Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Баарыга белгилүү болгондой, улуу калемгерибиз кош тилдүү жазуучу болгон. Ч.Айтматовдун алгачкы беш аңгемеси орус тилинде жарык көргөнү менен кийнки үч аңгемесин – “Ак жаан”, “Түнкү сугат”, “Асма көпүрө” – кыргыз тилинде жазган. Андан кийинки “Бетме-бет” (1957), “Обон” (“Жамийла”,1958) повесттери да кыргыз тилинде жазылды. Ал эми “Делбирим” (1960), “Ботогөз булак” (1961) кайрадан орус тилинде жазылды да, “Биринчи мугалим” (1961) менен “Саманчынын жолу” (1963) эне тилинде окурмандарга тартууланды. Ошол 1963-жылы калемгердин “Саманчынын жолу” жыйнагы кыргыз тилинде жарык көргөн боюнча 1978-жылга чейин дээрлик он беш жыл кыргыз окурмандары улуу жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилинде окушкан жок. Анан калса жаңыдан орусча жазылып жарык көрүп жаткан “Гүлсарат” (1966) да, “Ак кеме” (1970) да, “Эрте жаздагы турналар” (1975) да, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” (1977) да кыргыз тилинде жарык көрбөдү же мурда кыргыз тилинде жазылган чыгармалары кайрадан басылып чыкпады. Чыңгыз Айтматов болсо дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды жазып, башка мамлекеттердин, СССРдин эң абройлуу сыйлыктарын кайра-кайра алып жатты. Ал турсун ошол жетимишинчи жылдары башка өлкөлөрдө калемгердин чыгармаларынын тандалма томдуктары жарык көрдү. Германияда улуу калемгердин чыгармаларынын эки томдугу (Берлин, “Вольк унд Вельт” басмасы, 1974), Болгарияда да чыгармаларынын эки томдугу (София, “Народна култура” басмасы, 1976), Түркияда болсо чыгармаларынын үч томдук жыйнагы басылып чыкты. (Истамбул, 1974 – 1976). Ал эми Кыргыз ССРинде болсо дээрлик он беш жыл акыл-эси жайында адам аңдап түшүнө албай турган калаты абал өкүм сүрүп турду. Жагдайдын мындай болушуна улуу жазуучунун ошол учурдагы республиканын башында турган, “булгаары тончон жаңы манаптардын” ана башчысы, “төш чөнтөгүнө партбилет салган жаңы хандардын” бири Турдакун Усубалиев менен билекке чабышкан абалы, ошондон улам республиканын башчыларынын улуу калемгерге карата бир беткей мамилеси да себепкер болду го деп ойлойбуз. Болбосо кыргыз элин дүйнөгө дүң кылып таанытып жаткан улуу жазуучунун чыгармалары эне тилинде жылына болбосо да эки-үч жылда бирден байма-бай басылып чыгып туруш керек эле го. Тилекке каршы, андай болбоду.

Ошол 50-жылдардын соңу, 60-жылдардын баш ченинде кыргыз калемгерлеринин алдыңкы сабына чыккан Ч.Айтматовду 1962-жылы Кыргызстан кинематографисттер союзуна төрага дайындаган боюнча эч жакка жылдырбай койду го кыргыз бийлиги. А чынында улуу калемгердин орду жазуучулар союзунда эмес беле. Бирок, кыргыз бийлиги дээрлик жыйырма беш жыл бою залкар сүрөткерди жазуучулар союзунан оолак кармап туруп алды. Качан гана 1985-жылкы кайра куруунун шарапаты менен Т.Усубалиев ошол 1985-жылдын ноябрында тактан кулатылган соң абал өзгөрүп, 1986-жылы жайында даңазалуу калемгер Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

1963-жылы март айынын аягында баш калаабыз Фрунзе шаарында республиканын чыгармачыл интеллигенциясынын кеңешмеси болуп, анда Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев баяндама жасады. Т.Усубалиев буларды айтты: “Аптап” фильми ( Ч.Айтматовдун “Ботогөз булак” повестинин негизинде кинорежиссёр Лариса Шепитко таткан (1963) көркөм тасма – С.А.) али массалык экранга чыга элек, бирок ошого карабастан, кыргыз кинематографисттеринин чыгармачылык союзунун жетекчилери сыяктуу эле аны түзүүчүлөр жана да “Кыргызфильм” киностудиясы менен иш аркылуу байланышкандардын бардыгы бул картинаны ар кандай жолдор менен мактоого өздөрүндө болгон бардык күч аракеттерди жумшап жатышат, бирок бул картина, биздин оюбузча, олуттуу кемчиликтерден кур эмес.”

Бул кемчиликтерди “булгаары тончон жаңы манаптардын” ана башчысы, “төш чөнтөгүнө партбилет салган жаңы хандардын” бири Турдакун Усубалиев фильмдин сценарийинин көркөмдүк деңгээлинен табышы мүмкүнбү? Жок. Режиссёрдук иштин аткарылышынан табышы мүмкүнбү? Албетте, жок. Т.Усубалиев сын найзасынын түпөктүү учун фильмдин саясий-идеологиялык маселесине багыттайт. Т.Усубалиев сөзүн мындайча улантат: “идеялык салмагы жөнүндө болсо, бул картинадагы окуялардын бардыгы тең эле өз жайында деп айтууга болбойт. Атап айтканда, фильмде Сталиндин керт башына сыйынуу мезгилинде биздин элибиздин, бүткүл өлкөбүздүн абалы натура мүнөздөлөт... Бул – биринчиден. Андан кийин, бул фильмде мына мындай дагы бир жери бар: фильмдин башкы персонаждарынын бири – Абакир мурда стахановчу болуп, көп эмгек сиңирген, бирок күтүлбөгөн жерден эле мыш болот да калат... Образды мына ушундайча түшүнүү аны моралдык-этикалык жактан мүнөздөөдөн социалдык-саясий жактан мүнөздөөгө өткөрөт жана жумушчу табынын ар түрдүү муундары жөнүндө натуура түшүнүктөрдү берет.

Ошону менен бирге, биз бул фильмде көрсөтүлгөндөй, ушул кездеги кыргыз аялынын образын да кабыл ала албайбыз.” (Адабият менен искусство – Коммунисттик партиянын курч куралы. // “Советтик Кыргызстан”, 1963, 31-март). Мына ушундай. Бул кандай мезгил болчу? 1963-жылдын мартынын соңку он күндүгү кандай учур эле? Жеке эле Ч. Айтматов эмес жалпы кыргыз адабияты үчүн өтө маанилүү, зор маселе чечилчү он күндүк эле бул марттын соңу. Анткени, совет мамлекетиндеги эң абройлуу, мартабасы өтө жогору Лениндик сыйлыкка Чыңгыз Айтматов экинчи жолу көрсөтүлүп, бүт эл-журт “ана алат, мына алат”, “не болот, не жок” деп зор үмүт менен жашап турган күндөр эле 1963-жылдын мартынын бул акыркы он күндүгү. Ал эми сыйлыкты ыйгаруунун жыйынтыгы Лениндин туулган күнү 22-апрелге карата чыгарылчу...

Учурдун ушунчалык олуттуу жана опурталдуу экендигин кылдат сезген саясий оюнчу Т.Усубалиевдин бул пикирин биз “Ботогөз булак” повестинин – Лениндик сыйлыкка көрсөтүлгөн “Тоолор жана талаалар повесттери” жыйнагына кирген төрт чыгарманын биринин (!) – негизинде тартылган фильмди шылтоо кылып, Ч.Айтматовдун артынан согулган арамза сокку деп кабыл алабыз. Дагы бир башка штрих. Орустун атактуу кинрежиссёру Андрон Михалков-Кончаловский улуу калемгердин “Биринчи мугалим” повести боюнча “кыргыз кереметинин” алгачкы фильмдеринин бири болгон аты уйкаш кинокартинаны тарткандыгы баарыбызга маалым. Бул киного байланыштуу кинорежиссёр кийин-кийин мындай эскерүүсүн жарыялады: “Мен “Биринчи мугалим” фильмин тартууга киришерде Кыргызстандын көп жерин кыдырдым... Фильм жарымдай тартылып калганда Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары Усубалиев менен сүйлөшүп атып мындай деди:

– Мен бул сапар чыныгы кыргыз картинасын тартсам деп көксөп атам... Ал мага кыртышы сүйбөгөн түр менен карап: – Сиз чыныгы советтик картинаны тартууга тийишсиз, – деди. Өңүнөн мени жактырбаганы билинди... Ал учурда өкүм сүргөн тартип боюнча, улуттук республикаларда тартылган кинокартиналар адегенде жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынып, анан Москвага жөнөтүлчү. Кыргызстандын партиялык бийлиги кабыл албай койду. Тартылып бүтөр замат эле “Биринчи мугалим” фильмин көмүскөгө катып салышты. Анын экранга коё берилиш маселеси кепке алынган да жок. Эмне болуп атканына акылым жетпей маң болдум. Башыма чокмордой бирдеме даңк урулгандай эсеңгиреп калдым...” ( С.Жигитов. Чыңгыз Айтматов адабият майданына жаңыдан келгенде... // “Бишкек таймс”, 2004, 9-апрель; “Кыргызстан маданияты”, 2004, май.)

Мына ошентип, Турдакун Усубалиев “Биринчи мугалим” фильмин эч ким көрбөй турган кылып темир сандыктын түбүнө салдыртты да койду. Албетте, Кыргызстандын башчысы менен кармашуууга жаш режиссёрдун чама-чаркы жок эле. Өзүнүн повестинин негизинде тартылган фильмдин тагдыры үчүн Турдакун Усубалиев менен күрөшкө улуу жазуучу өзү аттанды. А.Михалков-Кончаловский андан ары минтип жазат: ”Айтматов КПСС БКга, Сусловго кирип барды. (Азыркы жаштар үчүн маалымат: Андрей Андреевич Суслов улуу держава СССРде мамлекеттин башчысы Л. И. Брежневден кийинки эле экинчи адам делип эсептелчү). Дал ошол маалда Москвага Фрунзеден (азыркы Бишкектен) кыргыз элин маданиятсыз, жапайы кылып көрсөткөн идеясы бузук картина жөнүндө кат да жетип келген экен.

– Биз сизди ыза кылдыра койбойбуз, – дептир Суслов. – Эгер Кыргызстан (Коммунисттер партиясынын) Борбордук Комитети илгери кыргыздар жапайы болгон эмес деп ойлосо, анда революцияны жасабаш керек эле деген тыянак чыкпайт бекен? Картинанын элге көрсөтүлүшүнө уруксат берилди. Бирок ушундай болгуча бир жыл өтүп кетти.” “Биринчи мугалим” кинотасмасына карата кыргыз бийлигинин карасанатай иш-аракети ырасында эле өтө катуу болгондугун бул фильмдеги башкы каарман Алтынайдын образын экранда ашкере мыкты жараткан атактуу киноактриса Наталья Аринбасарова да минтип эскерет: ”Тасма тартылып бүткөндө Кыргызстан аны көпкө кабыл албады. Чыңгыз Төрөкулович аны коргош үчүн аябай аракет кылды”. (Венера Сагындык кызы. Айтматов ааламы жана Аринбасарова. // ”Азаттык”, 2013, 24-ноябрь.)

Андрон Михалков-Кончаловский менен Наталья Аринбасарованын бул эскерүүлөрү ошол 60-жылдардын орто ченинде Т. Усубалиев башында турган кыргыз бийлигинин улуу жазуучуга карата кандай позицияда болгондугун ашкере даана көрсөтүп турат. “Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын он беш жыл бою эне тилинде бастырып чыгарышкан эмес” десең бүгүнкү муун – улуу калемгердин чыгармаларын эне тилинде көптөгөн томдуктарда, ар кандай тематикалык басылыштарда, экран менен сахнада, электрондук варианттарында окуп жаткан бүгүнкү муун – ишенбейт да, түшүнбөйт. А тарых чындыгы ошондой.

1963-жылга чейин кыргыз тилинде жарык көргөн “Обон” (1959) жана “Саманчынын жолу” (1963) жыйнактарына калемгердин эне тилинде жазылган “Ак жаан”, “Түнкү сугат”, “Асма көпүрө” аңгемелери гана кайра-кайра басылгандыгына күбө болобуз. Ал эми 60-жылдардын экинчи жарымынан тартып ошол “Обон” жана “Саманчынын жолу” жыйнактарын бир да бир дүкөндөн, бир да бир мектеп китепканасынан табыш мүмкүн эмес болчу.

Абал 1978-жылы калемгердин 50 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленгенден кийин, Турдакун Усубалиев менен улуу жазуучунун ортосундагы көк ирим дайранын буркан-шаркан түшкөн астыңкы катмарындай болуп жат көзгө көрүнбөгөн мамиленин бир аз солгун тартып, кандайдыр бир деңгээлде компромисттик абалга келгенден кийин өзгөргөндөй болду. Ушул жылы кыргыз китеп чыгаруу саясатындагы (басмалардан чыгарылуучу китептердин тизмеси алдын ала партиянын Борбордук Комитетинде талкууланып бекитилгенден кийин китеп басып чыгаруу иши саясат эмей эмине болмок эле) улуу калемгердин чыгармаларына карата жасалып келген он беш жылга созулган ың-жыңсыздыктын кишени үзүлгөнсүдү. Ошол 1978-жылы “Гүлсарат” деп аталган жашыл түстөгү оголе калың китеп басылып чыкты. Эсимде, ошол 50 жылдык мааракеге жакын калган күндөрдүн бири болсо керек эле, кыргыз телевидениесине конокко келген улуу жазуучу “Гүлсарат” деп аталган оголе калың ошол китепти кош колдоп кармап туруп: “Менин китептерим дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө басылып чыгып жатат. Бирок, мобул китеп мен үчүн өтө кымбат, жүрөккө өтө жакын” деп өзгөчө бир маңдай жарган сүйүнүч менен кеп салды эле. Ошол 1978-жылы улуу жазуучунун “Биринчи мугалим” деп аталган дагы бир жыйнагы жарык көрдү. Бул китепте 1963-жылы калың элге тартууланган “Саманчынын жолу” жыйнагында жарык көргөн чыгармалар кандай тартипте жайгаштырылса, дал ошол ыраатында жарыяланды. Болот экен го ушинтип кайра бастырып чыгарса! Анан эки жылдан соң 1981-жылы калемгердин “Делбирим” деп аталган дагы бир китеби кыргыз окурмандарына тартууланды. Кийинки 1982 – 1983-жылдары улуу калемгердин чыгармаларынын 3 томдук жыйнагы жарык көрдү. Андан кийинкилери баарыбызга маалым...

Жылдар өтөт, кылымдар тогошот, замандар оошот, доорлор алмашат. Ошондогу урпактарыбыздын бири: “Усубалиев деген ким?”- десе, билгени: “Усубалиев деген Чыңгыз Айтматовдун доорундагы майда бир мамлекеттик кызматкер”,- деп айтар. Ал эми билбегени башын чайкап тим болор...

Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович), филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги. «Токомбаевдин ыры - Акаевдин сыры («Өз көзүм менен» поэмасы кыргыз айыл чарба реформасынын күзгүсү катары)» (1-басылышы - 1999, 2-басылышы - 2000); «У.Абдукаимов жана «Майдан» талкуусу» (1-басылышы - 2000, 2-басылышы - 2009); «Беш Молдо (Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыш)» (2004); «Унутулган адабият» (1-том, 2006); «Адабият айдыңын аралап …» (2006); “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери” (2013); “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” (2013); “Азыркынын коңурбайлары” (2014); “Адабият - аруу дүйнө” (2015) деген китептердин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG