Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 15:40

Кыргыз экономикасында бир парадокс бар. Биз мунайды дээрлик өндүрбөйбүз, жарыткан газыбыз деле жок, тескерисинче ансыз да аз акчабызды коротуп, жылына 1 млн тоннага жакын мунайзат жана 500 млн куб метр жаратылыш газын чет өлкөдөн сатып алабыз. Бирок биздин экономика мунай менен газ арзан кезде өнүкпөй, кымбат кезде өнүгөт.

Асмандан жааган акча

Өткөн кылымдын 90-жылдарында 1 баррель мунай баасы дүйнөлүк рынокто орто эсеп менен 18 доллар болуп турду (ылдый жактагы графикти кара). Кыргызстандын экономикасы ал кезде анчалык деле өнүккөн эмес. Болуп көрбөгөндөй каатчылык, тескерисинче, так ошол 90-жылдарда болду. Акаевдин акыркы жылдарында, тагыраак айтканда 2001-2004-жылдарда мунайдын баасы бир аз көтөрүлдү, аны менен бирге ички дүң продуктынын өсүш темпи да ылдамдап, орточо эсеп менен 4,8% түздү. Бирок анда деле элдин турмушунун көзгө көрүнөрлүк жакшырганы байкалган эмес.

2002-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризистен кийин мунайдын баасы акырындап көтөрүлүп отуруп, дагы бир дүйнөлүк экономикалык кризис болуп өткөн 2008-2009-жылдарды эске албаганда, 2000-жылдардын экинчи жарымынан 2014-жылга чейин, бир баррель мунай 100 доллардан ылдый түшкөн жок. Башка сөз менен айтканда мунай бери эле дегенде 5 эсе кымбат болду. Ушул кезде Кыргызстандын экономикасы дүркүрөп өнүктү. Бакиев башкарган 2006-2009-жылдарды камтыган төрт жыл ичинде ички дүң продуктынын өсүү темпи 5,7% түздү. Так ушул канкор Бакиевдин тушунда эл акча топтошуп, ага үй, машине, үй эмеректерин сатып алышып же үй салышып, калктын турмушу кадимкидей оңолду.

Эсиңиздерде болсо керек, 2005-жылы революция болгондон кийин ХИПИК деген бир программанын тегерегинде чыккан ызы-чуу. Акаевдин учурунда өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продуктынын 130% жетип дүйнөлүк практикада коркунучтуу деп эсептелген 60% чектен өтүп кетпеди беле. Дүйнөлүк банк так Бакиев бийликке жаңы келген кезде карызыңарды жеңилдетип берели деп бизди ошол ХИПИК деген программага кирүүнү сунуш кылган.

Дүйнөлүк банктын кыргыздарды кемсинтейин деген жаман ою болбосо деле керек. Революция жасап өпкөсү ичине батпай турган айрым кыргыздар «ал программада жалаң Африканын өлкөлөрү экен, силер бизди Африканын жапайы элдери менен теңебегиле, биз деген Манастын тукуму болобуз, намыстуу элбиз, карызыбызды өзүбүз эле элден акча топтоп төлөп беребиз» деп, Ак үйдүн алдында банктын кейпи түшүрүлгөн куурчакты өрттөшкөн. Бирок бул үчүн атайын ачылган банктык эсепке 100 миң сом да чогулган эмес. Ошондо тамагы айрылганча кыйкырып жүргөндөрдүн өздөрү да бир тыйын которбогонун айтышат. Ошондой болсо да тышкы карыз маселеси экономиканын өнүгүүсүнүн күүсү менен сен көр, мен көр болуп өзүнөн өзү жок болуп кеткен.

Эми эки жылдан бери мунайдын баасы 50 долларга да жетпей кайрадан төмөндөп кетти. Бул эки жыл ичинде ички дүң продуктынын өсүш темпи 3,9% ашкан жок. Атамбаев президенттик кылган беш жыл (2012, 2013, 2014, 2015, 2016) ичинде ал орто эсеп менен 4,5% түздү. Бул Акаев мезгилиндегиге салыштырганда да төмөн. Бакиевдин убагындагы экономикалык өсүштүн шары менен Атамбаев «Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы» деген документ кабыл алган болчу. Ага ылайык 70ке жакын долбоор ишке ашырылып, өлкөнүн ички дүң продуктысы эки эсе өсүүгө тийиш эле. Анын көпчүлүгү аткарылган жок.

Бир кезде жок болуп кеткен ХИПИК көрүнөн тирилип келген немедей болуп тышкы карыз маселеси кайрадан актуалдуу боло баштады. Ал азыр ошол коркунучтуу деген чектен көп деле өтүп кете элек. Бирок ал тез эле 100% ашып кетиши мүмкүн болуп отурат. Аткени бийлик сомдун курсун акчанын көзүнө карабай интервенция жасап кармап калды. Бирок мындай абал чабал экономикасы бар Кыргызстандын шартында көпкө созулбайт.

Жеңилиш жетим, жеңиштин атасы жетимиш деген кеп чын экен. Жогоруда айтылган «Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы» кабыл алынып жатканда Атамбаев "мен Бакиевдин учурунда премьер болуп иштеп, эки жылдын ичинде Кыргызстандын бюджетин эки эсе өстүрүп жибергем, Кыргызстандын ички дүң продуктысын жети жыл ичинде эки эсе өстүрүү мен үчүн кеп эмес" деген болчу. Андай мактанууну мен ошол кезде финансы жана экономика министри, вице-премьер болуп жүргөн Акылбек Жапаровдон да бир нече жолу уктум.

Ал эми Бакиевдин өзү жөнүндө айтпай эле коелу. Атамбаевдин иши жүрбөгөн сайын ага жан кирип, Кыргызстанды кантип гүлдөгөн өлкөгө айлантканын айтып түгөтө албай, Минскиден мен али тирүүмүн деп улам-улам салам дубай жиберип жатат. 2006-2007 жылдары өлкөнүн бюджетин эки эсе көтөргөн Атамбаев эмнеге азыр ошол эрдигин кайталай албай жатат? Бакиевдин учурунда анда бийликтин жарымы эле болуп, өзүнүн эмнеге жөндөмдүү экенин толук көрсөтө албаса, азыр эки тизгин бир чылбыр өз колунда - каалагандын баарын кыла алат эмеспи.

Кыргыз экономикасынын Бакиев башкарган жылдары тез өсүп кетишинин себеби Бакиев, Атамбаев, Жапаров жана ошол кездеги экономикага колу тийип калган башка адамдар өзгөчө талантка ээ болуп же алар жанын жай алдырбай жакшы иштешкендерине байланыштуу болгон эмес. Алар, тескерисинче, жасабай турган нерсени жасашып, тоскоолдук кылышкан. Эгерде алар рынок экономикасынын мыйзамдарын жакшы түшүнүшүп, өзүнөн өзү түзүлө калган жагымдуу шартты туура жана толук пайдаланганда өсүш мындан да жогору болот болчу. Азыркы өнүгүүнүн пайдубалын ошондо эле түптөп коюшмак, азыр биз башка өлкөлөрдүн жардамысыз өнүгө бермекпиз.

Дүйнөлүк өсүштүн шары

Биздин экономиканын бат өсүшү ошол кезде дүйнөлүк экономикада сейрек кездешчү процесстердин болуп өткөндүгүнө байланыштуу болгон. Көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи турган Кытайдын экономикасы, ага кошулуп ага жетпесе да, башкаларды алдына салбаган, өтө чоң деп эсептелген Индия менен Бразилиянын экономикасы так ушул мезгилде дүркүрөп өсүп кирди. Бул аз келгенсип батыш өлкөлөрүнүн, биринчи кезекте АКШнын үй куруучуларга кредит берүүнүн шарттарын жеңилдетип экономиканын өсүшүн кошумча стимулдаштыруу аракеттери өз жемишин бере баштаганы да ушул мезгилге туш келди.

Дүйнөлүк экономиканын ушундай дүркүрөп тез өсүүсүнө байланыштуу бул товарларга суроо-талап да өстү. Аты аталган өлкөлөрдө мунай, газ, башка чийки заттардын кендери жетишсиз. Алар бул товарларды дайыма импорттоп келишкен. Эми алар мурдагыдан да көп импорттой башташты. Суроо-талаптын өсүшү өз кезегинде алардын баасынын болуп көрбөгөндөй жогорулоосуна жана аларды өндүрүп саткан өлкөлөрдүн кирешеси кескин көбөйүшүнө алып келди. КМШ мамлекеттеринин ичинен Орусия, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстан мунай менен газды көп өндүрүшөт. Бул өлкөлөр үчүн акча асмандан жаагандай эле болду.

Акчанын азы да жаман, көбү да жаман. Көп акча тынч уктатпайт турбайбы. Казактар заматта ичсе тамакка жетпей, кийсе кийимге жетпей жүргөн 90-жылдардагы күндөрүн заматта унутуп, биз 2050-жылга чейин 30 алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирчүбүз деп чыкты. Орусиянын болсо өчтү деген империялык амбициясы кайра ойгонуп, мурдагы колонияларына эми мындан ары биз айткандай гана иш жасайсыңар деп, баш ийбегендерин какыс-кукус кылып үстөмдүк кыла баштады. Ал тургай АКШнын өзүнө акаарат кылып, сен дүйнөнү жалгыз бийлей албайсың, анын жарымы меники деп эсин оодарды.

Орусия менен Казакстандын экономикасындагы өсүш Кыргызстандын экономикасына үч түрдүү жол менен таасир берди. Биринчиден, алардын акчасы көбөйгөнүнө байланыштуу биздин товарларга алар тараптан суроо-талап да өсө баштады. Бул биринчи кезекте биздин айыл чарба жана кийим тигүү тармагынын тез өсүшүнө түрткү болду. Мурда эле Кытайдын товарлары Орусия, Казакстан жана башка КМШ мамлекеттерине Кыргызстан аркылуу өтүп жүргөн. Бул өлкөлөрдө акчанын көбөйүшү менен реэкспорт андан да күчөдү.

Экинчиден, акчалуу боло түшкөн Орусия менен Казакстандын бизнесмендери биздин мурда арзан бааланып, бирок өтпөй турган активдерибизди сатып алып, инвестиция сала баштады. Мындай көрүнүш өзгөчө алтын өндүрүү секторунда даана байкалды. Үчүнчүдөн, биздин иши жок отурган калкыбыз ушул өлкөлөргө чыгып, иштеп акча таап келе башташты. Мунун биздин экономикага тийгизген таасири канчалык экенин ушундан байкаса болот, эмгек мигранттары алып келген акча ички дүң продуктынын төрттөн бирин түзөт. Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө Тажикстандан кийинки экинчи орунда турат.

Эмгек мигранттары таап келген акчанын бир бөлүгү, эгерде алар бизде өндүрүлбөгөн товар, мисалы, машина, телевизор сатып алса, ал кайра тышка кетти. Бир бөлүгү ички товар өндүрүүчүлөргө суроо-талап жаратып, алардын тез өсүшүнө кошумча күч болду. Мисалы, мигранттар өздөрүнө үй сатып ала башташты. Ал курулуш тармагынын жандандышына алып келди. Мурда кыргыз ишкерлери көбүнесе соода тармагында шугулданып келсе, мындай талаптын жаралышы менен алар үй куруу адистигин өздөштүрө башташты. Үй куруу массалык бизнеске айланды.

Жогоруда айтылгандардан биз үчүн сабак болчу бир чоң жыйынтык чыгарса болот. Кыргыз экономикасынын мунай, газ, чийки заттардын арзан кезинде өспөй, кымбат кезинде өсүшү биздин чоңдор экономиканы көтөрүүнүн жолун билбесин экенин көрсөтөт. Эгерде дүйнөлүк экономикада жанагыдай өзгөрүштөр болбогондо биз дагы эле кедей жашамакпыз. Баарынан коркунучтуусу ошол себептен өлкөнүн экономикасы жакынкы келечекте дүркүрөп өнүгүп кетүүсү арсар. Кыргызстан өз жолун тапкыча дагы бир топ жыл кыйналат окшойбуз.

Түштөн кийин баары эле акылдуу боло беришет, эмне үчүн муну учурунда айткан жоксуң дээрсиздер. Мени башка нерсе үчүн күнөөлөсөңөр да бул үчүн күнөөлөй албайсыңар. Мен ушундай болорун билгем. Билмек тургай жаман көрсөңөр жармаңарды бербей эле койгула деп, бийлик чындыкты айткандарды жактырбай, жөн эле бизди каралап жатат деп журналисттерди жана коомдук активистерди куугунтукка алып жатканда да коркпой-этпей эле өз оюмду ачык эле айткам. Бир эмес, бир нече жолу айткам.

Мисалга мындан туптуура он жыл мурда менин АКИ-пресс маалымат агенттигине берген интервьюмду алайын. Ал «Сапар Орозбаков: Россия и Казахстан нам не модель для подражания» деген ат менен агенттиктин сайтында жарык көргөн. Андан бир үзүндү которуп берейин: «Казакстан менен Орусиядагы акыркы кездеги турмуштун салыштырмалуу жакшырышы энергия алып жүрүүчү заттардын коньюнктурасына байланыштуу, ал бул өлкөлөрдүн келечекте динамикалык өсүшүнө кепил болуп бере албайт».

2009-жылы жарык көргөн «Было ли ошибкой вступление Киргизии в ВТО?» деген макаламдан дагы бир үзүндү келтирейин: «Орусиянын күйөрмандарынан айырмаланып, мен бул өлкө өз жолун биротоло тапты, эми аны алдыда жаркын келечек гана күтүп турат деп ойлобойм. Орусиянын экономикасынын акыркы жылдардагы тез өсүшү бир максатка багытталып терең ойлонулуп чыккан аракеттердин натыйжасы эмес, анда, кээ бир адамдар ойлогондой, анын азыркы жетекчилигинин салымы жокко эсе. Совет бийлиги жылдарындагы «брежневдик коммунизм» деген ат алып Брежнев башкарган учурдагы элдин турмушу жакшырган мезгилдегидей эле, буга да дүйнөлүк экономиканын коньюнктурасынын жагымдуу шарттары өбөлгө түздү. Мен Орусияга жамандык каалабайм, анткени ал Кыргызстанга түз эле келип тиет. Бирок ошол Брежневдин учурундагы күтүлбөгөн жакшыруу ошондой эле күтүлбөгөн кыйынчылыктарга айланып, ал 90-жылдардын аягында мамлекеттин кыйроосу менен аяктаганын эстен чыгарып коюу кечиримсиз ката болор эле». Айрым макалаларымда Орусияда дагы Кыргызстандагыдай эле революция болушу мүмкүн экенин ачык эле айткам.

Эмне үчүн Орусиянын өнүгүү модели Кыргызстанга туура келбейт?

Мен бул ойду улам-улам айткан себебим ошол кезде биздин чоңдордун жана саясатчылардын арасында Путин кыйын экен, Ельциндин алы жетпеген экономиканы Путин келип бат эле көтөрүп салды деп, ага суктануу менен карап, аны үлгү туткандар көбөйүп кеткен болчу. Жалган ойдун жетегинде калып, өлкөнү туура эмес жолго салып коюшпаса экен деп чочулагам. Андайлар азыр деле аз эмес. Бүгүн деле кыргыз саясатчыларынын көбү Путин Орусиянын экономикасын качан жолго салат экен деп күтүп отурушат.

Кантсе да Орусияда билимдүү адамдар көп эмеспи. Орусиянын өзүндө орус экономикасынын келечегине ишенбей, узакка созулган кыйынчылыктар болот дегендер чыгып жатат. Өлкөнүн мурдагы экономика министри Улюкаев мекеменин узак мөөнөткө жүргүзгөн прогнозун жарыялап, жакынкы 20 жыл ичинде Орусиянын экономикасында кандайдыр бир жылыштар күтүлбөстүгүн билдирген. Бийлик аны пара алып жаткан жеринен кармадык деп табышмактуу кырдаалда камап койду. Ушундай ойду карманган экономисттер Орусияда акыркы кезде көбөйгөндөн көбөйүп барат.

Көрдүңүзбү, Орусияда аттуу-баштуу эле кишилер, болгондо да экономика боюнча адистер өлкө кризистен оңой менен чыга албайт деп жатышат, а биздикилер болсо Орусиянын экономикасы эртең эле оңолуп кетерине баштагыдай дале бөркүндөй эле ишенет. Ишенген үчүн анын экономикасында учурда төмөндөө болуп жатса дагы Бажы биримдигине Кыргызстанды киргизип жатышат да. Ошого байланыштуу өткөрүлгөн талкуулардын биринде парламент жетекчилеринин бирөөсү орустар дайыма ар кандай кыйынчылыктардан жол таап чыгып кетип жүргөн, эмне болот деп коркпой эле койгула, бул жолу деле чыгып кетет деп көзү ачыктык кылды.

Орусиянын экономикалык өнүгүү модели орустар ойлоп тапкан жаңы модель деле эмес. Ал жер каймактагандан бери пайдаланылып келе жаткан модель. Анын маңызы жаратылыш байлыктарын казып алып анча мынча иштете коюп (тазалап) сатып, анын акчасына керектүү товарларды башкалардан сатып алуу. Ал товар чыгарып өнүгүү моделинин тескери формасы. Ага караганда бир топ жеңил жол. Мындай модель, албетте, жаратылыш байлыктары мол өлкөлөрдө колдонулат. Мунайга бай араб өлкөлөрүнүн дээрлик баардыгы так ушундай моделди тутунушат.

Бирок чийки затка бай өлкөлөрдүн баары эле мындай жол менен кете бербейт. АКШда, мисалы, жаратылыш байлыктары жетишерлик деңгээлде бар, бирок ал чийки зат эмес, товар, болгондо да терең иштетилген товар чыгарып өнүккөн. Бул моделдин дагы бир өзгөчөлүгү аны көбүнесе авторитардык жана диктатордук башкарууга ыктаган өлкөлөр колдонушат. Жогоруда айтылган араб өлкөлөрү жалпы жонунан ошондой өлкөлөр. Биздин Орусия, Казакстан, Түркмөнстан жана Азербайжан бул жагынан алардан көп деле айырмаланбайт.

Ошондой болсо да авторитардык өлкөлөрдүн баары эле чийки зат сатып жан багат деген да туура эмес. Башында Түштүк Кореяда, Сингапурда жана башка тез өнүгүп ажыдаар, арстан, жолборс атыккан чыгыш азиянын өлкөлөрүндө эреже катары авторитардык бийлик болгон. Алардын биринде да жаратылыш байлыктары сатылмак тургай өздөрүнө жетиштүү болгон эмес. Алардын бардыгы экономикалык өнүгүүнү жалаң товар өндүрүү жолу менен камсыз кылган. Алар кийинчерээк гана демократиялык өлкөгө айлана башташкан. Ошондо да айланганы айланып, айланбаганы дагы эле тигинисинде да жок, мунусунда да жок, орто жолдо жүрүшөт.

Экономикалык өнүгүүнүн мындай моделинин абдан чоң бир кемчилиги бар. Эгерде өлкө жетекчилери учурунда тиешелүү чара көрбөсө, бул экономикалык теорияда "голландиялык оору" деген ат менен белгилүү кубулушту жаратып, жаратылыш байлыктары тескерисинче экономикалык өнүгүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Анын механизми мындай. Мунай менен газды сатуудан түшкөн жеңил акчанын аркасы менен эмгек акы жана валюта курсу жасалма түрдө жогорулай берет. Эмгек акынын деңгээли анын өндүрүмдүүлүгү аныктаган обьективдүү чектен ашып кетет.

Мисалы, Орусия азыр жумушчуларына төлөгөн бүгүнкү айлыгы менен, өзгөчө сапаттуу товар эле болбосо, массалык кийим тигүү жагынан Кыргызстанга атаандаш боло албайт. Бизде эмгек акы беш эсе төмөн болгондуктан ошол эле кийимдерди биздин тикмечилер бир топ арзан жасап чыгара алышат. Орусияга азыркы анын айлыгы менен биздин алыбыз жетпеген тармактар боюнча, мисалы, машина жасап чыгаруу жаатында орто деңгээлде өнүккөн Кытай өңдүү мамлекеттер менен атаандашууга туура келет. Ал үчүн ошол тармактарда иштей алган жумушчулар жана адистер болушу керек. Түшкөн акча аларды даярдоого эмес, жөн эле айлыкты көтөрүүгө, образдуу айтканда жеп-ичкенге кетип калгандыктан Орусия бул тармак боюнча ал өлкөлөр менен да атаандаша албай калат.

Бул ажырым эмгек акы жогорулаган сайын чоңое берип, натыйжада өлкө башка тармактар боюнча, тагыраак айтканда, жогоруда сөз болгон товар өндүрүп сатуу тармактары боюнча атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготот. Башка тармактар өнүкпөй калат. Эгерде мунай жана газ саткан өлкөлөрдүн ички дүң продуктысын жана мамлекеттик бюджетин карап көрсөңүздөр кирешенин басымдуу көпчүлүгү мунай менен газды сатуудан түшкөн акчадан турарын, башка тармактардан жарытылуу акча түшпөсүн байкайсыздар. Орусиянын федералдык бюджетинин 40% көбүн мунай менен газды саткан акча түзөт. Ал эми кыйыр түрдө тийгизген таасирлери менен кошо эсептегенде ал 80% чейин жетет деп жатышат.

Орусиядан айырмаланып алгач Акаевдин мезгилинде Кыргызстан товар өндүрүп сатуу моделин үлгү кылып алган. Биздин экономиканын калыптанышында эл аралык финансы институттары активдүү роль ойноп, ошолордун таасири менен Кыргызстанда батыштын өнүккөн өлкөлөрүндөгүдөй товар жасап чыгаруучулар үчүн жагымдуу мыйзамдар кабыл алынган. Бизди ал институттар башкаларга – ошол эле орустар менен казактарга үлгү катары көрсөтүп келишкен. Бирок биздин экономикалык мыйзамдар батыштыкындай либералдуу болгону менен бизде алардагыдай мыйзам катуу сакталган эмес. Ошондуктан биздин модель биздикиндей эле жолду тандап алган Чехия, Словакия, Словения, Эстония жана башка чыгыш Европанын өлкөлөрүндөгүдөй мөмө байлап өз жемишин берген эмес.

Бакиевдин учурунда ал модель көп деле өзгөргөн эмес. Ал өзүнүн жеке бийлигин орнотуп, өз баласын мураскер кылууга аракет жасаган менен экономикалык мыйзамдар мурдагыдай эле либералдуу бойдон кала берген. Өлкөнүн экономикалык курсу акыркы бийлик алмашуудан кийин кескин өзгөрдү. Путинди үлгү туткан жаңы бийлик кен байлыктарды өздөштүрүүгө басым жасап, ГЭС куруу, жол салуу өңдүү ири долбоорлордон турган «Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы» деген нерсени кабыл алды. Өлкө ЕАЭБке киргенден кийин мурдагы либералдуу мыйзамдар Орусиянын мыйзамдарына ылайыкташтырылып кайрадан жазылып чыгууда.

Кен байлыктарды сатып өнүгүү жолу жерди казса мунай суу сыяктуу аккан, кен таптакыр түгөнбөгөн Сауд Арабия, Кувейт, Катар сыяктуу өлкөлөрдө гана өзүн өзү актайт. Көп өлкөлөрдө андай кен байлык жок, ал чектелүү. Бир кезде ал жогоруда айткан голландия оорусун жаратып, кризиске алып келет. "Араб жазы" деген ат менен революциялар толкуну болуп өтпөдүбү. Ал өлкөлөрдө мунай көп болгон менен өндүрүштү андан ары көбөйтүү үчүн жаңы кен байлыктар болбой экономикалык өсүш токтоп калган.

Турмуш жакшырбагандыктан, ал эми президенттер болсо 20-30 жылдап бийликтен кетпей койгону үчүн өмүрү көчөгө чыгып көрбөгөн эл көчөгө чыккан. Кризистин алгачкы белгилери азыр Орусия баштаган КМШнын мунай менен газга бай мамлекеттеринде байкалып жатат. Ал эми андай байлыгы жок Кыргызстан үчүн бул жол туңгуюк жол, келечеги жок жол. Кыргызстан өнүгө турган болсо Жапония, Кытай, Корея сыяктуу өлкөлөрдөй товар жасап чыгарып гана өнүгө алат.

Бирок биздин саясий системабыз Азия өлкөлөрүндөгүдөй авторитардуу эмес, батыш өлкөлөрүндөгүдөй демократиялуу болууга тийиш. Кимдин канча акча алып, кайсы кызматка отурарын таяке-жээн, тааныш-билиш, жердештер чечкен биздин шартта, бир адамдын бийлигине негизделген бийлик эч качан адилеттүү бийлик болуп, тартип орното албайт. Муну биз бир эле эмес, бир нече жолу өз практикабызда көрдүк. Биз өнүксөк демократиянын жардамы менен гана өнүгө алабыз. Бирок ал үчүн биз мурдагыдай сырткы көрүнүштөрүн гана туураган демократия сөрөй - «самопал» демократия болбой, чыныгы демократиянын жолуна түшүүбүз керек.

Сапар Орозбаков, экономист, публицист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG