Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48
Көчөбүздө ар кандай мамлекеттер – үй-бүлөлөр жашайт. Бири-бирине окшошпогон, конституциялык түзүлүшү да ар башка. Аларды атынан аташ адепке жатпагандыктан, шарттуу түрдө жума күндөрүнө уйкаш атасам туура түшүнөсүздөр.

Оболу коңшум Дүйшөмбүнү алалы. Бул кудум эле жабык мамлекет сыңары. Короосу тамынын чатыры менен теңдеш, дарбазасында ийне көзүндөй да жылчык жок, мамлекеттин ичинде эмне болуп, эмне коюп жатканын бир өздөрү, бир кудай гана билет. Конституциялык түзүлүшү кандай экенин да билип болбойт. Дарбазасы бир маалда ачылат да, баары – эри-аялы жана балдары менен үндөбөстөн машинеге отуруп чыгып кетишет, көчөдө котолоп турган бизге – башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө акырын гана баш ийкеп өтүшөт. Так айтканда эркеги баш ийкейт, аялы алды жакты мелтиреп тиктеген бойдон жөнөп кетет.

Биздин көчөдө мурда чекист болуп иштеген пенсионер бар, башкабыздын короо-жайыбызда эмне кыймылдар болуп атканын кайдан-жайдан билип алат. Чекист-чалдын элде жок бөтөнчө турнабайы бар дешет, аны менен үйүнүн үчүнчү кабатынан коңшу мамлекеттердеги окуяларга көз чаптырып турат имиш. Бирок ал киши ушунча болуп Дүйшөмбүнүн ички турмушун чага албай койду. Дүйшөмбү көчөдөгү мамлекеттер аралык иш-чараларга дээрлик катышпайт, мисалы, Нооруз саммитине акчалай кошумчасын берет, бирок бир да өкүлүн жибербейт. Бул мамлекетте кимиси өкүмдар, кимиси чечимдерди алат – табышмак. Көз карашына караганда аялы акыркы саясый чечим алса керек деп күпүрлөп калабыз.

Шейшемби мамлекетин диктатордук башкаруу деп коркпой айтсак болот. Бул мамлекетте үйдүн эркегинин сөзү гана закон, аялынын да, балдарынын да каш кайрууга укугу жок, ата-диктатордун кареги менен тең айланып турушат. Диктатордун ачуусу келбесин, ачуусу шакардай кайнаса же ашепке ичип алганда букаралары кирерге ийин таба албай калышат. Балдары кичик кезде камчы менен жон талаштыра тартып эс алчу эле, азыр эки уулу атасынан да куркуюп узарып кетип, эми аларды мылтык менен тартипке салат.

Бир мерте мылтык атылып, эмне балакет болуп кетти, үчүнчү дүйнөлүк уруш башталган жокпу деп коңшу мамлекеттер топурап жетип барбайбызбы, артыбыздан милийсасы да келгени. Шейшембинин башчысынын көзүнөн каар чачырайт, букаралары өң-алеттен кетип ар бурчта корголойт. Диктатор мамлекетинин саламаттыгына коркунуч туудурган кутурган иттерди аттым деп кутулуп кетти. Айрым тактала элек маалыматтар боюнча, Шейшембинин букаралары ичинде нааразылык күчөп, улуу букара-баласы АКШга качып кетиптир.

Шаршемби мамлекетинде бир беткей президенттик башкаруу орногон, бул кызматты өзүн-өзү дайындоо жолу менен аял киши ээлеп келатат жана эч кандай альтернатива болчу түрү жок. Кыязы, президент аял ичер суусу түгөнгүчө өкүмүн жүргүзчүдөй. Баса, президент бир эле мезгилде премьерлик милдетти ала жүрөт. Коңшу мамлекеттерге согуш жарыялоо же элдешүү, букара-күйөөсүнө жана балдарына кийим сатып берүү, кандай тамак ичүү, туалеттин ичине кандай таш чаптоо, кыскасы, кыбыр эткен кыймылдын баары президент-премьер-аял чечет.

Дал ушул кишинин амири менен гана күйөөсү көчөгө чыгып, эркектанага кошулуп, пиво иче алат же саясый талкууларга катышып оюн айта алат. Убактысынан ашып баратканда мамлекеттин кичкентай букарасы чуркап келип “апам (президент) чакырыбатат” дегенде ал жоргологон бойдон жолго түшөт.

Бейшемби мамлекетине келсек, аны парламенттик башкаруу баскан. Акыркы чечимди ала алышпай дайыма ит жыгылыш болуп жүргөнүн көрөсүң, жок, угасың. Президент-күйөөсү жалгыз чечим алалбайт, анткени спикер аялы жана бала-депутаттары чурулдап, президенттин айласын кетиришет. Кээде мамлекеттик маселелерди талкуу түн оокумга, алтурсун таңга чейин уланат. Ар кими өз аргументи үчүн өлүп бергенге чейин барып, сөзү жетпей калганда муштум менен далилдегенге өтүшөт. Айрыкча президент менен спикердин айтышы мазмундуу жана уккулуктуу келип, таң аткыча тыңдагандан эрикпейсиң. Кызык мамлекет.

Жума мамлекети – бул Латын Америкасындай. Абыдан шайыр, бейкапар жашаган ушу мамлекетти көрдүк. Асман түшүп келатабы, ядролук согуш болгону жатабы – иштери жок. Башкаруу системасы кандай, кимиси чечим алат – айталбайсың. Чек арасы деле жарым-жартылай ачык, кааласаңыз визасыз эле кирип барасыз. Бул мамлекеттен чет жерден делегация үзүлбөйт, дайыма карасаң ар кандай машийнелер жана адамдар. Бул мамлекет тапкан-ташыганын жыйнабайт, букараларын да жайына таштап койгон. Бирок эмнегедир баскынчы мамлекеттердин Жумага тийишпей жайына койгону таң калычтуу.

Ишемби - көчөдөгү эң жарды мамлекет. Чек арасы тосулган эмес, ити деле, кушу деле, адашып келип калган дейдиси деле кирип-чыгып, конуп-түнөп жүрө берет. Бул мамлекеттин бала жана аял-букаралары негизинен мигранттар, алыс-жакын мамлекеттерге барып жалданып иштешет. Мисалы, жакында Жума мамлекети аш-тойдон колу бошобогондуктан, огородун – айыл чарбасын дал Ишемби коңшусунун букаралары бүткөрдү. Ишембинин букараларын Шейшемби жана Шаршемби мамлекеттери да көп жалдашат, анткени ишембиликтер арзан күч.

Жекшемби мамлекетинен башка коңшу мамлекеттер коркобуз жана жек көрөбүз. Бул мамлекет зордукчул, бир эле мисал: мамлекеттер арасынан өткөн жолдорду – көчөдөгүлөргө бирдей таандык бейтарап аймактарды четинен кертип ээлеп алган, ага мэриянын – Улуттар уюмунун да алы келбейт. Бул тегерекке илгери ата-бабам ээлик кылган деп, айрыкча алы чак коңшуларына күн көрсөтпөйт. Короосунда эң коркунучтуу заманбап курал - күрсүйгөн эки дөбөт кармайт, алар болсо таң аткыча үрүп уктатпай чыгат. Муну баарыбызга каршы психологиялык согуш деп койсок да болот. Жекшембинин кичине-чоң дебей букаралары жалаң өктөм сүйлөшөт, ал аз келгенсип дос-шерик мамлекеттеринен дайыма бука моюн аскерлер тынбай келип-кетип сесибизди алып турат.

Албетте, көчөдөгү мамлекеттер арасында абал бир кылка эмес, куралдуу кагылыш чыга элек (чыкпай эле койсун). Тек гана мамлекет аралык чарбалык иштерде пикир келишпестиктер боло жүрөт. Азыркы маалымат доорунда ич ара тымызын маалымат согушу жүрүүдө. Ар бир мамлекет башка коңшусунун быкыйын чукуган маалыматтарды же атайын ушактарды таратышат, бири-бирин жамандашат. Маалымат каражаттарына негизинен кыз-келиндер ээлик кылышат, алар коңшу мамлекеттердин эркек лидерлеринин былыгын ашкерелейт, кылыгын башка коңшу мамлекеттерге жаят. Өгүнү Бейшемби мамлекетинин президентинин алыскы мамлекетке визит менен барып, жөн кайтпай түнөп келгенин интернет аркылуу жайып ийишти. Диктатордук Шейшемби мамлекетиндеги үрөй учурган кабарларды, Жума мамлекетине кимдер келип, кандай акыбалда кайтып кеткенин да коңшу мамлекеттердин маалымат майданынан алып турабыз.

Биздин континенттеги мамлекеттердин саясый, чарбалык жана маданий жактан башын кошкон ар кандай түзүмдөр жана форумдар бар, алар – Нооруз, Айт саммиттери, андан сырткары аш жана той форумдарында кездешебиз.

Кошумчаларды бере албагандыктан, Ишемби мамлекетин арабыздан чыгарып таштадык. 20 жыл мурда бул көчөдөгү мамлекеттер жаңыдан куралып жатканда жакшы эле – баарынын чамасы бирдей болучу, эмнегедир баарыбыз ачык, жайдары жана жупуну элек. Бара-бара ар бир мамлекет өз конституциялык түзүлүшүн, башкаруу системасын, дегеле жашоо ыңгайын тандап, бийик дубалдар менен чек араны бөлүп алышты. Улам өзүбүздү коруган сайын бири-бирибизден коркуп жана арам саначу болдук. Дагы 20 жылдан кийин бул көчөдөгү мамлекеттердин абалы кандай болоор экен?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG