Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

«БАРАНГА» КАЧАН ЧЫНДАП АРДАНАБЫЗ?

Азыркы Кыргыз мамлекетинин устара мизинде турган тагдыры улуттук ар-намысты тайыз, үстүрт же өзөктүү маңызына жете сергек кабылдаганыбызга жараша чечилет. Ушул ыңгайдан алганда, «сен баарынан сулуусуң (кыйынсың)!» деп алдабаган, жакшы-жаманыбызды дал өзүндөй чагылдырган күзгүдөн каранууга көнүшүбүз керек.

"Момунизм"

Эзелтен кыргыздар жоош, момун кишини койго салыштырып келген: "кой оозунан чөп албайт", «конок деген койдон жоош – май берсең да жей берет», «корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт». Бирок буларды эл байкуш деп аяп эле тим калбай, көп учурларда жектегенин да жашырчу эмес ("Жамандын бир аты – жоош"). Көрсө, эң жаман кылмыштарга, алардан кийинки кан төгүшө кектешүүгө, кырылышууга дал ушул баарына унчукпай макул боло берген, аздыр-көптүр бийлиги барлардын айтканын эч ойлонбой аткарууга дайым даяр тургандар да негизги кылмышкерлердей эле күнөөлү болот экен. (Айтылуу Бруно Ясенскинин сөзүн эстейличи: «Душмандан коркпо – эң эле кыянатчыл болсо, өлтүрүп кетээр; достон коркпо – такыр жаман болсо, чыккынчылык кылаар; баарынан да кайдыгер кишиден корк – дал ушул момурайган неменин көз алдында кылмыштын эң оору, чыккынчылыктын эң жийиркеничтүүсү жасалат!»).

Тарыхка кылчая карасак, дайыма ушундай боло келгенин көрөбүз. Азыркы эки миңден ашкан жыл санактын башталышында Иса пайгамбардын кордолуп, кыйноо менен өлтүрүлүшүнө, орто кылымдарда инквизициянын быкшыган түтүнү Европаны капташына, Чыгышта жалган мусулмандар Улугбектин обсерваториясын талкалашына «эл эмне десе, биз да ошол» деген жоопкерчиликсиз жооштор да айыптуу. Кечээки эле сталиндик репрессияларда миллиондогон «байкуштар» кайдыгер караган, болбосо эң чынчыл, талантуу инсандардын куугунтукталышына, кырылышына кол кабыш кылган.

Бүгүнкү күндө да ушундай: кедейдин бир тойгону – орто байыганы дегенсип, болор-болбос акча берип же арак ичирип койгон саясатчынын каалагандай утурумдук ураанын чакырып, кекиртеги айрылганча кыйкыргандардын арасында деле жооштор көп. Албетте, митингге чыккандардын баарын тегиз күнөөлөштүн кереги жок – булардын катарында саясатчылардын чын ыкластуулугуна ишенгендер да табылат. Ураандар уккулуктуу, учурдун талуу маселесине үндөш туюнтулса, уюштуруучулар салыштырмалуу жаңы болсо, эл таламын иш жүзүндө жактагандар көпчүлүктү түзүп калышы да ыктымал. Соңку тогуз жыл аралыгында кайталанган эки төңкөрүштүн катышуучуларынын кыйласы, балким, басымдуу көпчүлүгү ушундай кишилер болгондур. Бирок сүрмө топтун психологиясындагы «бирден бир туура сөзгө» кошулбагандардын же макул болбогондордун пикирин уккусу келбеген кереңдик, кеп жебестик баарынан опурталдуу экендигин биле жүрүшүбүз абзел.

Жеке адамдардын үнү бир зор добушка кошулганда, коомдук пикирди үргүлөгөн абалдан ойготуп, сергектентүүчү күчкө айланышы да, тескерисинче, бөрүдөй улуган, чөөдөй ызылдаган мителикти жайылтып, элдин пейилин бузушу да мүмкүн. Кооз сөздөрдү сүйлөп, дүңгүрөк ураандарды чакыргандардын баары эле күнүмдүк турмушунда түз жүрө бербестигин эске алуу зарыл. Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чал эзелки элдик наркты жактаган изги киши эмес беле? Бирок ажайып жомокторду айта билүү менен жашоодо ошол абалтадан келген Сөздүн бийик чындыгын жактай, коргой билүүнүн ортосунда көбүнчө асман менен жердей айырма болот тура… Саясатчылар дал ушул элпек момундардын колу менен чалмакей чалып келет.

Сентименталитет

Совет доорунда бизди, кыргыздарды, «бараны» деп акаарат кылгандар болчу. Канчалык ачуулансак да, мунун өз жүйөсү болгон (азыр деле жок эмес). Ошондуктан муну унутпаш керек – кектешүү, «өзүңөр ача туяктуунун эң балитисиңер» деп кажылдашуу үчүн эмес, өсүшүбүзгө кедерги болгон өксүктөрүбүздү көрүп, жоё жүрүү үчүн. «Арийбиз», «эң байыркыбыз» ж.б. кооз сөздөрдүн магдыратып, маң баш кыла турган таасиринен ойгонуу, сергек ойлонуу, баарынан оор түйшүк деп Чыңгыз Айтматов эскерткен «күн сайын адам болууну» унутпай жүрүү үчүн бул эң зарыл. Далыга таптап, жардан ашыра мактаган келесоо достон эң чоң кемчилигиңди таамай көрсөткөн эстүү душман артык эмеспи?

Чындыгында, кой мүнөздүк же үйүрдөгү, бададагы малдай ээрчиме пейил кандайдыр бир деңгээлде дээрлик бардык элдерде, бүтүндөй адамзатта бар. Пайгамбарлардын (кийинчерээк – дин кызматкерлерин) койчуга («пастырь»), ал эми коомдун (чиркөө пайда болгондон тартып – чогуу сыйынгандардын) короо койго («паства») салыштырылып келгендиги ушундан. (Айтмакчы, ушу сөздөр азыр ислам багытындагы орус тилдүү сайттарда да колдонулат). Бирок башкалардай эле биз да, Чехов «күн сайын бир тамчыдан чыпкалап, өмүр бою кулчулуктан кутула бердим» дегендей, канга сиңген кой мүнөздөн же «момунизмден» арыла жүрбөсөк болбойт.

Эмесе, «койлорубуздун» эч болбосо эң «семиздерин» санап көрөлү. Бул – ысырапчыл аш-тойлорго күргүштөп чогулмай адат (араптардын той-тамашаны билдирүүчү «майрамынан» алынган деп атактуу лексикограф Кусейин Карасаев чечмелеген «МААРАКЕ» деген сөзүбүз койлордун МААРАганына үндөшүп жатып калганын караңызчы?!). Бул – «эл катары» болбосок да, «элдей» көрүнүүгө далбаса урганыбыз: жарашпаса деле, акчабыз жетпесе деле, кошунабыздай кийинүүгө шашабыз. Эч зарылдыгы жок машинени сатып алабыз такси айдап тиричилик кылган кудабызды туурап. Кесипкөй эмгек базарындагы жагдайга, ар кимисинин шык-жөндөмүнө карабастан, балдарыбызды дипломдуу жумушсуздардын укмуштай тез калыңдап бараткан катарына айдайбыз. Насыя алып той беребиз да, пайызды азайткыла деп пикетке чыгабыз, Текебаевди кошо дүрбөтүп.

Саясий жана рухий турмуштагы «көпчүлүктүн», кайсы бир фанат же популист сакалчандын пикирин ойлонбой эле жактаганыбыз, бүгүн бирди, эртең башканы мактаган оомалыгыбыз – «эркечтердин» артынан жарга, сууга деле кете берген койдой ээрчимелигибиз эмеспи?

Сөз билбегендин муштуму

Коомубуздун укуктук аң-сезими жана маданияты азырынча өтө төмөн деңгээлде. Айтмакчы, «адам укугуна» жамынып, кыргыз тилин билбеген мамчиновниктерди жактагандар элдин дал ушул абалынан кыянат пайдаланып жатат. Минтип карөзгөйлүк кылгандар бул сөзү менен кыргыздарды адам ордуна көрбөй жатканын билдирерин өздөрү түшүнөбү же атайы мазактап жатышабы? Демек, «укукчулар» юридикалык түшүнүктөрдү курал же калкан катары пайдалана билген кишини гана адам деп эсептейт экен да?!

Кыргызстандын азыркы шартында эч болбосо негизги эки тилди (мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдерин) билгендер гана толук кандуу диалогго катыша аларын ойлосо, ушинтип айкыра бербес эле «укукчулар». Аларга акыл-эстүү адамдардын мунасалуу турмушу эмес, коомдогу ынтымактын шарты болгон өз ара түшүнүшүү эмес, чөөлөрдүн ызы-чуусу менен койлордун маараганы керек.

Иш жүзүндө мыйзамчылар менен соттордун көбү жарандардын тебеленип жаткан укугун эмес, бир ууч мансапкорлордун кызыкчылыгын коргойт. Учурдагы бийлик деле аны сындаган жарым жан оппозициянын деңгээлинде: коомдогу нааразылыктын себептерин жойгондун ордуна, күч түзүмдөрүнө көбүрөөк таянып жаткандай. "Сөз билбеген муштуму менен коркутат" деген ушулбу?

«... ошол гана татыктуу»

Балким, башчыларыбыз, шайлап алган депутаттарыбыз өзүбүзгө жарашып калгандыр? Мунун чындыгы бар, бирок толук эмес. Идеалист философтор айткандай, адам жапайы жандык менен периштенин ортосундагы өсүш абалында турат. Николай Бердяев а түгүл адамды периштеден өйдө койгон, анткени адамдын табиятында кудай ыйгарган өзгөчө касиет бар – ал өркүндөй алат, периштелер болсо бир калыпта өзгөрүлбөй кала берет деген. Владимир Соловьев инсан, анын ыйманы, рухий дүйнөсү да, социалдык чөйрө, бүтүндөй коом, мамлекеттик түзүлүш да ырааттуу түрдө өркүндөй берет деп прогресске зор үмүт арткан.

"Ким күн сайын салгылашып, жан аябай күрөшсө,

Бакыт менен эркиндикке ошол гана татыктуу", - деп улуу Гете жазган экен.

Экинчи төңкөрүш элге көп нерсени түшүндүрүп койгондой сезилсе да, митинг, пикеттерди чындык үчүн күрөшүүнүн негизги ыкмасы катары кабылдаганга мындан ары болбостур. Анын үстүнө, Ак үйдүн тосмосунун секирүү, калайыктын жашоосундагы кан тамырдай болгон жолду тосуу сыяктуу осол жоруктардан кийин жабыла кыйкырган хор-монологду, ультиматумду, диктатты таштап, сүйлөшүүгө, талкууга өтүү зарылдыгын баамдагандар көбөйгөндүр? Диалог эл көп чогулган митингдерде деле уюштурулушу мүмкүн, бирок теле-дебаттарда, тегерек столдордо, расмий, бейрасмий жана жекече жолугушууларда өткөрсө алда канча түзүк болоор.

Ырас, сүйлөшүү теңдеш деңгээлде, жүйөлүү, жөндүү жүрүшү үчүн тараптардын баары (партиялар, фракциялар, оппозициялык топтор, өкмөт же жеке инсандар) дайыма рухий өсүшкө умтулушу керек. Жаңы доордогу «салгылашуунун, күрөшүүнүн» эң башкы куралына ээ болуу (укук менен милдетти, эркиндик менен жоопкерчиликти теңдештирүүчү диалектиканы өздөштүрүү) үчүн баарыбыз – бийлик да, катардагы жарандар да – кетирген каталарыбызды аңдап билип, демократия сабактарын терең өздөштүрүүгө тийишпиз.

Тактап айтканда, адам укуктары кыйкырып-айкыргандарга эле эмес, бардык адамдарга таандык экендигин, укуктарды аныктаган, шарттаган жарандык милдеттер аткарылышы зарылдыгын дайыма көңүлдө тутушубуз абзел.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG