Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05
Бүгүн да күн суук, шаша басып университетке жөнөдүм. Мен сыяктуу кайдадыр ашыккан адамдар кыйма-чийме өтүшүп, айлана таң менен кошо жанданып, түн уламдан-улам батышка сүңгүп баратты.

Ой деген учкан куш да, канчалык денем чыйрыгып турса да, жан дүйнөм толгонуп бүгүнкү жасай турган иштеримди кыялданып, максаттарыма изилдөө жүргүзүп келаттым.

Бирок ошол замат жол жээгиндеги туш-тарабы жаркыраган бир имарат көңүлүмдү өзүнө имерип, оюмду чаң-тополоң кылып, кызыгуумду жаратты. Ал жерде түн болбогондой, каалгасы ачылып-жабылып, балдар тынымсыз кирип чыгышууда. Сырты да кооз, түркүн-түстөр менен кооздолгон имараттын жогору жагында "Интернет клуб” деген жазуу бар экен. Таң калдым. Таң атпай бул жерде жаштар, өзгөчө мектеп окуучулары эмне кылып жүрүшөт деген ой кетти.

Мен да ал жерге кирүүнү туура көрдүм. Акырын кирип барганымда төрт тарабы компьютерлерге толгон кенен залга туш болдум. Ал жерде өздөрү менен өздөрү отурган адамдарды көрүп, техниканын ушунчалык баш айлантуучу күчкө ээ экендигин баамдадым. Анткени бирөө ойноп жатат, экинчиси социалдык тармактардын бири менен алек, дагы бири кандайдыр бир видеолорду карап отурат. Ичи мончодой ысык, эч ким бири-бирине маани бербегендей, башка дүйнө менен бирге. Айла жок унчукпай тышка чыктым да жол уладым. Дароо, бая күнкү китепканага барганым эсиме түштү...

Ал жерден да күтүүсүз окуяга туш болгон элем, бирок бүгүнкүдөй эмес. Китепкана борбор калаабыздын чок ортосунда бардык шарты менен курулган, каалаган китептер текчелерде жыйылып турат. Анткен менен аларды окуй турган киши жок, баары музейде турган экспонаттай.

Бул клубда кезек күткөн жаштар болсо, ал жерде анда-санда гана окурмандар кездешет. Алар да өз жан дүйнөсүн руханий байлыкка толтуруш үчүн эмес, мугалимдердин тапшырмасын аткарыш үчүн мойнунан байланган иттей көңүл кош отурат.

Балким чын эле Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын”, Байдылданын “Ашуудан берген отчетум” деген ырлар жыйнагын же башка классикалык керемет чыгармаларды окугандар да бардыр, бирок алар жаштар арасында чанда.

Тарыхка көз чаптырып совет мезгилине кайрылсак, ал кездеги коммунизмди максат кылган заманда китепканалар азыркы интернет клубундай маанилүү болгонун билсек керек. Бардык мекемелерде кызыл бурчтар ачылып, ал жерде улуу таланттардын укмуштуу чыгармалары орун алчу. Китептер колдон-колго өтүп окулаар эле деп улуулардан угуп калабыз. Ал күндөр эсил кайран СССР менен кошо чачырап кеткендей.

Албетте эңсеп жүргөн эгемендикке эптеп жеткен менен аны да эптей албадык. Алдастап ар кайсыны туурай берип, баарын талкалап жок кылдык. Анын ичинде ошол эле китепканалар да бар. Кээ бирлери менчиктештирилип ак сарай үйгө айланса, кээ бирлери бузулуп ат сарайга айланды. Китептери айрылып-тытылып, китепканачы эжекелер соодагер болуп базарга кетти.

Балким бул өтө эле начар көз караш, болбогон куру сөздөр болушу да мүмкүн. Анткени эски советтик китепканаларды сары майдай сактап, эч нерсесин коротпой келаткан мекемелер да бар. Бирок ал китепканалардын деле сапаты, материалдык абалы жана китеп фонду чынында көңүл жубатарлык эмес. Эски жыгач текчелерде советтик идеологияны жактаган сары кагаз китептер, анда-санда гана атактуу жазуучу-акындардын классикалык чыгармалары болбосо, жаңы дүйнөлүк адабияттар, ал эмес жаңы чыккан кыргыз адабияттарынын бир да нускасы жок.

Айтмакчы, сиздер китеп окуйсуздарбы? Акыркы жолу качан китеп окугансыз? Китепканага барасызбы? Мына ушундай суроолорду Бишкек шаарынын көчөлөрүнө чыгып, жаштарга узатканда он кишиден экөө гана китепканага барып тураарын, бирок жаш жазуучулардан эч кимди тааныбасын айтышты. Айрымдары Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармасын да окуй электерин белгилешти.

Жүз жетимиштен ашык тилге которулуп, дүйнөнү дүңгүрөткөн Айтматовдун алп чыгармалары толук өз мекенинде окулбай жатканы өтө өкүнүчтүү жагдай. Алар керек болсо каалаган маалыматты интернеттен оңой алууга мүмкүн экендигин кубана жооп беришти.

Чынында өнүгүп-өсөлү десек заманбап каражаттарды да үйрөнү абзел. Бирок биз материалдык байлыкты баарынан ыйык көрүп, техникага баш-отубуз менен кирип, руханий жактан жардыланып бараткандайбыз. Компьютер колдонгон ар бир адамдан интернеттен эмне кыласыңар деп сураганыбызда, көбү маалымат алышарын жана социалдык тармактарда убакыт өткөрүшөрүн айтышты. Мунун өзү эле аз өмүрдү ар кайсыга коротуп жаткандын мисалы эмеспи?

Бирок жогорку суроого кайра кайрылып, жаштар эмнеге китеп окубай калды деп ойлонуп көрсөк, бүгүнкү саясий жана экономикалык абал да буга себеп болуп жаткандай. Алсак саясаттын сасык түтүнү коомду каптап, жомокто айтылчу эмгектеген баладан, өбөктөгөн карыга чейин саясатчы болуп кеттик.

Жаштардын арасында отурсаң, же Голливуд киносу тууралуу сүйлөшөсүң, же кечээ Ак үйдө эмне болгонун кызыл-чеке болуп талкуулайсың. Бул чыгарманы окудум, ал чыгармадагы каарман мындай-тигиндей деп талашкан эч ким жок.

Андан сырткары экономикалык жагдайыбыз деле ченелүү. Каалаган китепти сатып алалы дейбиз, бирок саналуу дүкөндөрдө сапаттуу китептердин баасы, чөнтөгүбүзгө туура келбесе кантебиз? “Миң сомго бир китеп алгыча, бир кап ун алсак курсагыбыз тоёр” деген пикирлер да бар. Бул да туура. Тынбай иштеп бир айда араң тапкан маянабызды, кымбатчылык заманда тамакка же кийимге жеткире албай жатсак, кантип китеп тууралуу ойлонолу?

Бирок муну айтып жатып, “нан ал деген акчага китеп алып, чырактын майы түгөнгүчө чыгарма окуп, уктабай чыгаар элек” деген улуулардын сөздөрү эске түшөт. Албетте бул сөздөр биз үчүн жомок, китептерде, гезиттерде жана журналдарда гана, ошол мезгилдеги өлкө идеологиясын жактаган чакырыктай сезилет. Азыркы демократиялык эгемен, эркин заманда мындай жомоктун жоктугуна өкүнүү менен жомокко айланган ал заманга күбө болбосом да, жалпы сабаттуулукту жоюу тууралуу идеологияны эңсеп кетем.

Жайыл Русланов
Кыргыз-Түрк "Манас" университети, журналистика факультети, 2-курс

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG