Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Чыныгы Эгемендикке жетсек экен!


Урматтуу мекендештер!!!

Урматтуу мекендештер! Эгемендүүлүктүн 23 жылдыгына карата кайрылуу мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, бир чындыкты моюнга алууну туура таптым.

Чынында, өлкөбүз чыныгы эгемендүүлүккө жетише элек. Башкача айтканда, саясатты да, экономиканы да өзүбүз каалагандай жүргүзө албайбыз. Ал эми өлкөбүздө эгемендүүлүктү эчен ирет майрамдасак да, бирок акыйкатка эгемендүүлүктүн «Э» тамгасы жоктугу өкүндүрөт.

1. Саясий көз карандылыгыбыз. Дале СССР мураскору КМШ курамындабыз. 23 жылдан бери президенттерибизди Орусия бөрк алмаштыргандай эле алмаштырды. Акаев – Бакиев «рокировкасын» о.э. андан кийинки окуяларды буга мисал кылууга болот.

2. Экономикалык көз карандылыгыбыз. ГЭСтер кетти. Газ кетти. Алдыда Бажы биримдигине киргени турабыз. Андан кийин ЕврАзЭС күтүп турат.

3. Аскерий көз карандылык. Жамааттык коопсуздук келишими уюму, анын алкагындагы «Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн» чеңгелиндебиз. Канттагы авиабаза туруктуу калууда. Анын каршысында, Америка базасы Орусия басымы астында "Манастан" чыгып кетти.

Мына, кадырман мекендештерим, эгемендүүлүк бизде ушундай. Жогорудагыдай саясий, экономикалык, аскерий жактан көз каранды болуп турганыбыз – бул мурунку эле колонизаторлуктун жаңы бир түрү. Мурун падышалык Орусия ачыктан-ачык курал менен басып алып колония кылган болсо, азыркы Орусия жасалма “эгемендүүлүк” берип койгон. Кээ бир ички иштерге аралашпаганы менен, өз кызыкчылыгы болгон ар бир маселе ал каалагандай чечилет.

Чындыгында, өлкөбүздүн тагдыр чечүүчү маселелеринде (Бажы биримдиги ж.б.) биздин талаптарыбыз аткарылбай, карапайым калк жапа чегүүдө. Канчалык аракет кылбайлы, жыйынтыгы алар айткандай болуп чыгат. Себеби, бизде көнбөскө да арга жок, алар бизди ушундай абалга кептеп койгон. “Жок, президент туура эмес кылды” дегендер колунан келсе кылбайт беле, 23 жылдан бери Кыргызстандын тагдыр чечүүчү бир да маселеси биздин пайдага чечилген эмес. Эчен президент, нечендеген премьерлер алмашты, бирок, эч өзгөрүү жок.

Биздин “эгемендүүбүз” деген сөздөрүбүзгө алданып келген ар бир мекендешим! Сиздер айткан ар бир сөздөрүмдү туура кабыл алат деген ишеничтемин. Анткени чындык ушундай жана биздин эл чындыкка тике караган калк. Ооба, эгемендүүлүктүн белгиси деп каралчу туу, герб, гимн, валюта ж.б.у. сыяктууларыбыз бар. Бирок алар чыныгы эгемендүүлүктүн көрсөткүчтөрү эмес. Өлкөбүздү өзүбүз башкарбагандан кийин аны кантип эгемендүү дей алабыз. Мисалы, сиздин автоунааңыз бар, ал сиздин наамыңызда, майын сиз куясыз, музыканы сиз коёсуз. Бирок унааңыз башка бирөөнүн кызматын кылат, кайсыл жакка жумшайм десе ал өзү билет. Ошондо бул унаа кимдики болот?

Андыктан кыргыз калкым, ар бириңиздерге чын дилден кайрыламын, чыныгы эгемендүүлүккө умтулалы!!! Мен ишенем, элибиздин эртеңин ойлой турган, келечегин улай турган атуулдарыбыз арбын!!!. “Майрамыңыздар” менен!

Орозбек уулу Шеримбек студент.

XS
SM
MD
LG