Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Тазарбаган Жер шары


Адамзат кайда багыт алып, эмне көздөп барат? Бул суроо ар бир адам аттуунун жүрөгүндө туйлап турса да эч ким жооп таба албай келет. Бири адамзаттын күнү бүтүп бара жатат десе, бири өнүгүп келет дейт. Башкасы Жер шары алмашып, адамзат улуу эволюциялык өзгөрүүгө дуушар болоорун айтат. Бирок булар азырынча жөн гана жоромол, так теориялык негизде, илимий түрдө тастыктала элек. Ошондуктан кандай гана көзү ачыктык болбосун бардыгы Кудайдын колунда экендиги талашсыз чындык.

Ааламдашуу алкагында карасак, дүйнөдө эмне деген гана окуялар болууда! Аалам алмашып, ар кандай ыңкылап, төңкөрүштөр, согуштук жана экологиялык алааматтар, жанкечтилик, баңгилик көйгөйлөрү, түрдүү эпидемиялык оорулар жана башка.

Албетте булар адамзаттын жашоосуна коркунуч жаратып, ары жаңжалдуу, ары азаптуу, түбү терең аңга кептелгендей. Бирок бул коркунучтардын себеби эмне? Баарыбызга белгилүү болуп турса да, билмексенге салганыбыз менен жообу ачык эле. Ааламдагы бүткүл терс өзгөрүүлөргө адам өзү себепкер. Алыстан душман издеп, натыйжасын бурмалоого аракет кылганыбыз менен сокурга да белгилүү болуп турбайбы.

Адамзат жүзү каралыктын, абийирсиздиктин чегине жетип, ошондуктан жогорудагыдай көрүнүштөр болуп жүрбөсүн. Анткени “кимди ким билди, Быржыбайды там басты” деген өзүмчүлдүк ашынган заманда, адамдык баалуулуктар артта калып, кызылды көрсө, кыйылбай чуркаган ач көздүк алдыга чыкты.

Эптеп эле кайсы жол менен болсо да байлыкка, бийликке жетишүү максаты адамдын ой-тилегин курчап калды. Байлык, бийлик жакшы нерсе, ага жетүүнүн эки гана жолу бар: бири - адал эмгек, маңдай тер менен, экинчиси - кара өзгөйлүк, арам жол. Албетте биринчиси өтө татаал, бирок мөмөсү таттуу, экинчиси текейден арзан, колдун башы менен гана жасалчудай оңой, бирок натыйжасы кара түн, шор даамданган күйүт.

Муну адам беш колундай билип турса да эмнегедир экинчи жолго салат. Бул тек гана тобокелчилик эмес, атам замандан бери келаткан адам деген улук ысымды унутуш.

Чыңгыз Айтматовду да чыркыраткан бул ааламдагы ак-кара түшүнүгүнүн айыгышкан согушу, адамзаттагы чечилгис, чеги жок талаш качанга чейин созулаары белгисиз. Демократия деп чакырык таштап, эркиндикке умтулганыбыз менен тескерисинче өзүбүздү-өзүбүз чектеп жаткан сыяктуубуз. Ар ким өз каалаганын жасап, бирин-бири кордоп, адамдын буюмдай баасы чегерилип, базарда сатылып жатканы баарыбызга маалым эмеспи. Ушундай сатык заманда эртең биздин да бир органыбыз базарга түшүп, “скидкасы” менен сатылып калбайт деп ким кепилдик берет?

Тоогубузду жоготкондой кичине балдарыбызды эшигибиздин алдынан таппай калып жатабыз. Канча адам тирүүлөй маданияттуу эркин учурда теңсиздикке кабылып, колдон колго өтүп кул болуп жүрөт. Ушул демократиялык эркин заман болсо, анда дагы деле адам уулу азаптан арыла элек экен деген ой келет. Же демократиянын түпкү маңызын түшүнбөй жатабызбы?

Адам жаралгандан жакшы жашоого умтулуп, материалдык, моралдык байлык топтоого тырышып жашайт. Ички түшүнүгүндө ар кандай ишенимдер менен күн көрөт. Ушул күнгө чейин адам эмнелерге гана ишенип, эмнелерге гана сыйынбады?

Жер жана асман алкагында түркүн жаратуучулар бар деген түшүнүк адамдын ишенимин ээлеп, көкүрөктөгү боштугун толтуруп келди. Албетте ишенимсиз адам болбойт, канчалык ишенимин тыптыйпыл кылууга аракет кылганыбыз менен, анын ошол нерсеге болгон мамилесин өчүргөндүн ордуна өстүрүп алабыз. Адамдын ишеними, диний көз карашы өз көкүрөгүндө сакталып, жүрөгүнүн түпкүрүндө талкууга түшүп, купуя чагылдырылып турушу зарыл.

Дүйнөгө болгон адамдын ички түшүнүгү, башка адам тарабынан тепселүүгө, күч менен өзгөртүлүүгө жол берилбейт. Ошону менен бирге өз диний ишенимине башка бир адамды мажбурлап багынтуу да терс кабылданышы абзел. Себеби адам аттууну эркин, өз каалоосу менен жетекке алуу жакшы жыйынтык берет.

Табияттан адам купуя сырдуу нерсеге кызыкдар. Ал нерсени канчалык жашырып көргөзбөөгө, адамды андан оолак кармоого тырышпа, натыйжа дайым натуура чыгат. Бул жазылбаган жашоо мыйзамы. Маселен кичине балага текчеде турган даарыны көргөзүп, “муну ичпе, кармаба дагы, өлүп каласың” деп коркутабыз. Бирок биз ары басып кетээр менен дароо аны алып кармап көрөт, ичип да жиберет. Анткени ал кичине бала өзүнүн баёо түшүнүгүндө муну алсам же ичсем эмне болмок элем, өлүп бара жатканда ичпей коём да деп ойлойт. Бул сыяктуу окуя ар бир адамдын башынан өтсө керек. Ошондуктан адамдын бир нерсеге болгон каалоосун, ой-түшүнүгүн өзүнө түшүндүрбөстөн чектеп коюу, кандай максатта болбосун акылга сыйбаган иш. Ал тек гана ошол каалоонун көбөйүшүнө алып келет.

Бирок айрым учурларда адамдын ишеними ачык талкууга алынып, кээ бир дин өкүлдөрү коомдон четтетилип келет. Бул диндер аралык каршылаш акыр барып жакшылыкка алып келбеси ажеп эмес. Алсак акыркы божомолдордо үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу айың кептер күнүмдүк күбүр-шыбырга айланып барат. Албетте акчасын кайда чачаарын билбеген ала көөдөн өлкөлөр үчүн бул коркунуч деле жаратпаса керек, алар үчүн башка өлкөлөрдү басып алуу саясаты алдыңкы максатта эмеспи. Ал эми жаңы телчигип келе жаткан мажүрөө мамлекеттер үчүн согуштун эпкини гана жетиштүү. Өнүгө албай жатып өздөрүнөн душман издеген алар, тек гана өзүмчүлдүк аракеттери менен каршылык көрсөтүүгө деле жарашпаса керек. Ансыз деле согуштун очогу ошол жерлерде гана тутанып жатпайбы.

Мейли дин өзү менен өзү болсун дейли, андан да маанилүү акыркы мезгилдерде дүйнөлүк экологиялык маселелер күндөн-күнгө артып барат. Күнүмдүк жыргалчылык үчүн бабалардан мурас калган кооз жаратылыш аёсуз талкаланып, таза суу жетишсиздиги эмитен эле таңдайды такылдатып баштады. Буга деле кадыр билбес, кара ниет адам баласы себепкер экендигин эч ким тана албас.

Акча десе акылыбызды жоготуп, суу башына уу чачып, жер бетин чычкандай оюп-тешип, асманды да жөн койбой, абага ар кандай эпидемиялык ооруларды таратып, жан-жаныбарларды илгерки аңчылык замандан да ашып, ач көздүк менен кырып жок кылуудабыз. Жашообузду оңойлотобуз деп жатып, оорлотуп, өзүбүздү өзүбүз чектеп баратабыз. Ким билет кийинки муун элүүгө чыкпай картайып калабы, бардык нерсенин табигый өзгөчөлүгүн өзгөртүп, химиянын жардамы менен тамагыбыздан, кийген кийимибизге чейин зыяндуу кылып алдык.

"Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" демекчи, канчалык кыйкырып, акыйкатты ашыра айтканыбыз менен жакшы жолго ким баштайт деп бири-бирибизди тиктей беребиз, колубуздан эч нерсе келбейт. Жада калса алдыбызда турган таштандыны жол жээгиндеги үкөккө салып коюудан эринебиз. Бул жалкоолук эле эмес, өзүмчүлдүк жана жоопкерчиликсиздиктин жогорку чегине жеткендигибиздин кабары.

Ойлонолу, качанга чейин башкалардан жардам күтөбүз, бирөөлөрдү жамандап, бөлүп жаруудан тажабайбыз же бул каныбызда барбы? Сый деген нерсени унуттук, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген түшүнүк өткөнкү чоң аталарыбыздын жомогунда гана айтылып кала берди. Ичкилик ичип, үй-бүлөсүн бөөдө кууруган ата, жоолугу түшүп, мээрим деген өзгөчөлүктөн айрылган аракеч, албуут эне, батасын аракка алмашкан бейажал кары, көчөдө бекерпоз болуп сенделген балдар, акчага абийирин саткан кара көз кыздар бүгүнкү коомдун түшүнүксүз картинасын түзүп калды. Акыр заман деген ушул болуп жүрбөсүн, анткени коомдо адам баалуулугу четке сүрүлүп барат.

Ошондуктан эсибиз барда этегибизди жабалы, балдарыбыздын келечеги десек азыртан ойлонолу. Ойлонулбаган иш бармагыбызды тиштеп өкүттө калууга жол ачат. Жогоруда азыркы адамзаттын өз колу менен жасап алган азаптуу көйгөйлөрүнө үстүртөн гана токтолдум, мындан башка майда-барат көйгөйлөр чачтан көп. Алардын баарын айтуу саймалап жер шарына көйнөк тигип берүү менен барабар. Бирок анын баарын айтуунун кажети деле жок болсо керек. Анткени жер шарына канчалык аракет кылып кооз көйнөк тигип берсек да, мурдагы калыбына келтире албастыгыбыз талашсыз чындык.

Жайыл Русланов
Кыргыз-Түрк "Манас" университети, журналистика факультети, 2-курс
XS
SM
MD
LG