Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Мамлекеттик тартип керек


Тоолук.
Тоолук.

Бул дилбаянды "Азаттык" радиосунан угуп сынакка кошулууну туура таптым. Анткени ар бир бала Малайзияга барып жер таанып, эл таанып келүүнү каалайт.

Мен деле кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам, биздин бийик-бийик тоолорубуз, бийик-бийик аска-зоолорубуз, кооз карагайлуу жайлоолорубуз, токойлорубуз, таштан-ташка урунган сууларыбыз бар, абасы керемет.

Кыргызстаныбызда 6 миллион эл жашайт. Анын ичинде 80 ге жакын башка улуттар бар. Элибиздин пейили кенен, меймандос.
Кыргыз жерибиздин мындан да мыкты болушуна жетиш үчүн кандай аракеттер жасалышы керек?

Бекем тартипти орнотуу, маданият жана туризимди өнүктүрүү, элибиздин жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатуу, мал, кой чарбасын өнүктүрүү, жаш муундарга сапаттуу билим берүү. Ал үчүн заманбап бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайларды куруу, окуучуларды керектүү окуу куралдар менен камсыз кылуу.

Жерибиздин кооз жаратылышы, Мекенибиздин ажары - Арстанбап, Ысык- Көл, Сары-Челек, Сулайман-Тоо, Падыша-Ата жана башка керемет жерлер.

Кыргыз жерибиздин гүлдөп өсүшү үчүн турмушту өзгөртүү, үй-бүлөдө бакубаттуулукту орнотуу, балдардын, жаштардын бактылуу келечегин түзүү. Мекенибизге азыртадан салым кошуу менен Кыргызстандын жарандарынын мыкты жашоосу үчүн жакшы аракеттер тандалыш керек.

Кыргызстанда мамлекеттик тартипти камсыз кылууга тийиш болгон мыйзамдардын өзгөчө артыкчылыгы менен бүтүндөй алганда ар биринин конституциялык укуктары сакталыш керек.

Элибиздин турмушу жогорку деңгээлге жетиши үчүн экономикага көңүл буруу зарыл. Ар бир үй-бүлөнүн турак-жайы болушу керек. Бардык балдар жакшы окуп билим алса Кыргызстаныбыз оңолот.

Ысык-Көлгө эс алуучу жайлар көп курулуп, көлүбүздүн айлана-тегерегине гүлдөрдү, бак-дарактарды отургузуп койсок туристтерибиз көп келип мамлекетибиз бай болмок. Бизде Сары-Челек деген көлүбүз бар. Ал жерге да эс алуучу жайларды куруп койсо шаарыбыздын тургундары, чет элдик конокторубуз да эс алышмак.

Кыргызстаныбызда шаарларда эле эмес, райондорубузда, айыл жерлеринде да окуучулар учун спорт залдар курулуп балдар дене тарбияга катышып турса жакшы болмок. Ошондо жаштарыбыз өлкөбүздү дүйнөгө таанытып, мамлекетибизди алдыга жылдырмак.

Депутаттарыбыз жумушу жок жаштарыбызга завод-фабрикаларды куруп берсе, бизди окутуп билим берип тарбиялаган мугалимдерибиздин айлык акысын көтөрүп берсе жана башка мекемелердин айлык акысын көбөйтсө биздин ата- энелерибиз, ага-эжелерибиз башка чет өлкөгө кете бербей Кыргызстаныбызда иштеп калмак. Мен ушуну каалайт элем. Кыргызстаныбызда патриот адамдар көп болушун каалайм. Мен да келечекте патриот жигит болуп Кыргызстаныбызга салымымды кошууга даярмын.

Башка мамлекеттин элчилери да Малайзиянын элчилигине окшоп ушундай сынактарды жарыяласа биздин билим деңгээлибиз жогорулап, кызыгуубуз артмак. Мен Малайзиянын элчилигине ыраазычылыгым менен дилбаянымды жыйынтыктаймын.

Ильиясов Нурислам, Жалал-Абад шаарындагы №14 инновациялык мектеп лицейинин 6-классынын окуучусу

XS
SM
MD
LG