Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Акча ролду ойнойт дешет, ошол чынбы?


Бишкектеги ЖОЖдордун бирине тапшырып жаткан абитуриент. 2013-жыл

Бишкектеги ЖОЖдордун бирине тапшырып жаткан абитуриент. 2013-жыл

Мен Сатарова Аймончок 1997-жылы 26-майда Бишкек шаарында төрөлгөм. Быйыл 2015-жылы Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын 11-классын кызыл аттестат менен ийгиликтүү бүтүрүп жатам. "Азаттык" радиосунун жарыя кылган, кесип тандоо боюнча сынагына өз ой толгоомду жазууну көпкө ойлондум. "Азаттык" радиосунун кечки 6:00до, дем алыш күндөрү саат 8деги берүүсүн дайыма угам, чындыкты айтканы мага абдан жагат.

Жети жашыма чейин айылда таята-таенемдин колунда өсүп, тарбияландым. Андан кийин өзүмдүн апамдын колуна келип, Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясында окудум. Мектебимден тарбияландым. Окуган, билим алган алтын уям, мектебимде окуткан агай-эжейлериме абдан ыраазымын. Рахмат айтам!

Таятам менен таенемди апа-ата дейм, аларды абдан жакшы көрөм. Бирок алар мен догдурдун окуусуна тапшырам десем, "кыйналасың го" деп каршы болушту. Мен өз оюмдан кайткан жокмун. Келечекте нейрохирург болгум келет. Анткени атам эки жолу оор операция болуп башындагы шишикти алдырган. Баарыбыз ыйлап, кайгырганбыз. Азыр жакшы болуп кетти. Мен 2-операциясында болгону беш жарым жашта болчумун. Ошол убакта эле врач болгум келчү, ошол оюмдан азыр да кайткан жокмун. Алтыным апам, мени эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Жакшы окушума жанын үрөп, шарт түзүп берди. Келечекте кыргыз элин, ата-энемди, мамамды дарыласам деген максат, тилегим бар. «Жаштын тилегин берет» дешет. Тилеген тилегиме, койгон максаттарыма жетем деп ишенем. Азыр атам, апам шаарда, баарыбыз ЖРТнун жыйынтыгын күтүп жатабыз, жакшы болсо экен деп баары бушайман. Мен ичимден кудайым буюрса окууга өтөм деген ойдомун. Ата-энем аягында акча ролду ойноп кетет дешет, ошол чынбы?

"Азаттык" радиосунун жамааты сиздерге ийгилик, ден соолук каалап, шаардагы №64 мектеп - гимназиясынын бүтүрүүчүсү Аймончок Сатарова .

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG