Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

"Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо"


Жазда башка... жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас, мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт.

Залкар акыныбыз А.Осмоновдун бул ыр саптары ар бир кыргыз баласынын сезимин ойготот эмеспи.

Ата-Журтум - Өзгөрүш айылы, Мекеним - Кыргызстан. Мен ушул жерде жаралганыма абдан сыймыктанам. Кыргыз элибизден не деген укмуш баатырлар, улуу жазуучулар, сүрөтчүлөр, илимпоздор, чыгаан инсандар чыккан. Акылман аталарыбыздын эмгеги менен биз эгемен мамлекет болдук. Мамлекеттик тилибиз, улуттук символикаларыбыз (гимн,туу,герб) бар. Келечек ээлери болгон бизге бул чоң сыймык эмеспи.

Гүлдүү, күчтүү теңдеши жок Мекеним!..

Канатыңа калкаладың неченин,

О, Мекеним - энем багым кубатым!

Керек десең, мен садага кетемин!

А.Токомбаевдин мындай ырларын окуп отуруп Мекенди сүйбөй коюуга мүмкүн да эмес!

Ар бир кыргыз баласы мекенчил, патриот болууга тийиш. Ааламды багындырган Ч. Айтматовдун: "Акылман чыгаан, акылы тунук, баатыр инсандар тоо түбүндө жашаган айыл жергесиндеги адамдардан чыгат,"- дегени мага абдан таасир берди. Демек, биз тоолукпуз, билимдүүлөр шаардыктардан гана чыгат дебестен, окуп билим алып, агай-эжейлердин таалим-тарбиясын угуп келечекте чыгаан инсандардан болууга умтулуу керек дедим.

Илим кушу өзү конбойт колуңа,

Түшүп бербейт, жатып алсаң торуңа.

Эмгек керек, окуш керек талыкпай,

Мына ошондо гүл төшөлөт жолуңа.

Кыргыз элинин патриоту болуп, эли-жерин сүйүп, элине ак кызмат кылууга эмне жетсин. "Атанын уулу болуу - урмат, элдин уулу болуу -бардыгынан кымбат",- дешет эмеспи улуулар. Эзелтеден бери эле ата-бабаларыбыз эли-жерине жанын таштап, баштарын канжыгага сайып коюшкан. Ата-Журттун ар-намысын баарынан бийик тутушкан. "Жоого намыс бергиче, ата ажалым жетсе өлөйүн, Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин,"- деп "Манас" эпосунда айтылгандай, ар бир адам мекенинин патриоту болсо гана, мамлекет кубаттуу болот.

Жаңы гана бутуна туруп келечекке үмүттүү карап турган жаш мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, эрезеге жеткирүү ар бирибиздин ыйык парзыбыз. Манас атабыздан калган жети осуятты бийик кармансак, келечегибиз кең болот деп ойлойм.

Айкөлүнөн айрылган Каныкей энебиз: "Өксүгөн өксүп тим болор, өтүп кеттиң дүйнөдөн, Сенин өрнөгүңдүн ээси ким болор,"- деп ыйлаган экен. Биз, азыркынын урпактары, Манастын артында калган өрнөгүн улантуучуларбыз, анын ээсибиз. Манас атабыздын ыйык арбагы колдоп, элибизден ынтымак, жерибизден тынчтык кетпесе, деп тилейм. Талыбаган эмгегибиз менен жергебизди кулпунтууга аракеттенели демекчимин.

Дайралар толкуп ташпайт сел болбосо,

Аргымак ат арыбайт бел болбосо.

Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо

Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо,-деп ак тандай акын Барпы апыз айткандай бар бол элим, аман бол, Ата-Журтум!

Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм, салымымды кошом деп тилек кылам.

Кайсарбаев Даниэл

XS
SM
MD
LG