Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:57
Баткен облусундагы чыр-чатактан кийин кыргыз бийлиги бир тараптуу жолдорду бууп, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы карым-катышты токтоткон эле. Андан бери эки айдай убакыт өттү. Албетте, чатактын неден улам чыкканын, кайсы тарап күнөөлүү, кимиси ак, кимиси кара экенин териштирүүдөн алыспыз. Эки мамлекет ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кези, дипломатиялык чечим кабыл алынарына ишеним артабыз. Бизге түшүнүксүз болуп жатканы - эмне үчүн Баткендеги чатактын азабын Мургаб менен Жерге-Талда жашаган 40 миңден ашуун кыргыз тартып, орто жолдо жапа чегиши керек? Мына эки айга чукул убакыттан бери карым-катышт биротоло үзүлүп, Кыргызстандагы тууган-уруктарына, окуп жаткан балдарына келе албай, бейтаптар дарыланууга зар болуп, эң негизгиси, тамак-аш муктаждыгын чечүүдө кыйын абалга тушугуп, оор турмушту баштан кечирүүдө.
Ушул жерден аргасыз кыргыз жетекчилерине доомат артып, абийир, ар-намыска чакырып, “Тууган күйдүрүп айтат” деген ата-бабанын нускалуу кеби менен улуттук сезимдерин ойготконго, ачуу сөздөрдү айтканга туура келип отурат. Себеби мамлекеттик масштабдагы маселени чечип алышсын деген негизде бир топ убакыттан бери күтүп келдик. Эгер кыргыз жетекчилерде улуттук түшүнүк, дээринде кыргыз деген сезим болгондо, Мургаб менен Жерге-Талдагы боордошторду кыйын күнгө салып, бүгүнкү ишти жасабайт эле. Ырас, өкмөтүбүз тажиктерге басым жасап, өз күчүн көрсөткөнгө аракеттенип жатат. Бирок андан он миңдеген кыргыз жапа чегип, далай өмүрлөр коркунучта калганын кайда катабыз? Мамлекеттик, улуттук деңгээлде ой жүгүртүү болбой жатпайбы.
Дегеним, Мургаб менен Жерге-Талга ким барган болсо, алар дароо түшүнөт. Аталган жолдордо, тагыраагы Мургаб - Ош жолунда памирлик кыргыздардан башка эч ким каттабайт. Жолдору тешилип, эбак жарактан чыгып бүткөн. “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыга барбагын” деген эски сөз азыр дал ушу мургабдык кыргыздарга тиешелүү болуп турганын эч бирибиз тана албайбыз. Тыш дүйнө менен байланышы жок, аргасы кеткен Бадахшандагы памирлик кыргыздар кышкысын колу менен кар күрөп, жазында сел алган жолду тазалап, туулган жерин, ата-бабасынын көрүн таштай албай, оор турмушту баштан кечирүүдө. Анан ушул нерсени көргүсү келбеген, бир боорлорунун абалын түшүнгүсү келбеген кыргыз жетекчилеринен жакшылык күтүүгө болобу?
Акырында суранарыбыз, Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздары каттаган Бор-Дөбө жана Карамык жолдору тез арада ачылып, карым-катыш түзүлүшү керек. Биз айткан нерселер оор болсо да, кыргыздын келечеги үчүн чукул арада өлкө жетекчилери чечим кабыл алууга тийиш. Жок эле дегенде, тиричилиги жалгыз Ош менен өтүп жаткан Мургабдын жолу ачылбаса, кыргызга кыянаттык кылган болобуз. Ал эми мен кыргыз коомчулугуна, улут деген инсандарыбызга, өлкө интеллигенциясына кайрылам, эгер маселе чукул арада чечилбесе, жалпылап кийлигишип, көмөктөшүп берүүңүздөрдү өтүнөм. Анткени кыргыз бийлиги кандаштарыбызга колдон келген жардамды берүүнүн ордуна түшүнүксүз жагдайда Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздарын камалап, бизден алысташына шарт жаратып, кыйын күнгө салганын көрүп жатабыз.

“Учур” гезитинин башкы редактору Зулпукар Сапанов

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG