Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Конкурстар же байгеге байланган журналистика


Жаңы жыл алдында Кыргызстанда журналисттер жана массалык маалымат каражаттары үчүн жарыяланган чыгармачылык конкурстардын жыйынтыгы чыгарылат.

Конкурс уюштургандар журналисттердин көңүлүн кыя албай, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, белек-бечкектерин таркатарына дайыма күбө болобуз. Коммунисттик-советтик доордон бери келе жаткан бул салт өзгөрбөй, же башка бир заманбап форматын таба албай, эски баалуулуктар менен дале жашап келет.

Мындан бир айча мурда ведомстволор жыл башында жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарып, бир катар ММКлар менен журналисттер акчалай жана баалуу нерселер менен сыйланышты. Албетте, байге алгандар буга жетине албай кубанды, албай калгандары ичинен ызаланып, "адилетсиз тандоого" нааразы болушту. Ырас, бул боло келген иш, боло келген факт, эч кандай эрөөнү деле жоктой мунун. Деген менен терең карай келсең, иш таптакыр башкачараактай туюлат.

Деги эле эмне үчүн конкурс уюштурушат? Албетте, кайсы бир субъекттер ММКлар менен журналисттердин көңүлүн тигил же бул көйгөйгө, маселеге бургусу келет. Демек, ушундай жол менен тигил же бул маселе тууралуу коомчулукка көбүрөөк маалымат жеткирүүнү максат кылышат. А эгер андай кылышпасачы? Жок, анда ММКлар менен журналисттер ага көңүл бурушпайт, кызыгышпайт. Конкурс уюштуруп, олчойгон байге сайышса, анда кызыгуу, көңүл буруу күчөйт.

Мен бала кезде айылда корообуздагы тоокторго, анан он чакты койго жоопкер элем. Идишке дан салып, аны өйдө-ылдый желписем, абага серпилген дан кайра идишке түшүп, дабыш чыгаар эле. Ал дабышты укканда ар кайсы жакта темселеп жүргөн тооктор буту үзүлгөнчө чуркап, мага жетип келишчү. Койлорду топтогондо да ушул эле ыкма ыңгайлуу эле.

Конкурс жарыялагандар да ушундай ыкманы колдонуп жатышат: ар кайсы жакка басып кеткен ММКларды жана журналисттерди ушундай жол менен көйгөй жараткан темага чакырышууда, ал эми журналисттер буту үзүлгөнчө чуркап, бүткөн эси-дарты - байгени жеңип алуу, бирдемеге ээ болуп калуу.

Ырас, конкурста жарыяланган темалар тууралуу материалдар чагылдырылат, бирок аларды жакшылап талдай келсең, колго илинер мыкты материал таппайсың. Теманы чагылдыруунун жаңы бир өзгөчөлүгү, чеберчилиги, темага карата жаңы мамиле, аракет жок. Баягы эле супсак шаблондор, штамптар, тайыз баяндама менен сүрөттөөлөр, баягы эле чоркок тил, кемтик логика, жарды фантазия. Акчаны оңду-солду чачкан конкурс уюштуруучулар, коомчулук деле мындай материалдардан утуп кеткенине шегим бар. А журналистика мындайда көзү ачык кетти дечи...

Эмнеге материалдар начар? Себеби журналист коомдун, өз кесибинин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп аракет кылган эмес, ал үчүн биринчи орунда жарыяланган байге, ага жетүү максаты гана турган. Мындайда башка баалуулуктар менен чыгармачыл фантазия муунуп калат, чыгармачылык асфиксия жүз берет. Журналисттин шүйкүмү, көз карашы бузулат, индивидуалдык эгоизми күчөйт, кыскасы, катылып келаткан, цивилизациялуу коомдо анча баалана бербеген инстинкттери акыл-эстен ашып түшөт.

Дегеним, журналисттин коомдук кызыкчылыктарга болгон ынтызарлыгы табигый болушу керек. Аны конкурс, конкурста коюлган байге эмес, журналисттин ички этикалык баалуулуктары, анын жеке ар-намысы, интеллекти, дүйнөгө болгон прогрессивдүү, адеп-ахлактуу көз караштары, тандап алган кесибинин коомдук миссиясына берилгендик гана аныкташы ылаазым.

Тарыхыбызда аш-тойлордо төө чечмей оюну боло келгени баарыбызга маалым эмеспи. Аргасыздыкка чыдабаган аял энеден туума жылаңач чыгып, төөнү чечип кеткен. Азыркы алдын ала байге сайылып, жарыяланган конкурстар да негизинде андан айырмасы аз. Демек, ар кандай министрлик, ведомстволор уюштурган сынактар - цивилизациялуу коомдун "төө чечмей оюндары" болуп калабы?

Андай экен конкурстарды уюштурбай эле коюш керекпи? Менимче, уюштура берүү керек, мыктыларды аныктоо, жакшы эмгекти баалоо сөзсүз түрдө атаандаштыкты, акыйкаттуулукту камсыз кылат, өсүүгө жол ачат. Бир гана мында конкурстарды уюштуруунун форматын өзгөртүү керек. Кантип?

Субъекттер алдын ала жарыялабай туруп эле жыл ичинде жарыяланган материалдарды карап чыгып, эң мыктыларын тандап, аларды жакшылап сыйлап коюшу зарыл. Болду, башка нерсенин кереги жок. Ошондо керектүү темага, көйгөйгө чындап назарын салган, байге жеңип алуу кызыкчылыгынан эмес, коомдук кызыкчылыктар башатынан аракет кылган журналисттер гана сыйланмак. Бул барып турган адилеттик болмок. Журналисттердин тазалыгын камсыздамак. Кесипкөйлүктүн өсүүсүнө көмөк бермек.

Бирок ММКлар, журналисттер темага көңүл бурбасачы? – деген суроо туулат. Албетте, көңүл буруулары тийиш, бирок аны арттыруунун конкурс жарыялоодон башка да толгон-токой инструменттери бар. Эми ал басма сөз кызматтарынын иши деңизчи, пресс-рилейшнз, медиа-рилейшнз, паблик-рилейшнз багыттарында өтө ийкемдүү, таасирдүү инструменттер толтура. Ортого төөнү байлап коюп тим болбостон, түрүнүп иштеш керек.

Кесиптешим Азамат Тынаев кайсы бир күнү Фейсбуктагы комменттеринде журналистиканын "жаназасы" жакындап баратканын өкүнүч билдирүү менен жазыптыр. Ырас, жакындап гана калбай, жаназаны кап ортосуна чейин окуп деле койдук сыяктанат. Буга “энеден туума” болуп, бири-бирин түрткүлөп, адеп-ахлакты, кесиптин коомдук миссиясын, дегеле коомдук кызыкчылыкты тебелеп-тепсеп, төөнү чечип алуу үчүн буту үзүлгөнчө чуркап бараткан кесиптештерим күнөөлүү.

Жалил САПАРОВ, эркин журналист

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG