Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Кыргызчылык кыргызды өнүктүрбөйт


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз элинин мүнөзү жана каада-салттарындагы терс көрүнүштөр тууралуу экономист жана публицист Сапар Орозбаков ой бөлүшөт.

Менин башымдан өткөн эки окуя

Мен орто мектепти 1969-жылы эки сабактан, тагыраак айтканда, орус тили жана орус адабияты боюнча "4", калганы жалаң "5" деген баалар менен бүттүм. Бирок эки жыл университетке өтө албадым. Биринчи жолкусунда жарым балл, экинчисинде бир балл жетпей башты жерге салып шылкыйткан бойдон айылга кайра келдим. Мен өзүм жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, жетим өскөм. Ошондон уламбы айылдын карапайым адамдары мени өз баласындай жакшы көрүшчү.

Ошолор сөз чыгарып алышыптыр, аны мага да айтып жүрүштү. «Мугалимдер сага башың баш экен, бирок чөнтөгүң тайыз экен дешкен турбайбы» дешчү. Алар кантип эле ошентип айтышсын. Карапайым адамдар бир ишенип алган нерсесинен оңой менен кайтпаган кызык эл болот эмеспи. «Жок, антип мага эч ким айткан эмес» десем да ишенбей коюшту, ким мага эмне дегенин менден жакшы биле тургансышып.

Көрсө, маселе чын эле ошо башта экен. Бирок, тескерисинче, менин башым да чөнтөгүм сыяктуу «тайыз» болуп чыкты. Сабакты жакшы билбей эле мен кыйынмын деп дардаңдап жүрүптүрмүн. Мен мектепте жакшы окуганым менен, биздин мектеп талапка жараша терең билим бере албаптыр. Үчүнчү жолкуда экзамен берчү предметтерди кайрадан окуп чыгып, өз алдымча катуу даярдандым. Окуганда да ушунчалык окудум дейсиң, математиканы сүйүп калып, кыргыз тилинде китеп жазгым келип кетчү. Ал жолу Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине эч тоскоолдуксуз шыр эле өтүп кеттим.

Мен бул окуядан чоң сабак алдым. Эгерде сен баарынан өйдө болуп, көпчүлүктөн айырмаланып, төбөң көрүнүп турса, душманың деле аяйт экен деген ойго келдим. Башкалардан бир карыш бийик болбой туруп адилеттүүлүк болбой калды деп эч качан даттанбайм, андан көрү ошондой бийиктикти камсыз кылуунун үстүндө иштейм деп өзүмө өзүм сөз бердим. Туугандарым «сенин башкалардан эмнең кем, тааныштарыңа айтып, эл сыяктуу акчалуу кызматка орношпойсуңбу» дешкендерине карабай, мен азыркыга чейин ушу принцип менен жашап келем.

«Советтер союзу учурунда тартип катуу болчу, кадрларды тепкичтен тепкичке көтөрүп тарбиялачу, батыш келип алып, демократия деген нерсесин чыгарып баарын бузуп салды, бүгүнкү башаламан заман батыштан келди» деп жатышпайбы. Адилетсиздик ошондо эле бар болчу. Албетте, азыркыдай деңгээлдегидей эмес.

Баарынан кызыгы, мен эки жыл өтпөй калып жатышымдын себеби башкаларга салыштырмалуу менин предметтерди начар билгенимде деле эмес болуп чыкты. Биздин группада Эшим деген жолдош балам бар эле, кийин аким болуп жүрүп каза болуп калды. Ошол айтып калчу, «мен балдардын баарын сураштырып чыктым, Жеңиш экөөңөр эле өз күчүңөр менен өтүптүрсүңөр, калгандарыбыздын баары жок эле дегенде бир предметтен, болбосо эки–үч предметтен тааныш-билишти ортого салып жогору баа койдуруптурбуз» деп. «Мага бардык предмет боюнча экзамен алган мугалимдерге айтып коюшкан, сочинениени болсо экзамен берген күндүн кечинде эл тарагандан кийин университеттин жертөлөсүнө алып барышып бир жакшы жазылган сочинениеден көчүртүп жаздырышкан» дечү.

Жолдош балам айткандай эле группада, башкасын айтпаганда да, тамганы жакшы тааный албаган, китепти эжелеп окугандар да бар болчу. Ал эми математикадан берген мугалим лекциясын окуп, практикалык сабакка келгенде балдарга тапшырма берип, группаны мага таштап өзү пиво ичкени кетип калчу, буларга үйрөтөм деп аракет кылган менен эч нерсе чыкпайт деп. Ошолордун баары университетти бүтүп диплом алышты. Бири дагы жетишпегендиктен деп окуудан чыгарылып, же кийинки курска калтырылган жок. Экзамен учурунда эки алып калышкандары менен кийин тааныш издеп баары бир экзамендердин баарын берип чыгышчу.

Өзүңүздөр сезип тургандай, мен университетти жакшы баалар менен аяктадым. Азыр тартип кандай экенин билбейм, агезде "5" деген баалар бардык баалардын 75% кем эмес болсо, кызыл диплом берчү. Менин бештерим 90% кем эмес болчу. Бирок мен кызыл диплом алган жокмун. Кызыл диплом алуунун дагы бир шарты - бүтүрүү экзамендердин баарын "5" деген баага тапшыруу керек эле. Экзамендердин ичинде илимий коммунизм деген предмет бар болчу, мен ошондон "4" алып калдым. Анын себеби мындай.

Мен саясий экономия деген предметке өзгөчө кызыгып, ушул предмет боюнча студенттик илимий иш жазып, конференцияларга катышып жүрдүм. Ал предметти Кемел Нанаев деген аспирантураны Москвадан жаңы бүтүп келген жаш жигит берчү. Кийин ал киши Акаевдин учурунда Улуттук банкты, Каржы министрлигин жетектеп, вице-премьер да болду. Ал мени кафедрага окутуучу кылып алып калам деп жүрчү. Бирок кафедрада дагы бир доцент өзүнүн аталаш инисин алып калууга аракет кылып калды. Ал биздин параллель группанын биринде окучу, өтө кадырлуу бир мамлекеттик кызматкердин кызына үйлөнгөнү жаткан.

Жогоруда илимий коммунизмден "4" алып калдым дебедим беле. Андан агезде бардык бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамен беришчү. Илимий коммунизм өзү сүйлөмө сабактардын катарына кирген математикадай так илим эмес. Ошондуктан аны билет же билбейт деп эч ким так аныктай албайт. Бирок кеп анда деле эмес. Ал кезде мындай бир жазылбаган мыйзам бар болчу. Эгерде студент жалаң бешке окуп келе жатса, мугалимдер мамлекеттик экзаменден бир олуттуу себеп болбосо "4" коюшчу эмес.

Мага "4" коюшканын себеби ошол экзаменди жогоруда айтылган доценттин жакын жолдошу алган. Доценттин максаты мени кызыл диплом албай калды кылып, мага деген орунга өз инисин түртмөй болгон. Бирок баары бир кафедрага мени алышты. Анткени Кемел Нанаев ошондо эле элдин оозуна алынып калган кадырлуу адам болчу.

Менин башымдан мындай окуялар көп эле өткөн. Маанисине карап алардын экөөн мисал катары айтып отурам. Эмне үчүн муну айтып жатам? Кээ бир адамдар азыр кечегисин унутуп «Советтер союзу учурунда тартип катуу болчу, кадрларды тепкичтен тепкичке көтөрүп тарбиялачу, батыш келип алып, демократия деген нерсесин чыгарып баарын бузуп салды, бүгүнкү башаламан заман батыштан келди» деп жатышпайбы. Адилетсиздик ошондо эле бар болчу. Албетте, азыркыдай деңгээлдегидей эмес. Бул проблема ошондо эле олуттуу болчу.

Мен мунун баары Совет бийлиги учурунда бар болчу десем, аны ошол коммунисттер алып келген турбайбы деп ойлобогула. Тууган-урукту колдогула, тааныш-билиш күткүлө деп Совет бийлиги эч качан тарбиялаган эмес. Тескерисинче, эскинин калдыктары деп жаман көрчү, андай нерсе билинип калса, жыйналыштан жыйналышка салып, кызматтан алып, түрмөгө отургузуп катуу жазалачу. Билинип калбаса экен деп титиреп турушчу.

Анын орустарга деле тиешеси жок. Ооба, тууганды колдоо бардык эле элде бар. Бирок орустар бизчилеп эки-үч ата өтүп кеткен тууганды тууган деп эсептешпейт. Жердешчилик деген сезим дээрлик жок. Трайбализм менен оорубайт. Алар баласын бапестеп баккан менен, баласы ата энесин жакшы карабай кээде таштап деле кете берет. Бул кыргыздардын өзүнүн канындагы эле нерсе. Аны жалпы жонунан кыргызчылык дешет. Кыргызчылыктын башаты болсо биздин улуттук каада-салттарыбызда, менталитетибизде жатат.

Кыргыз эмне үчүн жалкоо?

Кечээ, Совет бийлиги орногонго чейин кыргыздар бир атанын балдарыбыз дешип чогуу жашаган. Ар ким үй тигип, катын-балдары менен өз алдынча казан асып, түтүн булатканы менен аталаш туугандар жайлоого чыкса катар конуп, кыштоодо да катар кышташкан. Арык казса, бирге казып, чоң иштердин баарын чогуу, ашар жолу менен бүтүрүшкөн. Тыңдары чабалдарына жардам берип, керек учурда, мисалы, бирөө келин алып, кыз берип же бөөдө кырсыкка учурап чоң чыгашага учурап жатканда калгандары кошумча кошкон. Муну бир атанын балдарынын ынтымагы дешкен.

Бир нече бир ата балдары чогулуп келип өз кезегинде урууга биригишкен. Уруу бирикмелери көчмөн элдеринде дайыма болуп турган согуштардан улам түзүлгөн. Алар тышкы душмандардан чогуу коргонушкан. Душман сөзсүз эле башка элден болгон эмес. Кыргыз уруулары бири-бири менен да такай чабышып турган. Эгерде орто кылымдагы кыргыздын тарыхын карап көрсөңүздөр, ал жалаң уруулардын ортосундагы кагылыштардан турарын көрөсүңөр.

Ошентип өздөрүн кыргызбыз деп эсептеген уруулар биригип бир мамлекет кура алышкан эмес. Бирок ар бир уруу өзүнчө мамлекет болгон. Алардын ар биринин малга салган өзүнө гана таандык тамгасы болгон. Урууну бир манап башкарган. Ар бир уруунун өзүнүн баатырлары, акылмандары, чечендери, ырчы-чоорчулары болгон. Ар ким Ата Мекеним деп өз уруусун эсептеп, өз кишилерин көтөрүп айткан. Кеминдиктер Шабдан кыйын болгон деп жатышпайбы. Мен Шабдандын ашында ат чапкан кишилерди көрүп, сөздөрүн угуп калдым. Биздин суумурун элинин аксакалдары Шабдандын заманында болуш болуп жүргөн өзүбүздүн Өтөгөн деген киши кантип Шабданды сөзгө жыкканын ыракаттанып айтышчу.

Кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, кулк-мүнөзү, маданияты жана адабияты ушундай шартта калыптанган. Мен дагы бир жолу кайталайм, кыргызчылык деп өзүбүз кээде жерий калчу сапаттар башка бирөөдөн жуккан эмес. Ал өзүбүздүн эле каныбыздан, жаныбыздан чыккан кыпкыргыз эле сапаттар. Кыргызчылык айрым кыргыздарга мүнөздүү болуп, калган көпчүлүк кыргыз жалаң жакшы сапаттарга ээ болгон деп ойлоо да жанылыштык. Ал бардык кыргызга бирдей мүнөздүү сапаттар. Болгондо да ал биз мактанып жүргөн жакшы сапаттарыбыздын уландысы, экинчи эле бети. Жамандары да, жакшылары да ошо бир ата жана уруу болуп чогуу жашаганда чыккан сапаттар.

Кыргыз байлыгы батпай ашып-ташып тургандыктан жалкоо болгон эмес. Бир атанын балдары болуп чогуу жашаган кыргыз эч качан ачка калган эмес. Жегенге эч нерсеси жок же киерге кийими жок болуп жылаңач калса туугандар жардамга келген. Жаш курагы кыргыздын мурдагы салттары анча өзгөрө элек колхоздоштуруу мезгилине туура келген менин өзүмдүн эле чоң энем «сеники-меники дебей эле кайсы үйдө жарма кайнаса ичип алып кете берер элек» деп тамшанып айтчу.

Анын үстүнө бир уруу экинчи уруудан жылкы тийип, кой уурдап алып турган. Көчмөн элдерде барымта кылуу, уурдоо, башка уруунун мал-мүлкүн талап-тоноп алуу эрөөн нерсе болгон эмес. Ал, тескерисинче, баатырлык, эр жүрөктүк деп эсептелген. Кыргызды мына ушул нерселер жалкоо кылган. Менчик болбосо, ар ким өз тапканын жеп-ичпесе, эч нерсең жок калса бирөөнүкүн уурдап алуу мүмкүн болсо, эч ким жан талашып иштебейт. Анын биз мактанган марттыгы деле ушуга байланыштуу. Өзүңдүн мандай териң менен табылбаган нерсе барктуу болбойт.

Кыргыздар чынында эле улууну урматтап, кичүүнү сыйлап ынтымактуу жашаган калк болгон. Антпесе көчмөн заманда душманга жем болуп калышы мүмкүн болчу. Аларды турмуштун катаал зарылдыгы ынтымактуу болууга тарбиялаган. Мен жогоруда айткан чоң энем «балдардын сен-мен деп жакалашканын көргөн жокмун, алардын (бир атанын бардарынын) уруша кетмейи кийин эле чыкты. Ууру деген да жок болчу. Эшикти кулпуга салчу эмеспиз» дечү.

Бирок кыргыздын ынтымагы бир уруунун рамкасы менен эле чектелген. Мен жогоруда айткандай кыргыз уруулары биригип бир мамлекет кура алган эмес. Такай бири-бири менен урушуп-тытышып келген. Ошо да ынтымакпы? Азыркы түндүк-түштүк, өрөөн-өрөөн болуп бөлүнүүнүн башаты ушу жакта жатат. Кыргызда жазылган мыйзам болгон эмес, бир аксакал эле баарын тартипке салып койчу деп кыргызды мактагандар медалдын экинчи бетин эске албай жатпайбы.

Элүү жылда эл жаңы дейт. Кийин орустар келгенде, андан кийин Совет бийлиги орногондо кыргыздардын кийген кийими, ичкен тамагы, жашаган үйү, каада-салты, үрп-адаты, менталитети бир топ өзгөргөн. Бирок, советтик түзүлүш кыргыздардыкындай эле чогуу иш кылган коллективге таянып, кыргыздардын салттарына анчалык карама-каршы келбеген себептен бир атанын балдарынын ынтымагы сакталып кала берген. Колхоздор, мисалы, негизинен ошол эле уруулардын рамкасында уюштурулган, бир атанын балдары бир колхоз болсун деген принципте. Бир нече уруу бир облуска кирген менен менен алардын чеги деле илгерки уруулар ээлеген территориянын чегине дал келет.

Бирок мен жогоруда айткандай, улуттук салттардын айрымдары ачык, айрымдары, тагыраак айтканда, коммунисттик идеологияга туура келбегендери, жашыруун - көмүскө түрүндө жашап келген. Бир атанын балдарынын ынтымагы кала берген. Айылда кимиси тың чыгып, жогорку кызматка отурса, ал калгандарына каралашып, окутуп-чокутуп, кызматтан көтөрүлүүсүнө жардам берүүгө милдеттүү болчу. Аксакалдар «балдарды көтөргүлө, кызмат колдун кири, кийин кызматтан түшүп калсаңар, ошол балдар силердин ордуңарды басып, багат, өмүр бою сыйлап өтөт» деп чоң болуп иштегендерге айткандарын мен өз кулагым менен угуп калдым. Мен макаланын башында айткан эки окуя ушунун кесепети эле.

Көмүскө түрүндө түндүк, түштүк болуп, уруу-уруу болуп бөлүнмөй ошондо эле бар болчу. Таластык студенттердин жыйыны, көлдүк студенттердин жыйыны деген жердештердин чогулушу маал-маалы менен өтүп турчу. Жогоруда айткан Кемел Нанаев ооруп калганымда күчтүү врачтарга көрсөтүп мага өз бир тууганындай камкордук кылчу. Бөлүнмөй кандай деңгээлде болгонун ушундан билсе болот, аны көргөндөр «сенин Нанаев менен тууганчылыгың жокпу, таластык эмессиңби» деп сурашчу.

Менин доорум кыска мөөнөткө созулган Горбачевдун кайра куруу заманына туура келди. Катардагы илимий кызматкер болуп иштесем да, мени ар кандай жогорку сыйлыктарга көрсөтүшүп, ардакташып, институттун директоруна ишенип берген жооптуу иштерди мага да ишенип бере башташты. Аттуу-баштуу эле кишилер кеңеш сурап кайрылышчу.

Глобалдашпаган кыргыз же атам өлдү - салт өлгөн жок

Глобалдашпаган кыргыз же атам өлдү - салт өлгөн жок

Азат атасынын карызынын баарынан кутулду. Эми маркумдун акыркы аманаты калды.

1991-жылы өлкөнүн экономикасын рынок мамилерине өткөрүү үчүн Экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүшкөн. Азыркы экономикалык мыйзамдарды ошол комиссия баштап ишке киргизген. Ал өтө кадыр-барктуу кызмат болчу. Мен институттан түз эле Ак үйгө секирик жасадым. Муну да кээ бир адамдар дагы эле Нанаевден көрүп жүрүштү. Бирок бул жолку кызматка көтөрүлүүмө анын тиешеси болгон эмес. Ал кезде Нанаевдин өзү бийликке аралаша элек кез болчу.

Мени Нанаев колдоп жүргөнүн, Нанаевдин Акаев менен тууганчылыгы бар экенин билгендер андан да жогору кетет деп ойлошчу. Анын үстүндө кээ бир адамдар "акылдуу еврей" деп тергеген Левитин да мени баалачу, ар кандай жыйналыштарда Сапар кандай ойдо болду экен деп, менин пикиримди көп элдин көзүнчө сурап калчу. Бирок Кыргызстан Левитин Акаевге кеңеш берген учурда эмес, өзүнүн эле аялы, нака кыргыз Майрам Акаева кеңешчи болгондон тартып бузула баштады. Левитин, айтылып жүргөндөй, кыргыздын алтынын машине-машине кылып жүктөп кеткен эмес, бир эле чемоданы менен чыгып кеткен. Коррупция, казынаны тономой бийликке жалаң кыргыздар келгенде башталды.

Мен жогоруда айтпадымбы, кыргыздар өз уруусун даңазалайт деп. Майрам Акаева таластыктар кыйын эл болот деп ишенип алган, кыргыздын салтын ыйык тутуп, ата-бабанын жолун жолдогон адам болсо керек, бийликтин баарын Талас кылып жиберди. Бир колхоздо башкарма болуп жүргөн өзүнүн классташын да өлкөдөгү экинчи даражадагы кызматка койду. Таластык болгон үчүн эле эчак "саясий өлүк" болгон Карыпкуловду да тирилтти. Өлкөдөгү саясий абал Манастын ордун Семетей ээлерде гана, канайым балдарын бийликке түртө баштаганда курчуду.

Мен кыргыздардын башынан өткөн кыйынчылыктардын баары үчүн жалгыз Майрам Акаеваны күнөөлөйүн деген оюм жок. Андай нерселер Майрам Акаеванын ордунда башка бирөө болгондо деле болот болчу. Совет бийлиги кулап, Кыргызстан эгемендик алганы мурда боло жүргөн нерселер ачыкка чыга келди жана масштабы чоңойду. Анткени коммунисттик идеология бир эле күндүн ичинде күм-жам болуп иштебей калды. Эл эмне болуп кеткенин түшүнбөй деңдирей түштү.

Эсине келген кыргыздардын кээ бирлери Ормон, Шабдан, Курманжан датканы үлгү кылышып, жолду ошолордун заманынан издешти. Кээ бирлер арабдарга окшоп аялдардыкындай узун этек көйнөк кийип, сакал коюп, динге берилди. Мектептин ордуна катар-катар мечит салынды. Мен 1993-жылдын февралында «Слово Кыргызстана» гезитине жазган «Робким шагом, мелким зигзагом по лезвию ножа» деген макаламда «эми кыргыздар Африкадагы элдердей жапайы элге айланат» деп эскерттим эле. Артка кетүү мен ойлогондон да өтүп кетти.

Албетте, илгерки кыргыздардын ынтымагы менен азыркы ынтымактын ортосунда чоң айырма бар. Азыр бир атанын балдарынын ынтымагы жана жердешчилик дегендердин ролу бир кыйла төмөндөдү. Бирок ынтымак кылып, бири-бирин колдоо адаты жок болуп кеткен жок, анын ордун таяке-жээндердин, куда-сөөктөрдүн ынтымагы толтурду. Кыргыздар классташтар, курсташтар, кесиптештер болуп деле бири- бирин колдоп ынтымак кылып жатышат. Кыргыздар мурдагыдай жалкоо болбой калды. Уурулук бир аз тыйылып, тартипке көнө баштады. Бирок кандагы нерсе оңой менен кетпейт көрүнөт, кыргыз башка элдер менен салыштырганда мурдагыдай эле.

Тааныш-билиштик мыйзам ордуна жүргөндө…

Эмне үчүн батыштын экономикасы дүркүрөп өнүгөт да, кыргыздыкы өнүкпөйт? Эмне үчүн америкалыктар, жапондор жакшы жашайт, а биз болсо эптеп эле өлбөстүн күнүн көрүп келебиз? Эмне үчүн немистер же англичандар иш издеп Кыргызстанга келишпейт, кыргыздар Германияга менен Англияга гана эмес Африкага чейин тентип жүрүшөт? Эмне үчүн батыштын эли тартиптүү, чоңдору элпек жана сылык, кичине эле мыйзам бузса же кандайдыр себептерден улам элге жаман көрүнүп алса, айттырбай эле жумуштан өздөрү эле кетип калышат, а биздин кыргыздардын жүргөн жери дайыма ызы-чуу, чаң-тополоң, чоңдору оркойгон күнөөсү болсо да мойнуна албайт, кетсин деп көчөгө чыксаң да чымын чаккандай көрбөйт, аларды, тескерисинче, чымчык аткансып атып кирет, мыйзам бузуп атса да түрмөгө отурбайт, отурса да бат эле чыгып кетет?

"Мама тил, папа мекен"

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Биздин экономиканын өнүгүүсү үчүн бир эле нерсе керек. Ал үчүн батыштын эли жасап чыгарган товарды биз же бир аз сапаттуурак, же бир аз арзаныраак жасап чыгарып сатышыбыз керек. Ошондо өнүкпөгөнүн көрөйүн! Рынок мамилелеринде таяке-жээн деген жок, кимдин товары арзан жана сапаттуу болсо эл ошонукун алат. Биздин товарларды сатарга рынок жок, ошон үчүн ЕАЭБ кошулдук, эми экономика өнүгөт деп жатышпайбы. Бул болбогон кеп. Биз Бүткүл соода уюмунун мүчөсүбүз, анда 162 мамлекет бар, ага Орусия да, Казакстан да кирет, алардын баары биздин товарды өз рыногуна өткөрбөй койгонго акысы жок. Маселе биз ошол товарды жасай албаганыбызда, сатарга эч нерсебиз болбогонунда болуп жатат.

Товар десе тамак-аш, кийим-кече эле экен деп түшүнбөгүлө. Батышта баары товар. Повесть, аңгеме жазсаң да, обон жазып, ыр чыгарсаң да товар. Совет бийлиги учурунда башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгууга тоскоолдук бар болчу. Азыр эч тоскоолдук жок. Жакшы повесть жазып, аны дүйнө эли окуп кетсе, сенден бай жана барктуу киши болбойт. Бизде жазуучу дегенден көп нерсе жок. Анын жарымынын Кыргыз эл жазуучусу деген наамы бар. Бирок бири да дүйнө элине жаккан Айтматовдун повесттериндей повесть жаза албайт.

Мен жогорку окуу жайды бүтүп жаңыдан иштеп баштаганда – 70-жылдардын экинчи жарымында экономика илиминин бир эле доктору болор эле. Азыр алардын саны 100дөн ашты деп жатышат. Алардын бири да батыштын докторлорундай олуттуу илимий изилдөө өткөрүп, ишке пайдасы тие турган кеңеш бере албайт. Анткени диплом менен наамды экономисттери да, жазуучулары да, таяке-жээн, куда-сөөк, тааныш-билиштин, жердештердин жардамы менен алып алышкан.

Мен окуп жүргөн мезгилде жети эле эле жогорку окуу жайы бар болчу. Азыр жогорку окуу жай айылга чейин ачылып жатат. 20 миңге жетпеген калкы бар шаар айыл эмей эмне! Азыр анын саны 50дөн кем эмес. Биздин убактагы техникумдар да академия жана университет болуп алган. Бирок алардын сапаттуу окутарына башкалар эле эмес, өзүбүз да ишенбейбиз. Акчабыз болсо эле балдарыбызды Америкадан окуткубуз келет.

Кыргызстанда таш ыргытсаң врачтын башына тиет. Совет бийлиги учурунда медиктерди жалгыз Медициналык институт даярдап чыгарса, азыр андай кесип боюнча адисти төрт-беш окуу жайы даярдайт. Медицина илиминин бардык тармагы боюнча врачтар бар, анын ичинде илимдин докторлору да бир топ, бирок ооруп калсак аларга ишенбей, Германияга же Түркияга барып дарыланабыз.

Эмне үчүн биз батыштагыдай товар жасап чыгара албайбыз? Анткени бизде кимдин кайсы жерде иштерин жана ал канча айлык аларын рыноктун мыйзамдары эмес, тең укуктуу конкуренция эмес, таяке-жээн, куда-сөөк, тааныш-билиш чечет. Кыргыздын каада-салттары, тагыраак айтканда, кыргызчылык чечет. Таанышың болсо танкасың. Таанышың болсо диплом да болот, каалаган ишиңе барып орношосуң, айлыктын чоңун аласын, наам дагы сеники. Көрүп жатпайбызбы, таанышың болсо окуп убара болбой дипломду бир күн ичинде жаздырып алса болорун. Колдогонуң күчтүү болсо, дипломсуз деле министр жана депутат болуп иштей аласың.

Мен эки-үч жыл мурун бир мекеменин өтүнүчү боюнча өлкөнүн эмгек рыногуна изилдөө өткөрдүм. Мага коюлган суроолордун ичинде эмне үчүн Кыргызстанда юридика жана экономика адистиги боюнча окуткан жогорку окуу жайлар көп, эмне үчүн жогорку окуу жайларда окугусу келгендердин көпчүлүгү өз кесиби боюнча жумуш табуу кыйын болсо да экономист жана юрист болгусу келет деген суроолор бар эле.

Эсиңиздерге салып коеюн, азыр жогорку окуу жайда окуу биздин мезгилдегидей бекер эмес, ата-энеси акча төлөйт. Акчасы болсо башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу аз болгон менен кыргыздардын чөнтөгүнө бир топ эле оордук кылат. Жумуш табууга мүмкүн эместигин алдын ала билип туруп ошол кесиптерге документ тапшыруу бул акчаны жөн эле чачуу дегендикти билдирет. Батыштын эли андай кылбайт. Иш табыла турган кесипке гана окушат.

Изилдөө окууга өтүп жаткан адам жана анын ата-энеси өз кесиби менен жумуш табарына үмүттөнүшөрүн көрсөттү. Аябай жакшы окуп, күчтүү адис болуп эмес. Күчтүү адис болсоң, Кыргызстандан иш таппасаң да, адистиктин баркын билген башка өлкөлөр айланайын деп ишке алат. Эгерде жакшы адис болгусу келсе биздин окуу жайларда эмес, Гарвард өңдүү күчтүү университеттерде окушу керек да. Изилдөөдө алар жумушту тааныштардын жардамы менен табарына үмүттөнүшөрү билинди.

Практикада таап жаткандары да бар. Бийлик алмашса, Ак үй менен министрликтерден тартып мамлекеттик ишканаларга чейин кызматкерлердин баары алмашарын көрүп жатпайбызбы. Кыска мөөнөткө болсо да алар чыны менен эле өз кесиби боюнча иштешет экен. Ал үмүттү ого бетер бекемдеп салат көрүнбөйбү.Тааныш-билиш мыйзам катары жүргөн жерде стунденттер жакшы билим алайын деп тырышмак беле. Жогорку окуу жайларда окуган балдардын билим деңгээли төмөндүгү да ошондон.

Мамлекеттик мекемелер жана мамлекеттик ишканаларды мейли дейли, алардын ээси жок. Ээси жок нерсени кыргыздар талап деле ала беришет эмеспи. Изилдөө жеке менчик ишканалардын ээлери деле кыргыз салттарын аттап өтө албасын, туугандары иштейм деп келсе, жок деп айта албасын көрсөттү. Алар деле жумушчуларын билимине жана жөндөмүнө карап эмес, ал тууганбы же тууган эмеспи, ошонусуна карап алышат экен. Менчик ээлери жердештерин, айылдаштарын, таяке-жээндерин жумушка албай койсо, элге жаман көрүнүп калам деп коркушат окшобойбу. Мына кыргыздын каада-салтынын баасы! Ушундай ишкана жакшы иштеп, батыштын ишканаларына атаандаш болуп, алар чыгарган товарларды өндүрүп чыгара алабы. Албетте, жок.

Мен бул маселелерди көптөн бери изилдеп жургөн окумуштуу катары бир нерсени баса белгилеп кетким келет. Азыркы глобалдашуу заманында ишканалардын эле атандашуусу эмес, алар аркылуу каада-салттардын атаандашуусу да болуп жатат. Батыштын ишканалары менен биздин ишканалар эле эмес, батыштын каада-салттары менен биздин каада-салттар атаандашып жатат. Биздин ишканалардын жеңилгени – биздин каада-салттардын жеңилгени. Товар өндүрө албаганыбыз, өндүргөн товарыбыздын өтпөгөнү биздин каада-салттарыбыз замандын талабына жооп бербегенин көрсөтөт.

Биздин мамлекеттик органдардын чабалдыгы да биздин каада-салттарыбызга байланыштуу. Биз башка элдерге окшоп батыш өлкөлөрүндөй эле жакшынакай эле Конституция жана мыйзам кабыл алабыз. Алар иштебейт. Биз мыйзам менен эмес, өзүбүздүн салтыбыз менен жашайбыз. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз болсо же туугандарыбызды колдош керек болсо биз мыйзамды уруп ойнобойбуз. Кыргызстанда мыйзам бузган, акча жеп алды деп коррупция боюнча айыпталган адамды турмөгө отургуза албайсың. Туугандары жол тосуп, андай-мындай кылып отуруп түрмөдөн куткарат, соттолсо да мөөнөтүнө чейин отургузбай чыгарып кетишет. Анан кантип мамлекет бекем болсун!

Мени кооптондурган нерсе, азыркы турпатыбыз менен кыргыз экономикасын өнүктүрө албасыбызга көз жеткен сайын, олуттуу өзгөрүүлөргө баруу керек экенибиз айкын боло баштаган сайын күнөөнү өзүбүздөн эмес, батыштан издегендер көбөйүүдө. Мамлекеттик түзүлүштү бүтүн бойдон улуттук үлгү боюнча кайра түзүп чыгууга чакырган идеологдор пайда болду. Жомоктон башка китеп окубаган, олуттуу китептерге тиши өтпөгөн немелер өздөрүн жанда жок акылдуу сезип алышып курултай деген немени киргизебиз деп жатышат.

Кыргызда курултай деген деле болгон эмес. Бул кыргыз кыйын калк дегендердин оюнан чыгарып алган нерсеси. Бул алардын Чынгызхан кыргыз, Атилла кыргыз дегениндей эле сөз.

Алардын айтуусу боюнча, курултай президентти көзөмөлгө алат экен, алса эле, президент өзү үчүн эмес, үй-бүлөсү, тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору жана тегерегиндегилер үчүн эмес, эл үчүн иштеп калат дешет. Ал азыркы парламенттен эмнеси менен айырмаланат? Парламентти чыры жок таза шайлай албай эсибиз ооп келет, андан бир нече эсе көп кишиден турган курултайды чыр болбогондой адилеттүү шайлай алабызбы? Президент мынча көп кишини шайлоодон чыккан татаалдыктан пайдаланып, өз кишилерин шайланды кылып, ал деле чөнтөк курултай болуп калбайбы? Бул суроолорго алар тараптан бир да ынанымдуу жооп уга алганым жок. Ата-бабабыз ошентип келген дегенден башка эч нерсе айтышпайт.

Баарынан кызыгы, кыргызда курултай деген деле болгон эмес. Бул кыргыз кыйын калк дегендердин оюнан чыгарып алган нерсеси. Бул алардын Чынгызхан кыргыз, Атилла кыргыз дегениндей эле сөз. Маселени чогулуп алып, илгеркилердин сөзү менен айтканда, ийри отуруп түз кеңешүү мен жогоруда айткандай, бир ата балдарынын, андан ашып кетсе бир уруунун масштабында эле болгон. Кыргыз уруулары бир-эки жолу эле курултай өткөрүүгө аракет кылышкан. Анда деле кыргыздын беш-алты уруусу келип, ага кыргыздын жарымы да чогулган эмес. Ормонду хан шайлагандагысы эки уруунун чабышы менен аяктаган.

Ата-бабабыз дегендерден сурайын дедим эле. Силерге ким айтты кыргыздын улуттук салттары кылымдар бою өзгөрүлбөй келе жатат деп? Ким айтты Ормон хандын заманындагы каада-салттар биз үлгү кылгыдай жакшы каада-салттар деп? Менин билишимче, ошол замандын кишилери деле өзүнүн заманындагы адамдарды бузулду деп, мурункуларын мактап келишкен. Эгерде ата-бабалардын салты дей турган болсок, баарыбыз жылаңач болуп Африкага кетип калышыбыз керек. Анткени ата-тегибизди кууй турган болсок акыры барып мындан 60-80 миң жыл мурда жашаган жапайы адамдарга барып такалабыз.

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG