Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Суу куюлган желим бөтөлкөлөрдү куржундун эки көзүнө толтуруп, эшегине артып алып, ээрге конгон бир карыя Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Тандоо кыштагынан бозомук тарткан адырларга карай күндө өрдөп жөнөйт. Бул карыянын бир гана максаты - бозомук адырга тиккен бак-дарактарын сактоо жана өстүрүү.

Карыянын аты-жөнү Маданбек Кадыров, быйыл 81 жашта.

Карыя менен ал эккен бактын ичинде сүйлөштүм.

- Маданбек аке, бакты отургузганыңызга канча жыл болду?

- 11 жыл болуп жатат. Жетимиш жашымда баштагам.

- Аянты канча гектар?

- Эки гектар болсо керек, ошондойбу, Заир? (Ал жанында отурган Заир ажыга суроо салды).

- Кандай дарактарды отургуздуңуз?

- Бадам, жаңгак, мисте, айбан сары, алмурут, алча.

- Өсүштөрү кандай?

- Бадам 90% жакын, жаңгак 80%. Миң түп бадамдан 900гө жакыны, 200 түп жаңгактан 150 түбү көктөдү. Бадамдан быйыл түшүм ала баштадым.

- Бадамды сатып жатасызбы?

- Ий-ээ, жок. Бала-чака жейт, кыздарым алып кетет, балдарга берем.

- Бул ээн талаа, эрме чөлгө бак отургузганыңыздын максаты кандай? Суу келбесе, өзүңүз жалгыз болсоңуз?

Бадам

Бадам

- Мен илгери колхоз учурунда чарбанын койлорун бакчумун. Бир жолу май айынын этеги болсо керек эле, ушул жерде койду жайып коюп, жамбаштап жатсам, балдар экскурсияга келишиптир. Күн ысып жаткан. Балдар да ары-бери чуркап жүрүшүп, алып келген суусун ичип бүтүп, ысыктан бекине турган көлөкө таппай көбү ыйлап кетип баратышыптыр. Ошондо мага “кысталак, ушул жерге бак тигип коюш керек экен” деген ой келди.

Акыры союз түгөп, койлордон ажырадык. Пенсияга чыгып, ушул жерге бак өстүрө баштадым. Айыл өкмөттөн ижарага алып, дарактардын уруктарын сээп, калемчелерди отургуздум.

- Көчөттөрдү отургузганга, чуңкурларды казганга бирөө-жарым жардам бердиби? Ушунча чуңкурду казганга көп эмгек жана күн кетсе керек?

- Жок. Бул жакка менден башка ким келмек эле? Мал баккандар болсо малдарын үйүнөн чыгарып, ушул адырларга карай айдап жиберишет. Малдары үйлөрүнө барбай калса гана издеп келишпесе, эч ким келбейт.

- Канча чуңкур каздыңыз?

Чуңкурлар

Чуңкурлар

- Канча экенин билбедим. Тереңдигин 50-70 см, узун-туурасын 60-80 см, миң чуңкурду бадамга, жаңгакка 200, айбан сарыга канча экенин билбейм. Чабырага ылайыктап чуңкур казып, отун болуучу дарактарды отургуздум. Алды отунга жарап калды. Отун издеп токойго барбай калдым, отунга булар зор да (мыкты деген мааниде - Н.С.). Адамдар отун деп токойдогу дарактарды уурдап кыйып жаткандарын көрүп, жүрөгүм ооруйт. Өздөрү бир түп дарак эгишпейт да кудайдын берген белеги дешип токойго жырткычтык мамиле жасайт. Дарактар да тирүү экенин ойлоп да коюшпайт.

- Бул жерлерге дагы кеңейтип, көчөттөрдү отургузса болобу?

- Кудай өмүр, ден соолук берсе дагы отургузам.

- Жаштарды бул иштерге тартып жатасызбы?

- Жаштардан кызыккандарды көргөнүм жок, бирок жашы өйдөлөп калган бир-экөө, менден 10-15 жаш кичүү, биз да көрсөк окшойт дешкен, ошол бойдон жок.

Кепенин ичи

Кепенин ичи

Дарак отургузуу үчүн “дарак жиндиси” болуш керек. Бош жаткан жерлерге дарак отургузса, элге эле жакшы болмок. Отун, мөмө-жемиш менен камсыз болмок. Жылда жазында жаан жааганда сел жүрөт, бак-дарак селден да сактамак. Муну кылган кишилер жок болуп жатпайбы.

Азыркы заман "колуңардан келсе, өзүңөрдү өзүңөр баккыла" деп мүмкүнчүлүк берип койбодубу. Изденүү гана керек. Көбү “Маданбек аке курук келтекти сайып койсо деле көктөй берет” деп айтат. “Аракет кылсаң берекесин берет” деген сөз бар эмеспи. Аракет жана эмгек кылыш керек.

- Бул адырларда булактар көрүнбөйт, башка жактардан келген арыктардын нуктары да көрүнбөйт, анан көчөттөрүңүз кантип көктөп жатат?

- Көчөттү эгүүнүн алдында чуңкурду нормалдуу казыш керек. Мен чуңкур казып жатканда ошол жердин бетин бир кетменден жогору жагын алып, өзүнчө таштайм, себеби жердин үстүнкү бети күчтүү болот. Чуңкурду казып бүткөндөн кийин көчөттү отургузуп, алиги топуракты көчөттүн алдына, айланасына бирдей кынапта жаям.

- Суусун эмне кыласыз?

Айбан сары

Айбан сары

- Чуңкурдун жогору жагын жаан жааганда куюлуп түшө тургандай жаача кылам. Чуңкурга чөптөрдү оруп келип, көчөттөрдү айланта таштап коём, бир жагынан көлөкө болсо, экинчи жагынан түшкөн жаандын суусу, кардын эриндиси чуңкурга толуп, нымдуулук жыл бою сакталат.

- Отургузган көчөттөрүңүздөн кайсылары түшүмгө кирди?

- Бадамдын жүздөн ашык түбү, жаңгактын 20дан ашыгы, айбан сары, алчалар мөмө берип жатышат. Кара жыгачтар отунга жарап калды. Мистенин уруктарын бир чуңкурга ондон ашык ташташ керек экен, болбосо ала болуп калат экен.

- Сизге көчөттөрдү өстүрүү боюнча илимий кеп-кеңештерин бергендер болуп жатабы?

- Экологиядан болобуз дешип бир жолу келип кетишкен, каяктан келгенин билбейм. “Колуңар менен кайсы дарактарды көктөттүңөр?” десем, аны-муну айтышты. Айткандарын түшүнгөнүм жок. Сузактан бирөө телефон чалыптыр, “кайрак жерге көчөттөрдү кантип өстүрдүңүз?” деп. "Келип, өз көзүңөр менен көргүлө" десем келишкен жок.

- Багыңыздын айланасы бүт эле жайыт экен. Төрт түлү мал жайылып жүрөт. Багыңызды малдардан кантип сактап жатасыз?

- Жашоо мына бул кепеде өтөт. Күнү-түнү ушул жерде болом. Жылкы, уй, кой-эчкилер келет, аларды айдап жүрүп күнүм өтөт. Алардын сенин эмгегиң менен иши жок да, карабасаң жаш көчөттөрдү жеп, туяктары менен тебелеп кетишет да. Ушул бакты тикендүү зым менен тосуп салайын десем пенсиям жетпейт.

Ал арада сөзгө Заир ажы аралашып, Маданбек аке жөнүндө билгендерин айтып берди.

- Маданбек акеден мен бул жакка уй, кой кайтарганы келгенде кабар алып турам. Экөөбүз жаш кезибизде бирге иштешкенбиз. Маданбек аке “мен 80ге чыктым, намаз окубадым, орозо тутпадым, ехсан (соопчулук) кылбадым. Жакшы жүрдүмбү, жаман жүрдүмбү аны бир кудай билет, анан айланамда жүргөн эл билет. Балдарымды өстүрдүм, тарбияладым. Эми Алланын жолуна ушул дарактарды эгип, бак кылып коёюн дедим. Менден кийинки муундар, ушул дарактардын көлөкөсүнө эс алып отурушса, мөмөлөрүн жешсе, мен дүйнөдөн өткөндөн кийин мага куран окуп, дуба кылып коюшар бекен деген үмүт менен отургуздум” деп көп айтат.

Багбан, Нурмамат ажы, Зайыр ажы

Багбан, Нурмамат ажы, Зайыр ажы

Биз ага “сиздин тирүүңүздө деле дуба кылабыз, өлбөң” дейбиз. Өзүнүн сөзү бар, “мен өлсөм ушул жерге койгула” деген. Кээде көзүнө жаш алып айтат. Туугандарына айтып жүрөм, айткан жерине койгула деп. Алла насип кылган жерине коёбуз да. Ал өлбөсүн, пенде өлбөй калбайт да. Мен өлөмбү, ал өлөбү бир Кудай билет. Өлүмдү эстеп жүргөнүнө ушу кишиге дайым жакшылыгына дуба кылып жүрөбүз.

Дарактарды отургузуп койгон экен, мисалы, мисте 25 жылдан кийин түшүмгө кирет. Бизди байлап койсо да турбайбыз, ал мезгилде жүздөн ашып кетебиз да. Тамашалап коём, “25 жылдан кийин сөөгүң сөпөт болот да” деп. “Жок, менден кийинкилерге эстелик болуп калсын”, - дейт. Бул кишиге дайым ырахмат айтабыз. Ушунча бадамдын түшүмүн алып жатат, бир данегин да сатпайт. Жолунан чыккандарга бир чөнтөктөн берет, “чагып же” деп. Өкүнүчтүүсү, бул кишинин жолун жолдогон эч ким болбой жатат.

P.S.: Эгилген бактын айланасы ачык болгондуктан мал кирип, жаш көчөттөрдү жеп койгон учурлар болууда. Тосконго каражаты жок. Эгерде кимдир бирөө тикен зымдардан алып берсе, өзүм эле тосуп алат элем деп арман кылат 81 жаштагы багбан. Балким бирөө-жарым соопчулук иш кылам десе жакшы болмок.

Нурмамат ажы Сапарбаев

Башка сүрөттөрдү да көрүңүз:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG