Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Биздин эркиндик

Эгемендик... Баягы мен эс тарта электе келген эгемендик... Жыртык кийим, өтүгү жок келген эгемендик... Өз алдынча Баш мыйзам жазып, Тууну, Гербди, Гимнди кабыл алган эгемендик.

Ушул жүдөмүш эгемендик ырас эле келиптир. Болбосо дагы бир күн жүдөмүш болот элек да. Же кылымдарга сыланып-сыйпанып жүрүп жок болуп кетет белек, же сыртыбыз жалтырак, ичибиз калтырак, көзүбүз жалтак, өзүбүз коркок болуп күн кечирет белек... Эмне болорубузду билбейм, бирок ушул эгемендик ырас эле келген.

Бизге ырыскы издеп кара жанды карч урушту, дүйнө кезишти, замандын күрөө тамырын сезишти үйрөтүү үчүн келген. Көөдөн толо дем алып, көкүрөк толо кубанып, ооз толтура сүйлөшүбүз үчүн келген. Рахмат сага, эгемендик!

Загыра нан же жоктон бар кылган апалар

Кээ бир чоң аталар: “Атасынын көрү, союз керемет эле! Ун, май, кумшекер дүкөндө тирелип турчу. Арзыбаган акчагы ала берет элек. Күкүрт бир тыйын болчу”, - деп шыпшынышат. Ошол “кереметтүү” доор да кулаган экен, чиркин! Өз алдынча оокат кылуу оңой эмес болгон көрүнөт. Көрүнөт эмей эле, биз да чет-чеберин көрүп калдык го. Жүгөрү нан жедик. Загыра нан менен жан сакташты эл.

Азыр эгемендик жаңы келген күндөрдө эмне эсте калгандыгын сураса, ким болбосун биринчи загыра нанды эстейт. Жумуртканын сарысындай ичи саргарган, сырты боз, жарылып, жарылып кеткен токочту мектепке салып барып да жеген күндөр болгон. Бир союшка жараган күрпөң козунун наркы бир шише аракка араң жетип калган мезгил болуптур. Колхоздун жүк ташыган машинесин айдап эле бир чоң үй-бүлөнү баккан аталар иши жок, көпчүлүгү бөтөлкө кучактап отуруп калышкан. Өзгөндүн Жаңы-Чек деген айылына көчүп барган элек. Бөлкө нанга узун кезекке туруп, акыры жетпей калган күндөр эсимде.

Кичинебиз да, балдарды жер казышканы чакырат элек. Үйдөгү жок менен ишибиз канча! Май бар, бирок ун жок, чай бар, бирок туз жок мезгилде апалар арыктын боюнда өскөн жалбызды, тоокту аңдып жатып тууганда дароо мышыктан мурда жетип, алып калган жумуртканы, супаранын түбүндө калган улпакты, айтор, бар тапканын эптеп, же издеп таап отуруп керемет, таттуу тамактарды жасап жиберет эле.

Коммерция. Бир баштык момпосуй

Карайлаган эл амал издеп, акыры коммерция деген эмени ойлоп табышкан экен. Орусияга барып коммерция кылгандар бизге акчаны сапырып жаткандай эле сезилчү. Атамдын коммерция кылган бир туугандары толгон-токой кийимдерди салып жиберчү. Дегеле кийимден өксүк болбодум. Бирок бут кийимдин азабын куп гана тарттым. Чоң келген жаңы кийимдерди жигин билгизбей тыпыйтып апам кичирейтип берет. Бут кийимди кичирейте албайсың да. Көрсө, өтпөй калган, тоноткондон калган товарларды бизге салып жиберүшчү экен. Ит көрбөгөн азапты көрүп, товарын тонотуп, же чек арачыларга алдырткандарын коммерсант туугандарыман оо кийин өткөн-кеткенди эстеген тууган отурушта көп уктум. Ошондогу кийим салып берип жиберген чаар сумкалар ал кездеги жашоонун символундай эле элес болуп калды.

Ширинге аябай жакын элем. Жанараакта эле жегеним тилиме илешпей, кайра апаман момпосуй сурай баштадым:

- Апа, бир эле конфет жейинчи!

- Болду, оозуңду жап! Бая эле алып бердим го. Сенден башка бул үйдө адам барбы?

- Апа, бирди эле жейм. Бере берсеңиз. Чоңойгондо бир ала сумка конфет алып келип берем. Көрөсүз го, бир ала сумка.

Ушинтип көзүмдү жалдыратып турганымды көрүп апам түтпөй кетти.

- Садагаң болоюндарым! Силер бат эле чоңойсоңор экен, силердин чоңойгонуңар конфет, силердин чоңойгонуңар тамак-аш, силердин чоңоюшуңар жашоо. Силер чоңойсоңор конфетти минтип бекитпей калабыз, балам. Анда жакшы заман болот,- деп апам өрөпкүп, толкунданып кетип бир сары пакет момпосуйдун баарын алдыбызга коюп койгон. Азыр "бир ала сумка конфетти качан алып келесиң?" деп тамашалап калат. Мен анда өзүмдү сөзсүз коммерсант болом деп элестетип алсам керек...

Шыгы бар, чыйрактары ирденип отурушту. Аягы загыра нан жеп, 2000-жылдарга чейин жетип келишти.

Эркиндикти сезе баштадык

Эл деген элек экен. Улам бир музду жарып, кайырмак салып отуруп ар жактан ырыскы таап жегенди үйрөнүштү. Алды Европага чейин иштеп кетишти. Кыргызстандын өзүндө ишкерлик кылып ирденип кеткендер болду. Орто катмардагы эл майда соода менен алектенип, чоң соодагерге айланышты. Көз ачып, билимге умтулгандардын саны көбөйдү.

Загыра нан жеп жүргөн мезгилдегидей айылдарга чейин ачыла берген окуу жайлар жабылып, университет тандап окуганга жетишти. Ушул аралыкта элди кантип багып кетиштин жолун таппай кайсалаган бийликти эл желкесине көтөрүп өзү бакты. Орусияда, Казакстанда иштеп жүрүп бакты. Жер тырмап, базарда саргайып отуруп бакты.

Эл бийликтин кылык-жоруктарын биле баштады. Аларга каяша айтканга, сөккөнгө жетишти. Гезит беттери каалашынча урушканга, кемчиликтерди айтканга орун берди. Биз эркин, укугубузду талап кылууга акыбыз бар эл экенибизге түшүнүп, жете баштадык. Анан эл эки ажону тактан алып түштү. Билгенге мындан өткөн эрдик, мындан өткөн батылдык жоктур.

Эми эркиндикти ашыра да пайдаланабыз.

Бүгүн деле кээде бизде көп нерселер жок болуп калат. Көп адамдарда үй жок. Көптөрүндө иш жок. Күнү-күнү келгенде кай биринде маршурткага акча да жок болуп калат. Бирок бизде эркиндик бар. Сен мындай сүйлө, андай отур, минтип тамак же дегидей кожоюнубуз жок.

Интернет, теле, радио, гезиттер кайсы кыңыр иш болбосун жарыя кыла алат. Биз азыр кресло алат элем деген депутаттардын, планшет алам деген министрликтин напсисин бууп коё алабыз. Бир жаман жорук кылса ашкерелеп, ит-акмагын чыгарып коюу колубуздан келет. Биз бул кездери сөз эркиндигин туу чокусуна жеттик. Каалаган адамды сөгө алабыз, көкөлөтүп мактай алабыз, каралап боктой алабыз. Эркиндикти ашыгы менен пайдаланып жиберебиз.

Эгемендиктин баасы. Көздөгү муң.

“Баасы” дешти карап кой. Мунун баасы жок. Эгер баасы болсо канча сом? Уйгурлар Кытайдын Үрүмчүдөгү бүт юанын берип алып албайт беле! Чечендер, татарлар тонналап байлык берип сатып албайт беле. Күрттөр ушунча жылдар Түркия үчүн иштеп бердик, ошонун акысына эгемендик бергиле дебейт беле! Алардын кээ биринин саны бизден 10 эсе көп го. Жок, эгемендик сатылбайт. Бул эркиндик бизге кудайдан берилген чоң белек. Тээ аталар канын төгүп, чуңкурда калып отуруп бизге аманат тапшырган белек.

Кытайга барганыбызда таксист уйгур тилибиз окшош деп жакынсынып кыйла арызданып алды. Көздөрүндө муң турат. Көздөрүндө жек көрүү турат. Жалтактык турат. Эркиндикти самаган, кайкып учкусу келген, асман жаңырта шаңшыгысы келген арзуу, үмүт турат.

“Эркиндигибзди чектейт, байып бараткандарды көзөмөлгө алат, ашыкча текшеришет”, - деп арызданып жатып да көздөрү ойноп турат. Мындай келсең, аны кытай жамандайт: “Бүт кытайга берилбеген укуктар, жеңилдиктер ушуларга берилген, ошону да көтөрө албайт”, - деп.

Кытайдагы кыргыздар бул жактан баргандарга аябай меймандос экен. Телефондорунда Кыргыз Республикасынын Герб, Туусунун сүрөттөрү, кыргызча мукам ырлар бар. Бул жактагы атактуу адамдардын баарын таанышат. Кулагын түрүп турушат. Ким келсе да үйрүлө түшүп сый көрсөтүшөт. “Мына бул сары талаага улай жашыл талаа бар. Ошол жерден Кыргызстан башталат. Манастын мекени башталат”, -деп шыпшына мактанышат.

Кантип сактап калабыз?

Ооба, ушинтип да ойлоно баштай экенсиң. Кээ бирлери, чиновниктер деле түрдүү өлкөлөрдү идеал көрүп, ошолорду ээрчигиси келип жатса, түрдүү өлкөлөр түрдүү жактан кирип жатса, кантип сактап калуу тууралуу ойлор да келе баштайт экен.

Эми келсе, жардамын берсе кете беришсин. Бирок өз өлкөбүздүн келечеги өз колубузда экенин баарыбыз терең аңдашыбыз зарылдыр. Биз бири-бирибиздин эркиндигибизге кол салбасак, өлкө эркиндиги да кошо сакталар. Үй-бүлө эркиндиги, жеке адамдын эркиндиги, сөз эркиндиги, бардык эркиндиктер корголсо, өзүбүз да коргосок, мамлекеттик эркиндик да корголор.

Жазмакердин калемин, журналисттин үнүн эч ким баспасын. Бизге эркиндиктин даамын так ушулар сездирбеди беле. Ошолордун жардамы менен бийликтин ыплас жоруктарын билип, аларды эл тескегенге өтүп жатпайбы.

Биз ажо эмне дейт, кожо эмне кылып жиберет деген жалтак элди тарбиялабашыбыз керек. Биз оозун толтура сүйлөй алган, кемчиликти бетке айткан коомду өстүрүп, багышыбыз зарыл. Биз кошуналар ушинтип жатат экен деп элдин канында жашаган шардыкты, ачыктыкты талкалап албашыбыз керек. Керек болсо дагы да эркиндик, дагы да батылдык берели. Алардын эркиндиги мыйзам менен корголсун!

Мына биз сөз, маалымат эркиндигин сактоо менен ушул бүгүн жашап жаткан ажайып эркиндикти сактап калабыз.

Кээ бир адамдар бул эркиндикти четинен чектеп баштаганга кызыкпасын! Бул эркиндик - 70 жылдык жалтактоодон кутулган эркиндик, бул эркиндик – загыра нан жеп, чаар сумка көтөрүп жүрүп тапкан эркиндик. Бул эркиндик - эки президентти чыдабай кууп салып, жаңысын, жаңыларынан улам үмүт артып турган эркиндик. Жаштардын үмүтүн жандырган, алыстарга, бийиктерге талпынткан эркиндик. Бул биздин эркиндик, бизге гана тиешелүү. Башкалар үчүн кызык эмес.

Улукбек Омокеев, блогер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. Жеңүүчүлөр август айында аныкталат. Толук маалыматты бул жерден тапсаңыз болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG