Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39
Дүйнөдө теңдеши жок “Манас” ыр-океанын жараткан, байыркылыгы боюнча баарынан улуу улутпуз деген ураан каккан, мамлекеттүүлүгү 2200 жылдан ашкан улуу кыргыздардын урпактары 21-кылымда эмне үчүн өз мекенинде башкалардан бечара, кедей жашайт, деген суроо коомчулукта күжүлдөп эле келатат. Кыргызды жакырчылыкка түрткөн, баарыбыз аралашып жүргөн алты кесепетин ортого салууну эп көрдүм.

Биринчи - азыр кыргыз төрөлгөндө эле тономой башталат. Төрөт үйүндө көз жарган балдардын аталары сүйүнчүнү врачтын оозунан укса сөзсүз олчойгон белек же акча карматат. Эркек кургур жөн турабы досторуна, тууган-туушканына сүйүнчүлөп жууп - майлайт. Азыр 3 күн үйүнө же аялынын абалын сурап төрөт үйүнө барбаган эркектер көбөйдү. Көпчүлүк жигиттер аны мактаныч кылып айтышат. Ал убакта бир топ акча асманга чачылганына кайыл.

Эртеси эсине келсе, келинчеги төрөт үйүнөн чыга турган болот. Аны уккан курган Кыргыз чөнтөгүндө акчасы болбосо да эптеп карыз таап, доолашкан медсестра, санитаркаларга сүйүнчү берип, ыраазы кылат. Антпесе, жаман сөзгө калат. Кур намыска шампан аттырып, төрөт үйүндө эле банкет кылып жибергендер чыга баштады. “Манастан Чубак кем бекен?” сыңары “каргага теңелип, каздын буту сынууда”.

Араксыз бала көрүү болбой калды. Бешик той берем деп дагы канча акча кеткенин, жаш төрөгөн эне витаминдүү тамак-аш жей турганын, наристени улам которуп турганга кийим, жалаяк (памперс) кетерин кыргыз кырк күндөн кийин түшүнөт. Эсине келсе, колунда сокур тыйын жок болуп чыгат. Ошентип жарык дүйнөгө келген наристе апасы менен кошо кара чай, кара нан менен жашоосун баштайт.

Экинчи - учурда колунан келеби, келбейби балдардын туулган күнүн өткөрмөй жаңы салт “чыкты”. Ата-эне досторун, туугандарын, баланын курбу-досторун чакырып чай берүү адатка айланды. Баланын ден соолугу, келечеги деп ичип-жешкендери менен ошол эле баланын эртеси үстүнө салар кийимине, мөмө-жемишке, кызыктуу китеп сатып бергенге, келечегине керектүү ийримдерге, спорттук секцияларга катыштырууга акча артпай калат.

Бала 1-класска киргенде, 9-классты, 11-классты бүткөндө, аттестат алганда сөзсүз аткара турган “жөрөлгөлөр” чыкты. Бүтүрүү балына кыздар 3-10 миң сомго чейин атайын тигилген көйнөк кийишет. Андай мүмкүнчүлүк ар бир класстан 1-2 ата-эненин колунан келсе, калган бүтүрүүчүлөр ыйлап отуруп ата-энесинин терисин сыйрышууда. Карыз сурап болсо да кызын ыйлатпай айткан көйнөгүн сатып же тиктирип берип, колуна олчойгон акча карматып классташтары менен күнү-түнү ойноп келүүгө жөнөтүшөт. Андай шартты аткара албаган ата-энеге таарынып, өз жанын кыйган өспүрүмдөр көбөйүүдө.

Үчүнчү - уул-кызы 11-классты бүткөндөн кийин түйшүктүн изи сууй электе ата-энени баланы окутуу проблемасы күтүп турат. Азыр кыргыздар кайсы кесип болсо да, эптеп жогорку окуу жайына киргизип коюуну милдет катары эсептешет. “Менин кызым баланча институтта же университетте окуйт” деп мактануу кыргызга гана мүнөздүү. Ошондуктан баласын алыс кетирбей эле кошуна жакын деген шаарга ЖОЖго киргизип коюуну эп көрүшөт.

Бүгүнкү жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окуй тургандар 20 пайызга жетпей калды. Калганынын баары акча төлөсөң эле болду, беш жыл бою койнуңа бир дептерди салып коюп эле окуп жүрө берсең болот. Эң аз деген бир жылдык контракттык окуунун орточо баасы 20 миң сом. Эгер ал 5 жыл окуса 100 миң сом. Бир студенттин 5 жыл ичиндеги кийгени, ичкени, үйү жок болсо – батирде жашагандагы акысын орточо эле эсептесек, 100 миңден ашат экен. Ошентип, 1 кыргыз 1 кызын ЖОЖго окутам десе килейген 10-12 уй багып, сатыш керек. Ал эми кыргызда 1 бала же 1 кыз эмес да. Артта турган 5 баласы тең окуйм деп ата-эненин чөнтөгүн карап турат эмеспи. Кыргыз баласын кесиптик-техникалык лицейде окуп, кыска убакыт ичинде бир кесипке ээ болуп, өз жанын багып кетүүгө караганда, акы төлөп ЖОЖдо окутканды абройлуу деп түшүнөт.

Төртүнчү - акылдуу студенттердин көпчүлүгү окуусун бүтүп жатканда үйлөнөт. Алгачкы курстарда окуп жүргөн студенттер үйлөнсө ата-энелердин чөнтөгүнө кошумча сокку урулат. Үйү жок болсо квартира акысын төлөш керек. Окуп бүтүп алышсын деп ата-эне байкуштар дагы түйшүк тартышат. Ал жерде да миңдеген акча, нервдин корогондугун айтпа.

Акыйкат карасак, кыргыздын уул-кызы үйлөнгөндө кубанычынан түйшүгү, көйгөйү көп. Жаңы келин келгенде 3-4 күндүн ичинде 30-40 киши кирип чыгып, канча тамак, канча арак ичилет? Куданын ачуусун басып кулдук уруп баруу, жеңелерин тосуп узатуу, эки тарап келишсе орточо эле алганда 100-150 кишиге той өткөрүү, эки куданын ортосунда 20-30 киши бири-биринин алдына түшмөй, сеп бермей, бешик той ж.б салттарды жасап отуруп болжолдуу 1 миллион сомду ичип-жеп жок болот. Эки жашка бактылуу турмуш каалаганыбыз менен биз санап жаткан жакшылыктардан кийин жаш үй-бүлө жайдак талаада калып, “үйү жок же уй байлаган жиптен жок" калат. Кыскасы, алар жетишпегендин азабын тарта баштайт. Кыргызча айтканда, кедейчиликтен кедейчиликке өзүбүз түртөбүз. Акчанын жетишпегенинен, үйдүн жоктугунан канча жаш үй-бүлөлөр ажырашууда. Анын артында тайкы тагдырлар, ата-эне мээримин толук ала албаган наристелердин көздөрү жалдырайт.

Бешинчи - кыргыз өлгөндө да тирүүлөрдү түйшүккө салып, карызга батырып кетет. Акыркы жылдарда айылдарда өлүк чыккан жерде тамак ичип, курсагын тойгузуу үчүн бармай көбөйүүдө. Эт жетпей калып чыр чыккан көрүнүштөр да аз эмес. Анткени боз үй ичинде бирөөлөр боздоп отурса, сыртта манжадан майын куюлтуп аш, эт жеп, чай ичип маркумга бир ууч топурак салбай кеткендерибиз канча. Колунда жок деген киши 1 бодо, 2-3 кой союп дасторкон жасап, башка майда-чүйдө чыгымдарды эсептесек, бери жагы 70-100 миң сомсуз өлүк коюлбайт. Бишкекте андан 2-3 эсе кымбатка чыгууда. Шаарларда өлүк койгондон кийин да кафеге барып, 200-400 киши жылкынын этин жебесе алымсынбай калды. Араң тургандарга азасын тең бөлүшкөндүн, жардам бергендин ордуна колунда барын түгөттүрүп, жакырчылыкка түртүп, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылуу салты күрүлдөп уланууда.

Алтынчы - ооба, кыргызда өлгөндөрдү эстеп, аш берүү деген жакшы салт бар. Мен бул жөнүндө мурда да жазгам, башкалар да айтып келатат. Башка аймактарды билбейм, мен бир кезде жашаган Жалал-Абад шаарына жакын райондордо аш берүү бүткүл айылга түшкөн түйшүк азап экенин айткым келет. Мисалы, Сузак районунда канча түтүнгө конок алынса, аш берген кишинин баркы ошончолук бааланат. Эң аз дегени 60, рекорд койгону 130 жерге конок күтүшөт. Бир айыл баары конок күтүшөт, бир айыл баары конок тосушат. Эми эсептеп көрөлү, ошол 130 жерге 130 кой (болжолдуу түрдө 780 миң сом), 130 дасторкон (болжолу менен 300 миң сом) жасалат. Андан сырткары аш берген киши 2-3 бодо мал, 6-7 кой сойсо, улак тарттырса анын байгелери, машинанын майы, ичилген арак ж.б кошуп эсептесек, 1 миллион сом коромжуга учурап, талаага чачылат.

Бул бир эле кишинин аш бергендеги элдин чыгымы. Эгерде бир күздө бир айылда 5 киши аш берсе, канча каражат кетет, өзүңүз эсептеп көрүңүз.

Ошол эле учурда аш өткөн айылда таза суу жетишпейт, шор булактан ташып ичишет, эки айылдын ортосунда көпүрө жок. Айылдыктар, айыл өкмөтү баш болуп, бузулган жолду оңдогонго, мончо салганга акча жок деп алакан жайышат. Эл арасында оору көбөйүп, биринчи жардам көрсөткөнгө медпункт жок.

Мунун баарын “дежур аксакалы”, кадимки көк-сакалы да, айыл, өкмөт башчылары, райондун акими да көрүп-билип турат, ал тургай эт берген жерге барып, бармагынан май куюлтуп ашты, беш бармакты жеп, арагын, тамагын да шыкап ичип жүргөн чоңдор аз эмес. Башкасын кой Жогорку Кеңештин бакыйган депутаты быйыл Өзгөндө 30 миң киши чакырып, той берүүнүн элде жок эталонун көргөздү.

Дүйнөдө өнүгүүнүн эң негизги рецептиси – үнөм, сарамжалдуулук, убакытка сараңдык экендиги эбак далилденген. Аны Манастын урпактары качан түшүнөт? Кыргыздын кедей жашаганына дал ошол - үнөмсүз, сарамжалсыз, убакытка убайрам мамиле кылганы себеп болууда. Эл арасында барып, акыркы акчасын чачып, аш-той берүүнүн пайдасынан зыяны көп экенин айтып, түшүндүрсөң баары ынанып, моюн сунушат, макул болушуп “андай болсо кана” деп айтышат. Иш жүзүнө келгенде “эми салт турбайбы, элден чыга албайт экенсиң” деп башын жерге салат. Жашоосу итке минген кыргыздын турмушу ушинтип уланууда...

Ойлонуп көрүңүз, окурман-кыргыз!!!

Бакыт Орунбеков, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG