Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Ар бир мектеп окуучусу сыяктуу эле мен да кичинекей кезимен эле келечекте ким болом деп ойлой берчүмүн. Кыялымда жаш балдардын сүйүктүү мугалими, кээде эл урматтаган дарыгер, кээде Саламат эжедей атактуу ырчы же Жамал Сейдакматовадай актриса, же Рахат Ачыловадай окумуштуу-депутат болсом деп эңсечүмүн.

Бирок эс тарткан кезде ал кыялдардан баш тартууга туура келди. Анткени кесип тандоо боюнча класс жетекчибиздин, мектеп мугалимдеринин үзгүлтүктүз жүргүзгөн тарбиялык сабактары, алардын айткан акыл-насааттары, түрдүү кесиптин ээлери менен болгон жолугушуулар мага өзгөчө таасир этти.

Жыл сайын биздин мектепти бүтүргөн, ар түрдүү окуу жайларда окуп жаткан студенттер бир айлык кышкы каникулга келишет. Ошондо мектеп жетекчилиги жогорку класстардын окуучулары менен студенттердин, ар кыл кесип ээлеринин салтка айланган жолугушуу кечесин уюштурат. Анда окуучулар өздөрү кызыккан суроолорго, ар кыл турмуштук маселелерге, айрыкча кесип тандоого байланышкан суроолорго жооп алат.

Ошондой жолугушуулардын биринде ОшМУнун студенти Гүлбарчын эже: - Эгерде мен кайрадан мектеп окуучусу болуп 9-классты бүтүрүп жатканымда, анда окуумду атайын кесиптик окуу жайынан улантып, бар күчүмдү чеберчиликти, кыргыздын узчулук өнөрүн үйрөнүүгө жумшамакмын! - деп айтты.

Быйыл эле эсте каларлык эки жолугушуу болуп өттү. Апрель айында, Айгүл гүлдөгөндө, ОшМУнун үч окутуучусу: педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев жана анын шакирттери Миталип, Нурмамат агайлар келип кетишти. Алар бизди ОшМУдан билим алууга үндөп, кесипти туура тандоо аркылуу эл-жерге кызмат кылууга боло турганын айтып шыктандырды. Бул жолугушуудан соң, мен касиеттүү Ош шаарындагы ошол окуу жайынан билим алууга бел байладым.

Ал эми май айында дүйнөнү дүңгүрөткөн кадимки Ташчайнар өзүнүн тобу менен келип, тоо коюнундагы биздин мектеп окуучуларына өнөр тартуулашты.

"Араңарда спортко кызыккан өнөрлүү балдар болсо, мен жардам берем", - деп айтты Ташчайнар балбан. Ал аялы жана кичинекей уулу Амирдин коштоосунда Аширали абанын майып уулуна берген ири суммадагы кайрымдуулук жардамы, жагымдуу сөзү бизди таң калтырды. Баарыбыз көзгө жаш алып, узакка кол чаптык. Анын Украинанын желеги астында үч жылдык келишим менен 500 000 доллар акчага иштөөгө көнбөгөнү жана "кыргыз байыркы, тарыхый эл, анын келечеги кең, бирок бизге ынтымак жетишпейт" деп айткан сөзү мени аябай таасирлентти.

Биз жашап жаткан турмушта кесиптердин жүздөгөн ар кыл түрү арбын. Ошолордун ар бири ардактуу экени талашсыз. Менимче, кесиптин жаман-жакшысы жок. Эң башкысы - кесипти туура тандоо зарыл. Инсандын бактысы - жөндөмүнө, шыгына, мүмкүнчүлүгүнө, каалоосуна жараша өзү сүйгөн кесипти жаңылбай тандай билүүсүндө жана ал кесипке байланыштуу билим алып, тажрыйба топтоп, кумурскадай чыдамкайлык менен эмгектенүүсүндө.

Менин жеке байкоомдо, жыл өткөн сайын билимдүү, ишкер, тажрыйбалуу жана күч-кубаттуу кесипкөй жаштарыбыздын көпчүлүгү жумуш издеп, Кыргызстандан чет жактарга көбүрөөк кетип жатышкансыйт. Ушундан улам ыйык Мекенибиз барган сайын жер иштеткен дыйканга, бак өстүргөн багбанга, мал баккан малчыга, үй куруучуга, татыктуу билими бар мугалимге, ден соолук сакчысы болгон колу жеңил дарыгерге, эл-жерге күйгөн азаматка муктаж болуп баратабы деп ойлочу болдум. Менимче, ар бир инсан өзү сүйгөн кесиптин ээси болуу менен «балык жегенди эле эмес, балык кармоону» жакшы билсе, анда ал үй-бүлөсүнө да, эл-жерге жана коомго да пайда келтирет.

Жылдар өтүп, улам жашым чоңоюп,

Бул турмуштун татаалдыгын байкадым,

Атам жана апам менен кеңешип,

Мугалимдик кесипти мен тандадым!

Буга биринчи себеп; менин апамдын, анын атасы - таятамдын жана анын үй-бүлөсүнүн мугалимдик кесипти аркалап, аздектеп жашап келаткандыгы, алардын «агай, эжей» деген атка татыктуу болуусу.

Экинчи себеп; бардык кесип ээлери мугалимдин колунан билим жана тарбия алып, келечек турмушка кадам таштайт.

Ооба, азыркы учурда бизде мугалимдерге көрүлгөн камкордук мезгил талабына төп келбейт. Айлык акыларынын аздыгынан, турмуштук көйгөйлөрдөн улам бул кесипке болгон ызаат-урмат жана кызыгуу начарлап бараткансыйт. Бирок убагы келгенде, келечекте өнүккөн мамлекеттердегидей бизде да мугалимдерге өзгөчө шарттар түзүлүп, аларга болгон мамиле өзгөрөрүнө ишенем.

Жакында мен газетадан «Кесибим-ырыс кешигим» деген темадагы макаланы окуп, бир адистин менеджер, пиар-технолог, маркетолог жана журналист катары кыргыз журтчулугуна таанымал экендигин билдим. Ошентип, буюрса, мен да келечекте мугалимдик кесипке ээ болуп, бир нече чет тилин өздөштүргөн ишкер, журналист болууну самайм.

Нурила кызы Савлатбек, Баткен районундагы «Газ» орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG