Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Бакытты балталаган чечим


"Жашоо - бул күрөш" деп бекеринен айтылбаса керек. Бул дүйнөгө келгенден тарта күрөшө баштайбыз. Кас-кас басып калганда жерден туруп, өз алдынча басканга күрөшсөк, улам чоңойгон сайын турмуштун арабасына түшүп алып, жолдо далай-далай тоскоолдуктар менен күрөшөт экенбиз.

Мен бул жашоодо сезимдер менен чечимдер кантип бири-бири менен күрөшөрүн күнүмдүк турмушта болгон окуя менен салыштырып, силерге айтып бергим келди.

Ооба, адам баласы биринчи кезекте өз бактысы үчүн күрөшөт. Ар бир адам бактылуу болуп, сүйүктүү жарынын жанында болгусу келет. Бирок ал бакытка жетүү канчалык оор, канчалык түмөн түйшүк экенин жакын санаалаштарымдын азыркы учурда башынан кечирип аткан турмушунан даана байкап отурам. Бул ойдон чыгарылган окуя эмес.

Буга чейин түндүк-түштүк маселеси да көп айтылып, көп жазылып, кызуу талкууланып да келди. Бирок канга синген каада-салттар, "аркалык" менен "түштүктүк" түшүнүгүнөн 21-кылымда жашап атсак да арыла албайт окшобойбузбу. Калп эле сыртыбыздан “ооба, андай болгон туура эмес, бөлүнбөш керек, биригишибиз керек” деген куру сөздөр, ачуу кыйкырыктар ошол гезит-журналдын беттеринде, радио, ТВнын кассеталарында сакталып гана кала берет тура. Антип кагаз жүзүндө, экранда кыйын болгонубуз менен чыныгы турмуш, түндүк-түштүк маселеси дагы да болсо бар экенин, болгондо да кээ бир аймактарда катуу экенин далилдеп атат.

Мен эки жаштын бири-бирине болгон сезимдери ата-энесинин чечимдери алдында алсыз болгондугу тууралуу жазгым келди. Ооба, алгач алар да "биз бактылуу болобуз, биз бир болобуз" деген жакшы тилек, жакшы үмүттөр менен баш кошкон. Анда кимдин каяктан экени экөө үчүн тең маанилүү эмес болчу. Алар үчүн бири-бирине болгон мамилеси, бири-бирине болгон жылуу сезими, сүйүүсү, арзуусу маанилүү болчу.

Экөө тең илим-билимдүү, 21-кылымдын заманбап жаштары деп айтууга болот. Маалында экөөнүн бири-бирине болгон мамилелери көргөн адамды суктандырчу. Азырчы... Ошол жалындаган көздөр, оргуштаган жылуу сезимдер отко суу сепкендей...

Анан эмне кылат, өздөрү каалап турса да, ата-энесинин чечими алдында алсыз. Ата-эненин “аны менен жашабайсың, эгер аны менен кете турган болсоң топурагыбызды түйүп беребиз. Өлгөндө келбе, топурак салбай эле кой” деген жүрөктү жарып, сөөктү сыздаткан сөздөрү алдында эмне кыла алат? Аргасы да жок, амалы да жок. Ата-эне мээриминен эч кимдин айрылгысы келбейт.

Жок-жок, өз баласына ушундай сөздөрдү айткан ата-эненин сөздөрүн алардын мээрими деп айтууга болобу? Билбейм. Ага жооп бере албайм. Менде бул суроого жооп жок...

Ар бир ата-эне балдарынын бактысын тилеп, алардын өмүрлүк жары жакшы адам болушун каалайт. Ооба, ким эле баласынын бозоруп отурганын кааласын. Анда эмнеге алардын турмушуна, күнүмдүк баскан турганына чейин кийлигишет? Мына турмуштун эң оор да, эң ачуу да суроосу ушул белем. Билбейм...

Адамды сөз бузат. Бул таамай айтылган сөз. Аны танып да кете албайбыз. Биздин бир чечим кабыл алуубузга, дүйнө таанымыбыздын кеңейишине бизди курчап турган, биз менен мамиле курган кишилердин берген таасири абдан чоң. Ошондуктан кишини киши бузат деп да айтылып калса керек.

Кайнене-келин тиреши

Кайнене... Келин... Кээде бул сөздөрдү бири-бирине каршы келген сөз катары кабыл алабыз. Эмне үчүн? Балким биздин түшүнүгүбүздө келин кайнененин бир үйдөгү каршылашы же душманы болуп жүрбөсүн? Эмнеге биз антип ойлойбуз? Балким коомдо калыптанып калган стереотиптерден дагы деле кутула албай келебизби? Мен деле көп нерсени билип, түшүнүп калдым. (Ушул 27 жашка чыкканга чейин көп эле кайнене менен келинди көрдүм). Кээси келинине сөз тийгизбей, кызым деп өзүнө тартып турат. Башкасы тескерисинче... Эмнеге? Билбейм.

Мени капа кылганы - ата-энелер уулуна же кызына канчалык оор болгонун билип турса да, “жок, сен аны менен жашабайсың, сен биз таап, тандап берген кыз менен же бала менен жашайсың” деп айткан буйругу. Акыр аягы ал адам менен силер эмес, балдарыңар жашайт го. Силер келгенде “ата, апа” деп маңдайы жарылып, жылуу тосуп алып, ысык чайын сунуп тургандын өзү бакыт болсо керек. Минтип жазып атканымдын себеби, раматылык таенем ушуну көп айтаар эле. “Карыган кезде темселетпей мени балдарым багып отурат. Карыган адамга жылуу сөз менен эле жылуу чөөгүн чайдан өткөн ырахат жок да”, - деп көп айтаар эле. Ал сөздөрдүн маанисин ошондо түшүнбөсөм да, азыр эмне деп айткысы келгенин түшүнгөнгө аракет кылып атам.

Андыктан оргуштаган сезимдер, жалындагын сүйүү ата-эненин чечими алдында, буйругу алдында кантип өчүп баратканын көрүү мен үчүн оор. Сезим эч убакта өчпөсүн!

Расул Мурат
XS
SM
MD
LG