Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:43
Төмөндөгү диаграмма азыркы Кыргыз Улусундагы (автордун: КЫРГЫЗ деген сөзгө "СТАН" деген мүчөнү улабай, авторго шилтеме кылуу менен ушул турушунда бере аласыздарбы? деген автордун өтүнүчү эске алынды – “Азаттык”) партиялардын ээлеген позицияларын чагылдыруу максатында түзүлдү.

Аны түзүп жатканда катардагы окурман негизги кардар экенин эске алып, колдон келишинче жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө далалат кылдым, эч кандай академикалык чындыкка жетүүнү максат койгон эмесмин. Ошондуктан академикалык өңүттөн караган киши бул диаграмманы академикалык дискуссиялар айдыңы деп түшүнбөйт го деп ишенгим келет.

Диаграмманы басыңыз.

Диаграмманы басыңыз.

Эми диаграмманын өзүнө түшүндүрмө берейин. (Диаграмманы бир жолу бассаңыз чоңоюп чыгат) Кыргыздагы азыркы партиялардын ээлеген ордуларын аныктаган 3 фактор каралды: 1) Лидерлери менен активдүү мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму (мисалы, визиттери, билдирүүлөрү, интервьюларынын мазмуну, кайсы бир маселеге мамиле-позициялары); 2) Колдоочу шайлоочуларынын аймактык өзгөчөлүктөрү (мисалы, акыркы парламенттик шайлоодо кайсы аймактан көп добуш алганы же ала албаганы); 3) Программа-манифесттеринин маңызы жана шайлоо алдындагы платформалары.

Бул 3 факторду аныктоодо негизинен Кыргыз Улусундагы ЖОЖдордо кызмат кылган жана бейтарап болгон он эки эксперт (саясий баяндоочулар, сынчылар, аналитиктер), ар бир партиядан эки-үчтөн карапайым мүчөлөрүнүн жана он чакты журналисттер катышкан сурамжылоонун жыйынтыктары эске алынды. Албетте бул 3 фактор менен эле чындыкты толук чагылдыруу кыйын экенин танбайм, анын үстүнө кээ бир партиялардын ичинде парадоксалдуу учурлар да тез-тез кездешти.

Мисалы, идеологиялык жактан бири-бирине карама-каршы келген партиянын лидерлери кээде бир партиянын мүчөсү катары парламентте отурган учурлары бар, же болбосо өздөрүн "либералбыз" деп элге айтканы менен кылыгы боюнча социалисттер арасында "өз ичинде бөтөн, бөтөндөр ичинде өз" болуп отургандар да жок эмес. Ошентсе дагы болжолдуу партиялардын саясий ландшафттагы абалын чагылдырууга бул карама-каршылыктар тоскоол боло албасына ишенип, Сарторинин партия системасынан эргүү алып, алгачкы диаграмманы түзүп көрдүм.

Сарторинин аныктамасы боюнча "релеванттык" мааниге ээ болгон (парламент ичинде өкмөттүк коалицияны түзүүгө же бузуп жиберүүгө кудурет-күчү жеткен) ЖКдагы 5 партияны тең кошуп, андан сырткары парламенттик шайлоодо көбүрөөк добушка ээ болгон 2-3 партия менен саясий аренада жаңыдан пайда болгон Кыргыз Либерал Демократиялык Партиясы (КЛДП) да кошо чагылдырылды.

Мында бир нерсени окурмандын эске алуусун өтүнмөкмүн. Мисалы, бардык партиялар тең эле "биз эл мененбиз", "биз элдин гана таламын жактайбыз", "биз бул диаграммага кошулбаган, таптакыр өзгөчө ЭЛДИН партиясыбыз" деп айтышы мүмкүн. Чынында "биз элдин партиясы эмеспиз, биз жалаң гана эгоисттерден турган популисттерденбиз" деген бир дагы партиянын жок экенин эске алып, диаграмма көрсөтүлгөн партиялардын баары тең эле чындап эле ЭЛ менен бирге экенин эске алып, эч кандай аны танбастан, талашпастан, мейли ошондой эле болсун деп эсептеп, андан кийин гана иликтөөнүн жыйынтыгы менен аныкталган позициясы ушундай окшойт деп түзүлгөн нерсе катары кабыл аласыздар деп ишенем.

Кыргыз улусунда «Батыш» десе эле көбүнчө Американы гана түшүнгөн кишилер аз эмес, ушул стереотипти "сындырып", Батышка Германия, Италия, Франция, Иңгланд (Автор Англияны атап жатат – «Азаттык») сыяктуу өлкөлөр дагы жана географиялык жактан гана Азияда жайгашканы болбосо, саясий-экономикалык модели бирдей болгон Жапония, Түштүк Кореяны да кошо эсептедим. Орус модели деп, жок эле дегенде акыркы 12 жыл ичинде бир президенттин кол астындагы саясий жана экономикалык өнүгүү моделин айтсак болот. Ал өнүгүүнүн мүнөзү деп:

1) Жеке гана лидердин сапатына жараша өнүгүү;
2) Авторитардык башкаруу;
3) Чийки заттарды гана экспорттоого негизделген экономика;
4) Табигый энергоресурстарды гана сатканга негизделген экономика;
5) Курал-жаракты экспорттоого негизделген экономика. Кыскача ушундай.

Диаграмманын оң жагында улутчулдуктун эки түрү турат. Этно-улутчулдар деп кыргыз этносун гана Кыргыз деп ойлогон позицияны жактоочулар жана Батыштагыдай, паспорту кыргыз болгон болсо болду, калктын баарын тең бирге "атуулдук Кыргыз улуту" деп ойлогон позицияны колдогондорду чагылдырат. Ал эми диаграмманын сол жагын интернационалисттик жана социалисттик маанайды/идеологияны көздөгөн партиялардын аймагына бөлүндү.

Сейтек Качкынбаев, Токио

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG