Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаганга быйыл 70 жыл толду. Башкача айтканда, жетимиш жылдан бери асманыбыз ачык, түнүбүз бейпил. Эч кандай себеп жок туруп, адамзатты дээрлик алты жыл азапка салган гитлерчилер эбак жазасын алган, фашизмдин күлү асманга сапырылып, тирүү калган саясий лидерлери жана аскер башчылары Нюрнбергде, эл аралык трибуналда сот жообуна тартылган.

Деле бул улуу согуштун жыйынтыктары жүздөгөн китептерде жазылып, сабактары мектептеги балдарга чейин окутулуп келет; кимиси баатырлар да, кимиси чыккынчы - бул да эбактан белгилүү. Башкача айтканда, өткөн жетимиш жыл ичинде бүт баарынын ак-карасы ажыратылып, болору болгон, боёсу канган.

Бирок ошол бүт адамзатка жат болуп бүткөн согуштун жыйынтыктарын кайра карап чыгуу аракети эмнегедир кийинки жылдары абдан күчөй баштады. Согуштун тарыхый барактарына “оңдоо” киргизүүнү, фактыларга “түзөтүү” жасаганды каалагандар улам көбөйүп барат.

Ал “түзөтүүнү” жасагандардын арасына тарыхчылар эле эмес, айрым президенттер, мамлекет башчылары да кирип кеткени өкүндүрөт. Маселен, 1995-жылы Ислам Каримов Москвадагы Жеңиш парадына бир да өзбек ардагерин жибербей койгону азыркыга чейин эсте. Анын себеби да бир чети абдан орчундуу болчу: Борис Ельцин, ошол кездеги Орусиянын президенти, Кремлдеги салтанаттуу жыйында Улуу Ата мекендик согуштун “жеңүүчүсү” деп Совет элин эмес, Орусия калкын атап салган эле. Ошого тырчыган Өзбекстандын лидери нааразылыгын калайык-калкка ачык айтып, Москвага бир да адамды жибербей койгон.

Ырас, ал чатак ошондо эле басылган. Кийин орус жетекчилери позициясын өзгөртүп, жеңүүчү калк катары Орусияны эмес, бүт Совет элин айтып калган эле. Бирок дал быйылкы жылы, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгында “негизги күч”, “негизги көпчүлүк”, “жеңүүчүлөрдүн эң эле саны көбү” деген сыяктуу опурталдуу ойлор жана түшүнүктөр жайнап кетти. Башкача айтканда, негизги жүктү көтөргөндөр орус калкы болгон деген ой ар кандайынан негизделе баштады. Эми орус калкы чынында да негизги калк болгонунда эч бир талаш жок го, бирок ошол ревизионисттик аракет көп учурда теңирден тескери жыйынтыктарга, жанды кашайта турган “түзөтүүлөргө” алып келип жатканын кантип көрмөксөнгө салабыз?

Ырас, мындай аракеттер Совет заманында өтө көп кездешчү. Маселен, “а” дегенде эле аты аталчу Александр Матросовдун эрдиги 1943-жылдын 27-февралында Чернушки деген айылда (азыркы Псков облусунда) болгон экен. Бирок ошол сыяктуу эрдикти биздин Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылдын 6-августунда Дон дарыясынын жээгинде жасаганы бүт бардык документтерде, архивдерде, энциклопедияларда жазылып жүрөт. Бирок советтик расмий тарыхта Чолпонбайдын эмес, Матросовдун аты биринчи аталып, деле Матросовдун аты коюлбаган көчө же мектеп Советтер Союзунун бир да элдүү пунктунда же шаарында калган эмес эле.

Бирок, баарынан кызыгы, азыркы орус тарыхчылары ошол Матросовдун эрдигине да акидей асылып, анын чын экендигине абдан “шек санай” башташты. Орусиянын бир катар интернет сайттарын окусак, Матросов эч кандай дзотко төшүн тоспой эле, сойлоп бараткан кезинде кокусунан пулемет аткылаган тешикке кулап кетип (ок тийгенби же тайгаланып кеткенби), денеси жааган окту тосуп калган экен деген пикир айтылууда.

Андан да кызыгы, Матросов эч кандай орус калкынын уулу эмес эле, түпкү теги башкыр экен деп далилдеп чыгышты. Анын чыныгы аты Шакирян Юнусович Мухамедянов экен. Бала кезинде атасы башка аялга үйлөнүп, үй-бүлөсүн таштап кеткенден кийин Шакирян интернатта чоңоюптур, ошол жерден атын да, фамилиясын да Александр Матросов кылып өзгөртүп алган экен. Ушундан улам Матросов да мурдагы Матросовдой культ болбой, ачык эле экинчи жана үчүнчү катарга сүрүлүп баратат.

Ошону менен бирге азыркы орус тарыхчылары кээ бир согуш баатырларынын эрдигин ого бетер күчөтүүнүн аракетин кылып жатканын да баса белгилей кетишибиз керек. Мисалы, Советтер Союзунун үч жолку баатыры, легендарлуу учкуч Иван Кожедуб атып түшүргөн фашисттик самолеттердун саны мурун айтылып жүргөндөй 62 эмес, андан да “көп” экен. Бирок аны кантип далилдеп, каяктан фактыны жыйнап ийишкенин билген киши жок.

Баса, ошол Кожедубдун эрдиги тууралуу баягы кайра куруу жана айкындык доорунда көп сөз болгонун да айта кетпесек болбойт го. 1988-жылы “Аргументы и факты” деген популярдуу гезит Кожедубдай учкучтар фашисттик учкучтардын арасында да бир канча болгонун айтып, алар андан эки эсе көп советтик учактарды атып түшүргөнүн жазып чыккан эле. Бирок ал сыяктуу рекорддорду немисттер анча деле дуулдатпай, “рейхтин чыныгы жоокерлери” деген гана наам менен чектелишкен имиш. Кыскасы, керек болгон учурда кимдир бирөөнү асман-айга жеткире мактап, кээ бирлерди, тескерисинче, атайлап билмексенге салуу, тарыхтын фактыларын учурдагы саясаттын багытына ылайык бурмалап иймей Советтер Союзунда башынан эле көп болчу.

Ошондой болсо да, айтылуу 28 панфиловчу тууралуу тарыхый фактыны азыркы орус тарыхчылары, архивчилери жокко чыгаруу аракетин кылып жатканы кимдин да болсо кыжырын келтирбей койбойт го. Алып айтсак, орус прессасынын Дүйнөлүк конгрессинде Орусия Федерациясынын Мамлекеттик архивинин директору Сергей Мироненко деле эч кандай 28 баатыр-панфиловчу болгон эмес деген билдирүү менен чыкты.

"Хватит цепляться за мифы. Не было никаких 28 панфиловцев, которые в бою под Дубосековом, якобы, остановили 50 немецких танков. И фразы "Велика Россия, а отступать некуда – позади Москва!", сказанной политруком Клочковым, тоже не было. Фразу придумал литературный секретарь газеты "Красная Звезда" Александр Кривицкий вместе со всей историей подвига. И все это военная прокуратура установила еще в 1948 году. Но материалы засекретили, потому что отступать действительно было уже некуда: миф давно жил своей жизнью", - деп билдирди Сергей Мироненко.

Анын ою боюнча, чоң Москваны эч кандай Фрунзе менен Алматыда куралган Панфилов дивизиясы эмес эле, башкалар коргогон экен. Айтор, немис генералы Гудериандын шаарды көздөй кутурган жырткычтай жулунган танк колонналарын Орто Азиядан келген аскерлер коргогон деген пикир айрым бир орусиялык тарыхчыларга эмнегедир жакпай жаткан көрүнөт. Сыягы, ал танктардын мизин москвалыктар эле кайтарып, ал эми эң маанилүү стратегиялык багыт деп саналган Дубосеководо Гудериандын танк колонналары өзүнөн өзү эле кан буугандай “токтоп калган” окшойт.

Албетте, бул караманча туура эмес пикир. Баса, бул “түзөтүүгө” биринчилерден болуп каршы чыккан ошол эле орусиялык тарыхчылар болуп жатканын канааттануу менен белгилешибиз керек. Себеби немистердин танк колонналары дал ошол Дубосеководо токтотулганын эч ким танбайт. Ошондон кийин Москваны таштап, башка жерде даярдалган бункерге кетмек болуп турган Сталин да ал оюнан баш тартып, акыры борбордо калганы тарыхтан белгилүү.

Ал гана эмес, Сталин 1942-жылдын 7-ноябрында кыштын ызгаарына карабай аскер парадын өткөрүп, парадга катышкан аскерлер түз эле шаардын коргонуу линияларына жөнөгөн эмеспи. «Информационная Инициатива» деген коомдук Фонддун жетекчиси Михаил Тюниндин терең ишеними боюнча, немис танктарын токтоткон панфиловчу-батырлардын саны 28ден да бир аз көп болушу ыктымал, себеби бир-экөө чындап эле дүңүрөңдөп жылып келаткан көп сандаган танктардын сүрүнөн коркуп, немистер жакка кол көтөрүп өтө качыптыр. Алардын аты-жөнү да бештен белгилүү. Бирок, дейт жогоруда аты аталган Михаил Тюнин, панфиловчулардын улуу эрдигин, уруп-салып кирип келаткан немис танктарын (50 танк) аз эле сандагы батальон токтотуп калганын эч ким тана албайт.

"На самом деле, там сражался второй батальон, но сколько там было бойцов, кто погиб, кто стал героем, на самом деле было не важно. Может быть, их было гораздо больше 28ми, но факт боев - он несомненен. Факт того, что бойцы панфиловской дивизии остановили танковые колонны - это факт. Просто это был очень яркий пример, как люди с минимальными противотанковыми средствами смогли отразить атаку танковых колонн. Плюс ко всему, это, конечно, дивизия из Казахстана и Киргизии, из другой части Советского Союза, как впрочем и Сибирские дивизии"", - деп жазат Тюнин.

Суроо туулат: бул сыяктуу ревизионизм, улам бир жерден чыга калып жаткан “оңдоолор” менен “түзөтүүлөр”, улуу Жеңиштин канга жуулган желегин бырчалап бөлүүлөр, устукандоолор, ошол устукандарды “улуулата” бөлүштүрүүлөр кимге керек болуп жатат? Деле согуштун миллиондогон курмандыктарынын арбагын сыйлап (баары 28 миллион адам деп келебиз), ата-бабасы көрбөгөн жерде жаш өмүрлөрүн жайраткан баатырларды жайына коюп, жаткан жерлеринде тынч уктаганын ойлосок кантет?

Улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй Испанияда фашизмге каршы күрөштө курман болгон америкалык аскерлерге арнап реквием жазып, ошол реквиеминде минтип салабат айткан жери бар: “Өлгөндөр эч качан кайра турбайт. Анткени алар жаткан жеринде жай таап, жер менен кошо түбөлүктүүлүктүн төрүнө кетет”. Ал эми жер астына чыныгы баатырларча шейит кеткендер, анын ичинде биз сөз кылган 28 баатыр-панфиловчу, анын арасында кыргыздын кыраан уулу Дүйшөнкул Шопоков нака өлбөстүктүн так төрүнөн орун алганы кимге түшүнүксүз?..

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG