Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23
Азыркы кезде коррупцияга байланыштуу депутаттарды, министрлерди, тартип коргоо жана мамлекеттик уюмдардын кызматчыларын камаган учурлар көп кездеше баштады. Буга байланыштуу коомдо кээ бирлери нааразы болсо, кээ бирлердин мен кыйынмын деген адамдардын камалышы табаларын
да кандырууда. Ушуга байланыштуу мен коррупция менен чыныгы күрөш кандай боло тургандыгы жөнүндө көз карашым менен окурмандар менен бөлүшкүм келди.

Мамлекеттеги коррупция менен күрөшүү аябагандай татаал жана көп багыттуу. Ошол себептен кээде жемишин берсе, көп учурда аягына чыкпайт.

Мамлекеттик жана демократиялык институттары туруктуу, өнүккөн мамлекеттерде коррупция менен күрөшүү жеңилирээк, ал эми Кыргызстанга окшогон коррупцияга белчесинен баткан, кедей, башкаруучу институттары жокко эсе мамлекетте иш бир эле убакта, түрмөгө отургузуудан башка дагы, бир топ маанилүү багыттарда жүрүшү керек.

Мен аларды негизинен 5 маанилүү багытка бөлөөр элем. Менин оюмча алар: коррупциясыз система жаратуу, адекваттуу компенсация, демократия, маданият жана жаза. Булар бири бирине өтө тыгыз байланышкан, бири бирине таасири күчтүү, ошондуктан бири жасалып, экинчиси каралбай калса, анда коррупция менен күрөш максатына жетпейт.

1. Коррупциясыз система.

Мен бул күрөштү да эки багытка бөлөөр элем.

а) Дебюрократизация: мамлекеттик кызматчылардын экономикадагы, бизнестеги ролун кескин түрдө азайтуу, саясаттагы монополияны (президенттин жана партия лидерлеринин бийлик үстөмдүгүн) жок кылуу, экономикада атаандаштык жаратып, маанилүү экономикалык чечимдерди кабыл алууда абсолюттук ачыктыкты камсыз кылуу. Мамлекеттик лицензия, сертификат, уруксаттардын санын минималдаштыруу. Булардын баары коррупциялык чөйрөнү, схемаларды жараткан нерселер.

в) Реформалар. Өзгөчө тартип коргоо, сот, бажы, салык, финансы жана мыйзам тармактарында. Кечээ гана адам өлтүрүүгө аралашкан тартип коргоо уюмдары жана түп тамырынан бери коррупциялашкан жалпы эле мамлекеттик институттар бүгүн эч өзгөрбөстөн коррупция менен күрөшүүгө моралдык укугу барбы?

2012-жылдын февраль айындагы Gallup уюмунун изилдөөсү боюнча, тартип коргоо уюмдарын элибиздин 80-95% коррупциялашкан деп эсептейт. Моралдык укугу, коомдун ишеними жок бир дагы институт коррупция менен күрөшө албайт. Ал эми ишеним чыныгы реформа аркылуу гана жаралат. Калкка жооптуу, компетенттүү жана эффективдүү кызмат көрсөткөн мамлекеттик бийлик системасы гана коррупция менен күрөшө алат. Жетекчисин гана алмаштырып жакшы уюм жарата албайбыз.

2. Адекваттуу компенсация (айлык акы жана мамлекеттик артыкчылыктар)

Ар бир мамлекеттик жана тартип коргоо кызматчыларына коррупцияга аралашпай, тетирисинче, күрөшүү үчүн мамлекет татыктуу айлык акы, адилеттүү карьералык система жана келечегине ишеним бериши керек. Болгону 5-10 миң сомдун тегерегинде айлыгы бар, ал эми келечеги бүдөмүк МАИ, прокуратура, финполиция жана башка кызматчылар пара албаганда эмне кылат? Коррупция менен күрөшмүш болуп аткан президент, премьер-министр, министрлер жана депутаттар ушул айлыкка жашай алабы?

Мамлекеттик жана тартип коргоо уюмдарынын кызматчыларынын айлык акысы, алыскы мамлекеттерди айтпай эле, КМШ мамлекеттеринин ичинде эң төмөнкүсү. Ошондуктан татыктуу айлык акы жана мамлекеттик колдоо бербестен кызматчыларды тазаланууга, коррупция менен күрөшүүгө чакыруу ээн талаадагы кыйкырыкка эле окшош.

3. Демократия.

Коррупция менен күрөшүүдө демократиянын 4 принциби баарынан маанилүү.

Сөз эркиндиги. Массалык маалымат каражаттары, журналисттер бийликти колдоп, ишенип, коррупциялык схемаларды жана адамдарды коомдун сотуна алып чыгуусу.

Чыныгы атаандаштык. Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш бийликке, мамлекеттик кызматка жана мамлекеттик ишканаларга ишенген, сатпаган адамдарын эмес, чыныгы атаандаштыктын негизинде билимдүү, профессионал, жаңы көз караштагы адамдардын келүүсүнө шарт түзүүгө милдеттүү.

Ачыктык. Президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш саясий жана экономикалык чечимдерди кабыл алууда коомдун алдында толугу менен ачык болуусу зарыл. Өзгөчө журналисттердин мамлекеттик уюмдардан маалымат алуусун жөнөкөй жана тездетип, ал эми президент, премьер-министр жана министрлердин ким менен жолугуп, эмнелерди сүйлөшкөнүн так билишибиз керек. Премьер-министри Казакстандын "серый кардиналын" жеке менчик машинада тосуп алып, жашыруун жолуккан мамлекет коррупция менен эч убакта күрөшө албайт.

Граждандык коом. Бийлик коррупция менен күрөшүүдө граждандык коомду эл ишенимин жаратуу үчүн негизги өнөгү катары кароосу зарыл.

4. Маданият

Тилеке каршы коррупциялык система биздин маданиятыбызга айланып, аң сезимибизге сиңди. Мүмкүн болгон жерде колунан келгендер пара алат, ал эми колунан келбеген жөнөкөй элибиз шайлоодо добушун сатат. Баары коррупция! Ошол эле Gallup уюмунун изилдөөсү боюнча элибиздин 60% өз кызыкчылыктарына туура келсе пара берүүгө даяр. Бул маданиятты өзгөртүү үчүн тарбиялык (билим тармагынын реформасы) жана пропагандалык мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, коомго жайылтуу.

5. Жаза

20 жылдык тарыхыбызда министрлерди, депутаттарды камаган бир топ учурлар болду. Бийлик анын баарын коррупция менен күрөш катары баалап, аябагандай пиар жасашты. Бирок жыйынтыгында алардын баары акталып, ал эми Кыргызстан эң коррупциялашкан мамлекетке айланды. Ошондуктан күрөш бийлик тарабынан системалуу жүрүп, ал эми жарандардын коррупция үчүн эртели кеч жазаланарын билиши аябагандай маанилүү. Бул жерде тартип коргоо уюмдарынын коррупционерлерге каршы далил чогултуусу, аны бекемдөө үчүн шашпай эмгектенүүсү, коомго маалымат берүүсү, түрмөгө отургузуу жана уурдалган мүлктү жана каражатты мамлекетке кайтаруу боюнча профессионалдуу иш алып баруусу зарыл.

Мен бул маанилүү багыттарда азыркы бийликтин жасаган ишин көрө алган жокмун. Ошондуктан бүгүнкү "коррупция менен күрөштү", азырынча "компанейшина" же "саясий куугунтук" деп гана баа берүүгө туура келет.

Равшан Жээнбеков

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG