондой жазууга аракет кылуу керек. Эмне үчүн орустар Хайёмду Хайям деп жазса, биз да аларды туурайбыз? Эмне үчүн Фирдавсини Фирдоуси деп жазышыбыз керек? Орустарды ээрчип жүрүп ушул абалга жеттик», - деди.

Аттиң, Түгөлбай Сыдыкбековдой, Камбаралы Бобуловдой, Тайтөрө Батыркуловдой, Салижан Жигитовдой кемчилигибизди көзгө сайып көрсөткөн, тилибиздин тазалыгы үчүн жанын саюуга даяр турган инсандарыбыз бүгүн да көбүрөөк болсо кана. Эгемендик алганыбызга жыйырма жылдан өтсө да тилибиздин ички табиятына, улуттук өзгөчөлүк-касиеттерине жат орус орфографиясынын эрежелеринен, орустарды туурап жазуудан арыла албай келебиз. Анан да мындай сокур ээрчимейдин тилибизге канчалык залакасы тийип жаткандыгын этибарга албагандыгыбыз өкүндүрөт.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин түзүп келген тилчи окумуштууларыбыз да мындай өң карамалык таасирден чыга албагандыгы өтө кейиштүү. Эми салыштырып көрөлү: Жалал-Абадга деп жазган туурабы же Жалал-Абатка дегенби? Кайсынысы кулакка жагымдуу угулат да, кайсынысы жеңил жазылат? Эски китептерден байкасаңыздар, биздин ата-бабаларыбыз эч качан «арабга», арабды» же «арабдар» дебестен, «арапка», «арапты», «араптар» деп айтышкан же жазышкан. Албетте, жогоруда айтылгандар үндөштүк мыйзамы менен жашап, ушул мыйзамдын чегинде өнүккөн кыргыз тилине тектеш эмес жат тилдин жазуу эрежелерин күчтөп киргизүүнүн, башкача айтканда, жасалма «реформа жүргүзүүнүн» «жемиши» экендиги көрүнүп турат.

Бул маселенин бир жагы. Илгери бир акылман өз заманындагы ушундай жат көрүнүштөргө жаны катуу кейигенде: «Күйгөндөн айтам бир казал», - деп, казалын айтып, ичиндеги букту төккөн экен. Аны сыңары азыр да Бишкек шаарындагы кээ бир көрнөк-жарнактарды көргөндө же ыйлаарыңды, же күлөөрүңдү билбейсиң. Кечээ жакында шаарыбызды жөө аралап баратып бир окуу жайдын (ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын) аталышын окуганымда, улуттук тилибизге болгон кайдыгерлик акыркы чегине жеткендигине анык көзүм жетти. Орусчасы «…имени Дикамбаева» деп, кыргызчасы «Дикамбаев атындагы…» деп жазылып турат. Эгер мен жаңылбасам, дүйнөдө эч бир элде, же улутта мындай ат же фамилия жок. Демек, бул кыргыздын кадимки эле төл Дыйканбайы.

Мындай бараандуу мекеменин эшигине көрүнгөн эле Дыйканбайдын баласынын аты жазылып турбаса керек, бул киши, албетте, элге кызматы өткөн, өмүр жолунда жалпы журтка салымын кошкон бирөө болгон чыгар деген ойдо интернеттен «Дикамбаевди» издеп көрсөм, бул айтылуу коомдук жана саясий ишмер Казы Дыйканбаевдин өзү экен. Азан чакырылып коюлган Дыйканбаев деген аты-жөнү маскаралык менен ааламда жок Дикамбаевге айланып калгандай ал кишинин жазыгы кайсы? Же орус тил орфографиясынын эрежелерин бузганга болбойт да, кыргыз тилинин жазуу эрежеси менен кыргызча аттарды каалагандай бузуп жазса боло береби? Же аты дүңгүрөгөн ошол окуу жайда бир дагы кыргыз иштебейби? Эгер улуттук намысты туу туткан кыргыздардын бары чын болсо, улуттун чыгаан уулунун аты-жөнү шермендечилик менен бурмаланганын көрүп, чыдап тура албас эле го?! Айтор, айта берсе арман көп…

Аким КОЖОЕВ, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG